Өкмөт күйүүчү майдын ар бир литринен жол оңдоого акча алып турууну сунуштады
Кабар: Министрлер кабинети «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине» өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык ар бир литр майдан жолду оңдоого жана тейлөөгө белгилүү бир сумма алынып турат.
“Бул жерде “ким жолдо көп жүрсө, ошол көп төлөйт” жана баары сапаттуу жолдо жүрөт деген принцип камтылган өлкөлөрдүн эл аралык тажрыйбасы каралган”, – деп айтылат мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.
Минкаб мындай өзгөртүүнү жолдорду оңдоого жана тейлөөгө каражат жетпей жатканы үчүн сунуштап жатат. Азыркы тапта Жол фондуна акча айып пулдардан жана күйүүчү майлардын акциздик салыгынан 50% түшүп турат.
“Бул булактар боюнча түшүүчү каражаттардын болжолу алардын биздин жолдорду стандарттарга ылайык келтирүү үчүн жетишсиздигин көрсөтөт. Биздин өлкөдө унаа жолдорун нормативдик коопсуздук абалда кармоо үчүн жылына 10 млрд сом талап кылынат. Иш жүзүндө республикалык бюджеттен болжол менен 2 млрд сом бөлүнөт, бул жолдун 1 киллометрине болжол менен 100 сомду түзүп, жолдорду талаптагыдай кармоо үчүн эч нерсеге арзыбайт”, – деп эсептейт Министрлер кабинети.
Ушул эле документте бийлик дөңгөлөктөрдү, капкактарды жана күйүүчү майды кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымын сунуштап жатат. Аларга ушундай түрдөгү продукцияны импорт кылуучулар акы төлөшөт.
Комментарий: Капиталисттик түзүмдө бюджет элден чогултулган салыктардан толтурулат. Капитализмди колдонуп жаткан Кыргызстан өкмөтү да бюджетти толтурууну жана тышкы карызды төлөөнү элдин мойнуна жүктөш үчүн салыктардын жаңы-жаңы түрлөрүн ойлоп табууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр жай мезгилинде Жогорку Кеңештин жыйынында “Жол фонду” аркылуу ар бир унаадан салык алуу маселеси каралып жатканын, салыктын бул түрү жолдорду оңдоого жана тышкы карыздарды төлөөгө багытталарын билдирген эле.
Жогорку Кеңештин июндун аягында болуп өткөн жыйынында Акылбек Жапаров тышкы карызды төлөө маселеси бюджеттин чыгашалар бөлүгүндө өзгөчө орун ээлешин айтып, эгер Кыргызстан карызды өз убагында төлөбөсө, бир нече объектилерди башкаруу бөлөк бирөөлөргө өтүп кетиши мүмкүндүгүн билдирген. Белгилүү болгондой, Кыргызстан алдыдагы беш жылдын ичинде тышкы карыздарды төлөө үчүн жыл сайын 400 миллион доллардан ашык каражат бөлүп турушу керек. А бирок, Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалы жыл сайын мынча каражат бөлүүнү көтөрө албайт. Ошол себептен да өкмөт ар түрдүү салыктарды, милдеттүү камсыздандыруу жана төлөмдөрдү киргизүү аркылуу муну карапайым калктын т.а. салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жүктөөгө аракет кылууда…
Исламда зекеттен башка эч кандай милдеттүү салыктар жок. Мамлекет зекетти салык эмес, ибадат катары чогултат. Зекет бюджет таңкыстыгын жабууга, мамлекет иштерин башкарууга же өзгөчө кырдаалдар үчүн алынган карыздарды төлөөгө жумшалбайт. Алар үчүн мамлекеттик мүлктөн жумшалат. Зекетти шарият белгилеген орундарга гана жумшайт, карапайым калктын салык төлөөчү болуп калышына уруксат бербейт. Тескерисинче, байлардан зекет алып муктаждарга бөлүштүрүү аркылуу коомдо токчулук жашоону жана тең салмактуулукту камсыздайт.
Абдурахман Адилов