Өкмөттүн тоолуу райондогу аялдардын пенсия курагын көтөрүү демилгеси парламентте экинчи окууда каралды
Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаеванын айтымында, мыйзамда негизинен бийик тоолуу аймактарда ар кандай шарттар менен эрте пенсияга чыгууга түзөтүү киргизилип жатат. Ага ылайык, алты жылдын ичинде бийик тоолуу аймактарга жашагандардын жаш курагы этап-этап менен үч жылга көтөрүлөт. Мындан тышкары, көп балалуу энелер, майыптыгы бар балдардын энелери, зыяндуу өндүрүштө иштегендердин да мөөнөтүн узартуу да сунушталууда. Муну менен 15 жыл эмгек стажы бар 3 баланын энеси 45 жашта эмес, 48 жашта пенсияга чыгышы ыктымал.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда азыр 714 миңден ашуун пенсионер бар. Алардын 70%ы аялдар. Өлкөдө аялдар 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгышат. Жалпы пенсионерлердин 51% (365 миң 966 адам) жашоо минимумунан жогору өлчөмдө, ал эми 49% (348 миң 623 адам) бул көрсөткүчтөн төмөн пенсия алат. Жашоо минимуму 5800 сомдун тегерегинде.
Жогорудан белгилүү болгондой, өкмөт реформа аты менен пенсияны экинчи тараптын чөнтөгүнөн алууну көздөп жатат. Башкача айтканда, бийик тоолуу аймакта жашаган же эмгек стажына байланыштуу пенсияга эрте чыккан жарандардын пенсиясы жокко чыгып, алардын бир бөлүгү жаш курагы жетип чыккандардын пенсиясына бөлүштүрүлмөкчү. Калган кыскартуулар менен болсо бюджеттин чыгашасы үнөмдөлөт.
Демек, бийликтин пенсияны көтөрүү урааны популизмден же алдоодон башка нерсе эмес! Кыргызстан калкы мындай алдоо жолу менен пенсия же айлык акылардын көтөрүлүшүнөн тажап бүттү. Пенсия курагынын көтөрүлүшү же жогорудагыдай жашы жете электердин пенсиясын кыскартуу түпкүлүгүндө эл аралык уюмдардын талабы астында жүргүзүлөт. Анткени, капитализмдин пайдага негизделген акыйдасы жеке адамдарга көңүл бурат. Башкача айтканда, мамлекетке салыкты көп төккөн жана жумуш орундарын камсыздаган ишкерлер маанилүү. Ал эми пенсионерлерге окшогон алсыз катмар мамлекет үчүн ашыкча жүк болуп эсептелет. Ошондуктан, Батыш өлкөлөрүндө соц фонд сыяктуу мекемелер жеке адамдардын колуна тапшырылган. Мындай абалда капиталисттик мамлекет жоопкерчиликтен кутулуу менен бирге бюджетти да үнөмдөйт. Айрыкча, пандемия учурунда Батыш өлкөлөрүндө пенсионерлер салык жана медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөгөндүктөн, эч кандай медициналык жардамдар көрсөтүлбөй, топ-тобу менен курман болгонуна да күбө болдук.
Учурда да Францияда өкмөттүн пенсия курагын 64 жашка көтөрүү демилгесине каршы миллиондогон жарандар нааразылык акциясына чыгышууда.
Мындай капиталисттик жырткычтыктан кутулуунун жолу өз Исламыбызга жүздөнүүдө! Ислам бардык проблемага адамдын көйгөйү деген назар менен карайт. Мунун мааниси, Ислам бир эле учурда экономикалык маселени чечүү менен катар анын социалдык, саламаттык ж.б көйгөйлөрүнө да туура чечим берет. Ошондуктан, адамдарды улгайган же жаш дебестен мамлекет негизги муктаждыктарын камсыздайт. Мына ушул система гана бүгүнкү социалдык проблемаларды түп тамырынан чечет. Ал эми капитализм проблемага экономикалык маселе катары карагандыктан, убактылуу жамачы салуудан ары өтпөйт! Башкача айтканда, бул реформа менен бюджетти үнөмдөөсү, экинчи тараптын муктаждыгын күчөтүп, жакыр катмардын сабын дагы да калыңдатат. Ошондуктан, биз мусулмандар капитализмдеги мындай «реформаларга» алданбай, өз Исламбыздын чечимдерин үйрөнүп, ага амал кылууга шашылалы!
Мумтаз Маверанахрий