Оо, Тунис калкы! Бул режимден өлкөңөрдөгү колонизаторлорду дагы да бекемдешин күтүп жатасыңарбы?!

265
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Оо, Тунис калкы! Бул режимден өлкөңөрдөгү колонизаторлорду дагы да бекемдешин күтүп жатасыңарбы?!

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө айтылат: «Бир тарапта, Зарзис шаарынын калкы тынч демонстрация өткөрүшүнө карабастан, бастыруу, акаараттоо, көздөн жаш агызуучу газ колдонуу жана камакка алуу сыяктуу мамилеге учурап жатканда, башка тарапта, Сфакс шаары жана калкы өкмөт жана жергиликтүү бийликтин бүтүндөй этибарсыздыгы себептүү толуп-ташкан таштандылардын сасык жытына буулуп жатканда  Кайс Саид Жарба шаарында «Франкофония» саммитинин конокторун тосуп алуу менен алек.

«Франкофония» мамлекеттеринин парламентинин ассамблеясы Франциянын колонизаторлугунун, негизинен, Ислам жана мусулмандарды жек көргөн жана аларга каршы күрөш жаткан президент Макрондун колонизаторлугунун табигый уландысы. Ошого карабастан, Кайс колонизаторлорду кызыл килем үстүндө, гүлдөр менен, кучак жайып, жылмаюу, ал тургай, кээде мурун тийгизе өбүшүү менен шаңдуу тосуп алууда… Негизи, колонизаторлорго жана түздөн-түз баскынчыларга жасакерленип, чөгөлөп жаткан жана баскынчылыктарды коргоочулар деп жаткан адамдын мындай кылмышы таң калычтуу эмес.

Ооба, ошентип, Кайс Саид да андан мурунку, козголоңдон мурунку-кийинки өкүмдарлардын изинен барууну тандады. О.э. колонизатор Батышты жана анын өкүмдарларын ыраазы кылуу үчүн аракет кылып, ошол эле учурда, өз калкын дубинкалар жана камактар менен «сый көрсөтүүнү» ыраа көрдү! Кризистерди тизгиндөөдөгү бүтүндөй кыйроо о.э. адамдардын проблемаларын чечүү жана башынан өткөрүп жаткан бактысыздыктарын жоюуда бүтүндөй ийгиликсиздиктин артында өлкөдөгү өкүмдар капиталисттик түзүмдүн ийгиликсиздиги жана күчсүздүгү турат.

Ал тургай, бул нерселер илгертеден эле белгилүү болсо да, учурда ачык-айкын көрүндү… Режим колонизаторлорго килемдерди төшөө, энелерге уу газ колдонуу, перзенттерин деңизге чөктүрүү менен ачыкка чыкты. Адамдар колонизаторлукту дагы да бекемдеп жаткан режимден дагы эмнени күтүп жатышат?!».

 

Роя гезити, №419, 2022-жыл, 30-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here