بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты маалымат конференциясын өткөрдү
Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты хижрий 1444-жылы 3-жумадулаввал, миладий 2022-жылы 27-ноябрь күнү күндүзгү саат он бирде «Жаңжалды токтото турган, бөлүнгөндөрдү бириктирип, душманды ачууландыра турган дастур долбоору» деп аталган маалымат конференциясын өткөрдү. Көптөгөн журналисттер, саясатчылар, активисттер, изилдөөчүлөр жана коомдук ишмерлерге толгон бул конференцияда «Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинин дастур долбоору» деген китепче таратылды.
Баса белгилеп айтсак, конференцияда биринчи Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) сөз сүйлөп, Хизб тарабынан өлкө проблемаларын чечүү үчүн сунушталган Халифалык мамлекетинин дастур долбооруна түшүндүрмө берди. Устаз өз сөзүндө: «Бул дастурдун өкүмдөрү Аллахтын Китеби жана Расулу ﷺдын сүннөтү, сахабалардын ижмасы жана шаръий кыястан туура ижтихад менен иштелип чыкты», – деди.
Андан соң, адвокат устаз Хатим Жаъфар сөз сүйлөп, дастурдун беренелерин укуктук жактан түшүндүрүп өттү о.э. анын илахий вахийге негизделгени жана турмуш проблемаларына чечим берүү мүмкүнчүлүгүн баян кылды.
Конференциянын өз ара талкуу бөлүгүндө катышуучулар өтө активдүү болушту. Сүйлөшүү жана талкууларга кошумча, бир нече массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери тарабынан суроолор берилди жана пикирлер айтылды. Алардын катарында: «Журналисттер уюмунун» кызматкери устаз Имадуддин Муса, «Ал-Вакия» телеканалынан Ахмад Абкар Мандуб, «Ватан» гезитинен Ханий Усман, «Ахбарул Явм» гезитинен Рашид Ахмад, устаздар Суфян Нуринул Интибах менен Ханий Усман, «Ихрамул Явм» гезитинен Нахла Муслим жана саясий активист Сарват Хадий жана башкалар. Конференцияга адаттагыдай өзүнүн ардактуу салымы менен жазуучу журналист Мухаммад Мабрук да катышты. О.э. «Нил Арзак» телеканалы менен «Хилал» телеканалынын кызматкерлери да катышып, устаз Абу Халилден интервью алышты.
Роя гезити, №420, 2022-жыл, 7-декабрь.