Армения ЖККУнун аскерий машыгууларын өткөрүүдөн баш тартты
Кабар: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения 2023-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) машыгууларын өткөрүүдөн баш тартканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги кабарлады.
“Армениянын коргоо министри ЖККУнун Биргелешкен штабына азыркыдай кырдаалда өлкө аймагында машыгууларды өткөрүү туура эместигин кабарлады. Жок эле дегенде Армениянын аймагында мындай машыгуулар 2023-жылы өтпөйт”, – деди Пашинян.
Пашинян “азыркыдай кырдаал” дегенде эмнени назарда тутканына түшүндүрмө бербеди.
1-январда Россиянын Коргоо министрлиги ЖККУнун “Бузулбас бир туугандык – 2023” машыгуусу Арменияда өтөрүн жарыялаган болчу. РФ Коргоо министрлиги азырынча Пашиняндын билдирүүсүнө комментарий бере элек.
Армения 2022-жылдын сентябрь айында Азербайжан менен чек арадагы жаңжалга байланыштуу ЖККУнун Казакстанда өтүп жаткан машыгууларына катышуудан баш тарткан.
Комментарий: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУнун 23-ноябрда Ереванда өткөн саммитинде ЖККУ жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясына жана Арменияга жардам берүү боюнча кызматташтык чаралары жөнүндөгү документтерге кол коюудан баш тарткан. Буга орус өкмөтүнүн азери-армян жаңжалында Армения тарапта турбаганы жана тынчтык орнотуу миссиясы боюнча мойнуна алган милдеттенмелерди аткарбагандыгы себеп болгон.
Ошондо Пашинян: “Урматтуу кесиптештер, учурда кол коюу үчүн сунушталган “Жамааттык коопсуздук кеңешинин Арменияга жардам берүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндөгү декларациясы” жетиштүү иштелип чыкпаган деп ойлоймун жана бул документтерге ушул көрүнүшүндө кол коюуга даяр эмесмин”, – деген болчу. Бүгүнкү күнгө келип ЖККУнун машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартып жатат.
Армения Россиянын жетегиндеги ЖККУнун машыгууларын өткөрүүдөн баш тартып жаткан алгачкы мамлекет эмес. Буга чейин т.а. октябрь айында Кыргызстандын Коргоо министрлиги да ЖККУнун “Бузулбас бир туугандык – 2022” машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткан. Ал машыгуу 10-14-октябрь күндөрү Балыкчы шаарынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтүшү керек эле. Кыргызстан бийлиги да ЖККУ машыгуулары жокко чыгарылышына кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал себеп болгондугун билдирген…
Көпчүлүк саясий серепчилер бул уюмду “өлүү төрөлгөн бала” катары баалап, бул уюмдун Россиядан башкага кереги жоктугун айтып келишет. Белгилүү болгондой, уюмдун кубаты жана таасири жетекчи мамлекеттин эл аралык таасирине көз каранды болот. Эгер жетекчи мамлекет кубаттуу болсо уюм да таасирдүү болот, мамлекет алсыз болсо анын жетегиндеги уюм да таасирсиз уюмга айланат. Бүгүнкү күндө эл аралык саясатта Россиянын таасири жоголуп бара жаткандыктан, анын жетегиндеги уюмдардын да таасири начарлап барууда. ЖККУ, КМШ жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосунда карама-каршылык, келишпестик, ал тургай куралдуу кагышуулар болуп жатышы о.э. ал каршылыктарды жоюуга Россиянын кудурети жетпей жатышы бул уюмдардын күнү бүтүп бара жатканын көрсөтүп турат. Бул нерсе жакынкы келечекте, уюмдар эле эмес, Россиянын өзү да бөлүнүп кетишине алып барат.
Абдурахман Адилов