NGO’s уюмдары тыңчылыктын уялары болуп, агенттерди даярдоо жана коомду бузган уу сакафатты таратуу менен алектенишет

1437
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

NGO’s уюмдары тыңчылыктын уялары болуп, агенттерди даярдоо жана коомду бузган уу сакафатты таратуу менен алектенишет

 Доктор Ибрахим Тамимий

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

«Фалестиндеги жарандык коом уюмдарынын 80%ы Моссад жана дүйнөлүк разведка үчүн уя эсептелип, Фалестин коомун бузуп, ойрон кылууга багытталган. Бул уюмдар менен (изрилдик) расмийлер ар дайым байланышта жана аларды ал жердеги айрым расмийлер түздөн-түз жана дүйнөлүк разведка кызматтары кыйыр түрдө башкарып турушат.

Бул жарандык коомдордун ролу коомду бекемдөөгө эмес, анын ыдырашына салым кошуу үчүн ар түрдүү ички проблемаларды издеп табууга жана козгоого каратылган. Бул уюмдар Фалестин жараны жөнүндө маалымат топтошуп, аларды душмандын разведкасына тапшырышат. Өз кезегинде, душмандын разведкасы бул маалыматтар аркылуу Фалестин калкынын күчү кайда, алсыз жерлери кайда экенин үйрөнүү, алардын иш-аракеттерин көзөмөлдөө планын иштеп чыгууда баскынчы яхудийлерге жардам берет».

Бул сөздөр мамлекеттик кызматкерлердин профсоюзунун жетекчиси Бассам Заккарнага таандык, ал 2012-жылы 1-июлда «Маан» агенттигинде жарыяланган билдирүүсүндө жарандык коом уюмдардын 80 %ына түшүндүрмө берген.

Бул туура түшүндүрмө. Мен бул түшүндүрмөнү тыңчылык жана сакафат куралы болгон «NGOs» коомдук уюму жөнүндөгү ушул макаламда ачыктоону туура көрдүм. Ооба, «NGOs»тун аракети эки нерсеге чектелген: саясий жана сакафий. Саясий жактан ири мамлекеттер режимди саясий жактан көзөмөлдөшүн камсыздоо. Сакафий жактан болсо, Батыштын динди жашоодон бөлүү жана түрдүү аталыштагы эркиндиктерге негизделген сакафатын жаюу көздөлгөн. О.э. Батыштын эч кандай динди, идеологияны, системаны жана умматты тааныбаган, батышча конституция жана көз караштарга негизделген сакафатка курулган башаруу системасынын формасын жана механизмин жаюу максат кылынган. Бул макалабызда ушул уюмдардын мусулман өлкөлөрүндөгү исламий хазаратты бутага алган карамүртөз сакафий багытына көңүл бурабыз. Жазуучу Сэмюэль Хантингтон «Хазараттар кагылышуусу… дүйнө тартибин кайра түзүү» деген китетинде Фернан Броделдин мындай дегенин жазат: «Ар кандай адам заманбап дүйнөгө канчалык кызыкса жана анда иштөөнү канчалык кааласа, демек, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү хазараттарды биз белгилешибиз керек болот. Муну менен бул хазараттардын чегин, борборлорун, айланасын, ага байланыштуу жалпы жана жеке формулаларын аныктап алалы… Антпесе, акыбет үрөй учурган адашууга алып келиши анык». Демек, бул идеолог жана саясатчылар Батыштын илманий хазараты жана капиталисттик системасы менен кагылыша турган кандайдыр бир хазараттын болушу эмнени түшүндүрүшүн билип жатышат. Демек, кандайдыр бир хазарат эмес, вахийге байланган жана он үч кылымга жакын дүйнөдө өкүм сүргөн хазарат болсо о.э. акыйдасы дүйнөнүн төрттөн биринен ашык калкы иътикад кылган Уммат акыйдасы болуп, бул калк ири байлыктарга, маанилүү стратегиялык орунга ээ өлкөлөрдө жашаса, кандай абалга түшүүлөрү мүмкүн?! Буга кошумча, бул өлкөлөрдө Ислам системасын колдонуу жана Ислам хазаратын бүткүл дүйнөгө алып чыгуу үчүн кайра мамлекет тикелөөнү максат кылган тирүү саясий кыймыл жана уюмдар бар болсо?!

Батыш хазараты адамзатка рухий боштук, ахлакый кыйроо, үй-бүлөлүк бузулуулар, калктын азайышы, жакырчылык, ачарчылык, байлыктарды монополия жана талап-тоноо, элдерге зулумдан башка нерсе алып келбеген учурда, Ислам хазараты Батыш хазараты менен кагылышууда, ал Батыш хазаратына карама-каршы альтернативаны көөдөлөнтүп, адамзатты бул куфр хазаратынан куткарууну өзүнүн күн тартибине койгон… Ушул себептен улам, мындай хазарат болушунун коркунучу жана мааниси эмнени түшүндүрүшүн фикирий жана саясий жактан түшүнгөн Батыш, табигый түрдө, анын хазаратын түрдүү ураан жана аталыштар астында жаюу үстүндө иштеген сакафий куралдарды, айрыкча, ушул уюм жана коомдорду түзүүдө. Бул уюм жана коомдор Советтер Союзунда Батыштын сакафат күчтөрүн жаратууда чоң ийгиликке жетишти жана бул күчтөр Советтер Союзунун көптөгөн проблемаларынан пайдаланып, Союзду ичинен жемирип кулатууга чоң жардам берди. Анткени, Советтер Союзунун проблемалары капиталисттик системанын проблемаларынан аз эмес эле. Бирок, Советтер Союзунда капиталисттер чебер болуп кеткен алдоо жана көз боёмочулук жок эле. Ушул ийгиликтүү тажрыйба мусулман өлкөлөрүндө Батыш коомдорунун сакафий чабуулдаруна түрткү болду, айрыкча, жыйырманчы кылымдын аяктары жана жыйырма биринчи кылым баштарында. Социалисттик система ойрон болушу артынан Батыш үчүн бирден-бир душман Ислам хазараты болуп калды.

Ошентип, мусулман өлкөлөрүндө бул коомдор абдан тездик менен көбөйдү, ал тургай, мисалы Фалестинде 2500гө жетти. Ливанда – Ички иштер министри Мухаммад Фахмий «Жадид» телеканалына берген интервьюсунда баса белгилегендей – «11500 уюм бар, алардын жарымы эл аралык разведка астында иштейт». Исламий өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө да абал ушундай.

Бул коомдор саясий иштерден алып болуп, Батышты жактаган малайлар жана коррупцияга малынган расмий күчтөрдү пайда кылуудан көрө, негизги этибарын Исламга пикирий жана сакафий чабуул кылууга, өзгөчө, мусулмандардын жашоосунда сакталып калган шаръий өкүмдөргө, Исламдын пикир жана түшүнүктөрүнө каршы күрөшүүгө караткан. Анткени, Ислам мамлекетинин жоктугуна жана жүз жылдан ашуун Ислам колдонулбай жатканына карабастан, капиталисттик түзүм өкүмдарлык кылып, адамдарга зордук менен колдонулуп жатканына карабастан, бул исламий пикирлер, түшүнүктөр жана өкүмдөр мусулмандардын жашоосунда сакталып калган. Бул пикирлер, шаръий өкүмдөр жана түшүнүктөрдүн негизги бөлүгү үй-бүлөгө тиешелүү болуп, алар нике, эрди-катын ортосундагы бекем убада-шерт, алардын укуктары, перзент көрүү, тарбия, шериктештик, үй-бүлөдө эркектин жетекчилиги, үй-бүлөнүү багуусу жана камкордук кылышы сыяктуу. Ошондуктан, бул уюмдар шаръий өкүмдөр, Исламдын пикир жана түшүнүктөрүнө каршы күрөшүү менен бирге, бузукулук, эркек менен аялдын бузуку алакасы, эркек менен эркек, аял менен аялдын бузуку алакасы, перзент көрбөө үчүн бычуу, перзенттерди тарбиялабоо, эгер каалабаган учурда бала төрөлүп калса, анын тагдыры жетимкана болушу о.э. эркен менен аял ортосундагы атаандаштык о.э. бул нерселердин эгоизм жана материализмге негиделиши сыяктуу нерселерге этибарды каратты. Муну менен бирге, бул коомдор таалим мекемелерине чейин кирип барып, жыныстык башаламандыкка, эркиндиктерге, өзгөчө жеке эркиндикке жана динсиздикке чакырышууда. Фитрат, дин, үй-бүлө жана жогорку баалуулуктарга кол салууга о.э. секс, зына, бузукулук, көчөдө жасанып, ачык жүрүү сыяктуу коомду бузуп, ойрон кылуучу бул жана башка кылмыштарга ачык үгүттөп жатышат. Бул нерселер Батыш өлкөлөрүн чоң сойкуканага айлантты, аларга чекит коюунун ордуна, расмий түрдө уруксат берилди… О.э. бул кылмыштардын акыбетинде перзент көрүүгө жана төрөөгө орун болбогон кыйроочу коомдор, жынысын өзгөрткөн бузукулуктарга толуп ташкан мектеп-университеттер о.э. ичкичтер-баңгизат колдонгон жигиттер, ал тургай, ичкилик жана баңгизаттан мурда жеке эркиндикке мас болгон жигит-кыздар жүргөн көчөлөр пайда болду!

Шексиз, бул уюмдар мусулман өлкөлөрүндөгү кара ниет Батыштын куралдары болуп, мунун чечими – аларды ойрон кылып, жок кылуу жана Батыштан азыктанып жаткан дем тартуу жолдорун кыркып, аларга аралашкандарды, алардын башында тургандарды жоопко тартуу. Бирок, муну ишке ашыруу үчүн ушундай бир мамлекет керек, ал өзүн, суверендигин, хазаратын урматтайт жана бул мамлекет ушундай бир система-мабдага негизделет, ага зыян жеткирүү жана чабуул кылуу чоң кыянаттык болуп эсептелет. Исламий өлкөлөрдө Батышка малай жана суверендигин жоготкон режимдер турган соң, бул нерсени бүгүнкү күндө таап болбойт. Бирок, бул, ушул уюмдарга сүкүт кылуу керектигин түшүндүрбөйт. Жок, тескерисинче, бул саясий жана пикирий жактан бул уюмдардын бетин ачууну, аларга каршы чыгуу, күрөшүү жана иш-аракеттерине чекит коюу үчүн адамдарды жана коомчулуктун пикирин козгоону, өлкөлөрүбүздү ушул уюмдарга ачып берген жуундукор режимдерди кулатып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн олуттуу аракет кылууну түшүндүрөт. Анткени, Халифалык мамлекети гана Батыштын өлкөлөрүбүздү тиштеп жаткан тиштерин сууруп алып, чачып жаткан уусун жокко чыгарат жана Ислам системасын колдонуп, рахмат, акыйкат жана адилет катары Исламды бүткүл дүйнөгө алып чыгат, мусулмандарды эле эмес, адамзатты куткарат.

 Роя гезити, №426, 2022-жыл, 18-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here