بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Уммат козголоңу Халифалыкты тикелегенге чейин уланат
Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Тунисте козголоң башталганына он эки жыл болду. Ислам жана Халифалык Тунис сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө коомдук пикирге айланган убакта, колонизатор кафир Батыш жанан анын бийликтеги өкүлдөрү Тунис калкынын кайратын сындыруу, козголоңду жүрөктөрдөн өчүрүү жана Ислам негизинде ар кандай түпкү өзгөрүү жасоо аракеттерин жок кылуу үчүн бардык каражат жана мүмкүнчүлүктөрүн жумшашууда.
Ооба, кафир Батыш бул козголоң анын региондогу таасирине чоң коркунуч туудурганы үчүн биринчи күндөн баштап козголоңду багытынан адаштырууга урунду. Ушул максатта 2011-жылдын май айында Франциянын Довиль коммунасында G8 саммити өткөрүлдү. Саммиттин корутундусу Тунисти эл аралык келишимдер менен кишендөөнү, тышкы карыздар баткагына батырууну жана анын келечегин адам тарабынан түзүлгөн конституция аркылуу Батыштын жашоо жөнүндөгү көз карашына белгилөөнү камтыды. Белгилүү болгондой, Батыш Исламды бийликке жакындаштырбаган жана Батыштын кызыкчылыктарын коргогон бул конституция аркылуу саясий майданда гегемондук кылып, каалаган адамдарын бийлик башына алып келет. Мына ушундай айла-амалдарга карабастан, Батыш да, болбогур куурчактары да козголоңду токтото албады. Мына ошондо 2021-жылы 25-июль кыймылы пайда болду. Бул кыймыл бир малайдын ордуна башка малайды орнотуу жана 2014-жылдагы конституцияны башка конституцияга алмаштыруу аркылуу Тунисте жар жакасына келген илманий режимди сактап калууга каратылды. Батыш муну жүзөгө чыгара алса, өлкөнү оболу Исламынан, түзүмүнөн жана өкүмдөрүнөн айрып, кийин мыйзам чыгаруу жана башка аткаруу бийликтеринде өз өкүмдарлыгын сактап калууну камсыздаган болот.
Тунис козголоңунун он эки жылдыгына карата Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Парламенттик шайлоолор деген бул сахналашкан оюн Аллахтан мыйзам чыгарууну талашуу кылмышы болуп эсептелет. Ал эми, Уммат козголоңунун жылдыгында бул кылмыш президент Кайс Саид тарабынан жасалып жатканы – оюндун экинчи бөлүгү. Мындай тил бириктирүүдөн козголоңду токтотуу жана бардык кыйынчылык-бактысыздыктын себепчиси болгон илманий түзүмдү бекемдөө көздөлгөн. Андан тышкары, бул тил бириктирүү Батыш мамлекеттерине жаңы парламент түзүү аркылуу өзгөчө абалдан чыгуу, ушул аркылуу Батыштын кызыкчылыктарын сактап калуу жана президент Эл аралык Валюта Фонду алдындагы жоопкерчилигин аткаруусун алга жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берет.
Бизди үмүттөндүрүп жаткан нерсе ушул – бул шайлоолор режимди бекемдеген оюн экенин, шайлоолордо Батыш күчтөрүнүн функционалдык аткаминерлеринен башка адамдар келбешин Уммат түшүнүп турат. Мына, адамдар конституция жөнүндөгү референдумду бойкот кылып, келерки шайлоолорго катышуудан баш тартышты жана бул колонизатор менен анын малайларын ызааланткан соккудан башка нерсе эмес».
Билдирүүдө Тунис калкына кайрылуу жасалган: «Түпкү өзгөрүүнү жүзөгө чыгаруу бүгүн мойнубуздагы фарз амал болуп эсептелет. Бузгунчулугуна өздөрү күбө болуп турган адамдар бул абалды өзгөртүү үчүн олуттуу аракет кылуудан башка алтернативасы да, ыктыяры да жок. Учурда козголоң орто жолдо калып, оор сыноого туш келди. Т.а. айрымдар козголоңду жок кылууну, аракетти токтотууну каалап жаткан болсо, алардын каршысында козголоңдун идеясын сактап калуу, отун жалындатуу жана аракетин өзүнүн саясий долбоору негизиндеги стратегияга ылайык туура багытка салуу үчүн аракет кылып жаткандар турат. Шексиз, бул – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык долбоору…
Биз, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын мүчөлөрү, Тунистеги элибизге козголоңуңарды Ислам менен акырына жеткирүүнү жана силерге сунушталып жаткан альтернативаны кабыл алууну насаат кылабыз. Улуу Исламга негизделген бул альтернатива Умматты туңгуюктан чыгарууга жана козголоңду өзгөргүс максаттарын ишке ашыра турган жалгыз альтернатива. Шексиз, козголоңдун өзгөргүс максаттары – канкор режимди бардык жүздөрү, түркүктөрү жана белгилери менен бирге кулатуу о.э. Исламга негизделген бийликти тикелөө. Аллах бизге буйруган ушул Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык бийлиги адилеттик орнотот».
Роя гезити, №422, 2022-жыл, 21-декабрь.