Куддустун түндүк-батышындагы айылдарда Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу маанилүү экендиги туурасында баян уюштурушту

159
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Куддустун түндүк-батышындагы айылдарда Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу маанилүү экендиги туурасында баян уюштурушту

Куддустун түндүк-батышындагы айылдарда Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү «Мункарды кайтаруу – мусулмандардын кубатынын сыры» деген баян уюштурушту. Байт-Дакку айылындагы Укба ибн Нифиъ мечитинде шейх Исам Амир (Абу Абдуллах) сөз сүйлөдү.

Шейх Исам мункар ишти кайтаруунун фарздыгы жөнүндө сүйлөп, мункар иштерди кол жана тил менен кайтарууга токтолуп, бул кайтарууда мусулмандардын кубатынын сыры кайда жамдалганына этибар каратты. Шейхтин сөздөрүнө ылайык, учурда мусулмандардын жашоосундагы эң жаман мункар нерсе – бул Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн башка мыйзамдар менен өкүм жүргүзүлүп жатканы. Ушул себептен улам, мусулмандар Аллах Азза ва Жалланын шариятын өкүмдар кылууга аракет кылышы жана Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзбөй жаткан өкүмдарларга сүкүт кылбашы шарт. Себеби, мункар иштерге сүкүт кылуу Аллахтын азабына алып барат… Бул азап бардык мусулмандарды өз ичине алып, баарынын дуалары кабыл алынбай калышына себеп болушу мүмкүн.

Шейх Исам баяндан кийин бир катар суроолорго жооп берди жана мункарды кайтаруу бардык мусулмандар үчүн фарз болуп, бул аларды аман сактап туруучу фактор экенин, себеби, Аллах муну Ислам Умматы эң жакшы Уммат болушу үчүн шарт кылганын баса белгиледи.

 Роя гезити, №427, 2022-жыл, 25-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here