БУУ Россиянын Украинага “эң ырайымсыз чабуулу”на мамиле билдирди

310
0

БУУ Россиянын Украинага эң ырайымсыз чабуулу”на мамиле билдирди

 Кабар: БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Россиянын Днепр шаарындагы турак жайга ракеталык чабуулун кескин каралады. Бул тууралуу башкы катчынын расмий өкүлү Стефани Трембле билдирди. 14-январь күнү 9 кабаттуу үйгө ракеталык соккунун натыйжасында кеминде 41 адам өлгөн

 “Ишемби күнү Днепрдеги турак жайга ракеталык сокку болду. Бул былтыр февраль айында Россиянын Украинага баскынчылыгы башталгандан бери эң ырайымсыз чабуулдардын бири болуп эсептелет”, – деди Стефани Трембле.

 БУУнун башчысы Днепрге чабуул согуштук кылмыш экендигин баса белгилеп, айыптууларга тийиштүү жаза берилиши керектигин айткан.

 Европа Союзунун тышкы саясат мекемеси да  жай тургундар жашап жаткан үйгө уюштурулган чабуулду “адамгерчиликтен алыс болгон карамүртөздүк” деп атаган жана муну ишке ашыргандар жазага тартылышы анык экендигин билдирген.

 Маалыматтарга ылайык, Днепрдеги көп кабаттуу үйгө болгон соккунун натыйжасында 41 адам (алардын төртөө жаш балдар) өлгөн, 77 адам (алардын он төртү жаш балдар) жарадар болушкан, 46 адам дайынсыз жоголгон. Урандылар арасынан ондогон адамдар куткарылган. Куткаруу операциясы уланууда.

 Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Днепрге сокку урулгандан кийин G7 мамлекеттери менен Европа Союзун Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырды.

 БУУ жарыялаган акыркы маалыматка ылайык, Россия армиясы Украинага бастырып киргенден бери т.а. 2022-жылдын 24-февралынан бери 7031 жай тургун, анын ичинде, 433 жаш бала өлгөн. 11300 адам, анын ичинде 830 жаш бала жарадар болгон.

 Комментарий: Россиянын Чеченстан мусулмандарына каршы баскынчылык согушу учурундагы кылмыштарын БУУ да, дүйнөлүк коомчулук да көрмөксөн болгон эле. 10 жылдан ашык убакытка созулган кыргындар учурунда он миңдеген жай тургундар, анын ичинде, жаш балдар өлтүрүлгөн. Ошол согушта, Чеченстан оппозициясы жай тургундардан 250 миң адам, анын ичинде 40 миң жаш бала өлгөнүн билдирген. Адам укуктарын коргоочу “Мемориал” уюму жай тургундардын арасынан өлгөндөрдүн саны 50 миңге жеткенин кабарлаган. Башка булактарда айтылышынча, 1990 жана 2000-жылдардагы биринчи жана экинчи чечен согушунда кеминде 60 миң жай тургун каза болгон. Чеченстандын убактылуу парламентинин башчысы Таус Жабраилов болсо эки согушта 150 миңден 160 миңге чейин адам өлгөнүн айткан. А бирок, БУУ да, АКШ башында турган батыш мамлекеттери да Россияга каршы бирер жаза колдонушкан жок.

 Сирия козголоңу максатына жакындап, канкор Башар Асад режими кулайын деп калганда Россия АКШнын сунушу менен Сирияда “атайын операция” баштады. 2015-жылдын 30-сентябрында башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан “атайын операция” учурунда он миңдеген жай тургундар Россиянын “заманбап” куралдары менен бомбаланды. Путиндин тили менен айтканда “Россия аскерлери машыгууларда” медреселер, ооруканалар, мектептер жана калктуу пункттарды талкалады. Ал тургай, орус желдеттери жай тургундарга каршы тыюу салынган куралдардын баарынан, фосфор бомбасы, кассеталык бомбалар, ал тургай бункерлерди кыйратуучу күчтүү куралдардан да пайдаланышты, бүтүндөй квартал жана көчөлөр жексен кылынды. Адаттагыдай эле, БУУ жана дүйнөлүк коомчулук ал кыргындарды көрмөксөн болду… Себеби, ал кылмыштар Европадан алыста жана мусулмандарга каршы кылынып жаткан эле.

  Бүгүнкү күндө Россиянын баскынчылыгы Европанын астанасына барып калган соң, АКШ да, Европа Союзу да биригип, колунан келишинче Украинага аскерий жардам берүүгө киришишти. Бүт дүйнөнүн назары Россиянын Украинага каршы согушуна каратылды. Россияга каршы болуп көрбөгөндөй санкцияларды колдонуп жатышат. БУУ жана эл аралык коомчулук Россиянын кылмыштарын саат сайын жарыялап жатышат. Путинди эл аралык сотко тартуу маселеси да күн тартибинде турат. Бул болсо, алардын саясаты  канчалык эки жүздүү жана кош стандарттуу экендигин көрсөтүүдө.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here