Депутат АКШга эмгек мигранттарын жиберүүнү сунуштады

831
0

Депутат АКШга эмгек мигранттарын жиберүүнү сунуштады

         Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев АКШ менен эмгек мигранттарын жиберүү боюнча расмий келишим түзүүнү сунуштады. Абдалиев парламенттин 11-январдагы отурумунда айтышынча, АКШда жүк ташуучу автоунаа айдаган мигранттар айына 10 миң доллардан өйдө каражат таап жаткан имиш.

“Орусиядагы мигранттар айына орто эсеп менен 500 доллар алат. Ал эми АКШда айдоочу болуп иштегендер 10-30 миң долларга чейин табат экен, эң эле жалкоосу 10 миң доллардан эмгек акы алат. Алар бир айылды багып жатат. Орусия менен мамилени сыйлайбыз, бирок АКШга мигрант жиберүү биз үчүн пайдалуу”, – деди депутат.

         Ал эми, Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев бул маселе каралып жатканын, Түштүк Кореяга эмгек мигранттарына берилген квота 2 миңге көбөйгөнүн билдирди.

“Англияга мигранттарды жиберип жатабыз. Жакында Германияга медайымдарды жиберүү каралууда. Алар тил билиши керек экен. Атайын курстарды окугандан кийин барышат”, – деди Кудайбергенов.

         Министрликтин соңку маалыматында 1 млн. 200 миңге жакын Кыргызстандын жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Бирок чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын саны расмий көрсөтүлгөндөн алда канча көп экени айтпасак да белгилүү.

         Буга чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров да Орусияга эмгек мигранттарын эшелон-эшелон кылып жеткиргенге аракет кылыш керек деп айткан эле.

         Кыргызстанда терең тамыр жайган жумушсуздук жана кымбатчылык миллиондогон мекендештерибиздин жумуш издеп чет өлкөлөргө кетишине себеп болууда.

         Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, калкты жумуш менен камсыз кылуу кызматтарындагы 1 бош орунга 28 адам талапкер болгон. Бирок, жумушсуздук боюнча статистикалар чыныгы абалды көрсөтпөйт. Анткени, алар акыркы үч ай ичинде жумуш издеген адамдарды гана бул катмарга кошушат. Ал эми, үйүндө отургандар, мезгилдүү иштегендер жана акыркы үч ай ичинде жумуш издебегендер бул статистиканын сыртында калып кетет. Мунун каршысында, бийлик – жакырчылык жана жумушсуздук көйгөйлөрүнүн чечими катары – көптөгөн чет өлкөлөргө жарандарыбызды эмгек мигранты кылып чыгарып жиберүүнү айтып олтурат.

         Ал эми АКШ жана Батыш өлкөлөрүнө калкты миграцияга жиберүү маселесине келсек, бул Украина сыяктуу мамлекеттерде сыноодон өткөн план болуп саналат. Максаты, Кыргызстанды Россиянын колониясынан чыгарып, өзүнүн сакафий таасири астына киргизип алуу. АКШ өз максатын ишке ашыруу үчүн Батыш маданиятынын тарапкерлери болгон интелигенттер катмарын калыптандыргандан кийин аларды жактоочуларды пайда кылууну каалайт. Миграция маселеси мына ушул иш үчүн курал кылынмакчы. Буга кошумча, АКШнын максаты Россиянын Кыргызстанга басым өткөрүү үчүн колдонуп келе жаткан мигранттар маселесине сокку берүүнү максат кылууда. Т.а. бул долбоор ишке аша турган болсо, Россиянын бизге карата колдонуп жаткан мамилелерине, мигранттарыбыз мүмкүнчүлүктөрүн чектөө же аларды депортация кылуу, иштөө шарттарын жана документтештирүү мүмкүнчүлүктөрүн оорлотуу сыяктуу атайын басым өткөрүү иштерине каршы сокку берген болот.

         АКШ белгилүү бир өлчөмдөгү кыргыз жарандарын өзүнүн өлкөсүнө алып кирип алышы жана алар тарабынан жөнөтүлүп жаткан каражаттар Кыргызстандын Россияга болгон муктаждыгын бир топ алсырататдеп ойлоодо. А бирок, Россия бул сыяктуу иштерди анын аймагына, атайын экономикалык начар абалда кармап туруу менен колония кылып келе жаткан кол астындагы мамлекетке АКШнын бастырып кириши деп баалайт. Эгерде бул иштер күчөп кетсе, Россия тарабынан күтүлө турган кезектеги сокку түздөн-түз Кыргызстанга каратылат.

         Түпкүлүгүндө, жумушсуздуктун бирден-бир себеби – бул бүткүл дүйнө боюнча, анын ичинде Кыргызстанда, капиталисттик система өкүм жүргүзүп жатканында. Капитализмдеги экономикалык системага ылайык, пайдалуу казылмалар, жерлер, жайыттар “менчиктештирүү” аркылуу чиновник-капиталисттер колуна өтүп кеткен. Тышкы соода жана ички кызмат көрсөтүүнү да алар монополия кылып алышкан. Ошондуктан, автоматтык түрдө алар жумуш берүүчүлөр болуп калышкан. Капиталисттик «пайда» көз карашынан келип чыгып, бул жумуш берүүчүлөр – өздөрү үлкөн пайдаларга жетишүүлөрү үчүн – өз өндүрүштөрүнө мүмкүн болушунча аз жана арзан жумушчу күчүн жалдап алышат. Мунун натыйжасында жумушсуздар армиясы жаралууда.

         Капитализмдин ана башы болгон Батыш мамлекеттери – капитализмди жаюунун тарыйкаты болгон империализм аркылуу – үчүнчү дүйнө өлкөлөрүн колониялар кылып алышкан. Инвестор маскасы артында кирип келген алардын компаниялары иш орундарын түзүү жана мамлекетке пайда келтирүү тууралуу айтышса да, бирок, алардын максаты башка. Алар элибизди арзан жумушчу күчү катары эзип иштетип, байлыктарыбызды ит бекер ташып кетүү үчүн келишет. Ошондуктан, дүйнөгө капиталисттик империализм өкүм жүргүзүп турганда, эч качан биздин өлкөлөр жумушсуздук жана жакырчылык баткактарынан чыга албайт.

         Буга кошумча, колонизатор мамлекеттер Кыргызстанга окшогон “үчүнчү дүйнө” өлкөлөрүн айыл чарбасы, мал чарбачылык жана жеңил өнөр-жай менен гана алектенүүсүнө уруксат берет. А түгүл, дүйнөлүк уюмдар да карыз жана кредиттерди ушул багытта гана колдонууга уруксат берет. Колонизатор мамлекеттер эч качан үчүнчү дүйнө мамлекеттерине оор өнөр-жай, аскердик өнөр-жай же машина куруучулукту өнүктүрүүгө жол беришпейт. Бириккен Улуттар Уюму ушул мамлекеттер кызыкчылыгына кызмат кылуу үчүн түзүлгөн. Ал эл аралык мыйзамдар аркылуу бул мамлекеттерди көзөмөлдөп турат. Бул мамлекеттер жетекчи мамлекеттер үчүн сырьё базасы болуп эсептелишет о.э. булар айыл-чарба тармагына чектеп коюлган. Айыл-чарбасы үчүн зарыл болгон техникалар болсо ошол колонизаторлордун колунда.

         Мунун каршысында, Исламдагы экономикалык саясат: бардык жарандардын негизги муктаждыктарын кандыруу жана жогорку керектөөлөрүнө шарт жаратып берүүдөн турат. Негизги мухтаждыктары кандырылган жарандар жакыр болбойт жана алар жумушсуз калуудан коркпойт. Бирок, жарандар өздөрүнө жүктөлгөн нафакаларды өтөш үчүн иштешим важиб деп, Аллахтан корккон абалда иштөөлөрү керек, эгер антпесе, мамлекет аларды иштөөгө мажбурлайт. Эң оболу, Ислам иштөө важиб болгон бардык жарандарын жумуш менен камсыздоону мамлекет мойнуна жүктөйт. Капитализмдеги өкмөттөр мындай жоопкерчиликти алышпайт. Мамлекет жарандары жеке компаниялар иш берсе жумуштуу болот, алар айдап салса жумушсуз калат. Ал эми Исламда адамдар жумушсуз калса, аларга жумушчу ордун түзүп берүүгө мамлекет милдеттүү болот.

         Исламда жалпы элдик (умумий) мүлк деген мүлктүн түрү бар. Пайдалуу казылмалар ушул түргө кирет. Капитализмдегидей болуп ага жеке адамдар же мамлекет ээлик кылбайт. Анын пайдалары өзүнө ылайык жолдор менен мамлекеттин ар бир жаранына жетип барышы керек. Андан адамдар пайдалануусу үчүн, аны иштетүүгө мамлекет милдетүү. Демек, кендердин пайдасы жетип баруу менен адамдар жакырланбай жашайт, мамлекет кендердин өндүрүшү үчүн завод-фабрикалар куруп иштетүү менен жарандарга үлкөн жумушчу орундарын түзүп берет.

         Мамлекет адамдарды жерди иштетүүгө шыктандырат жана дыйкандарга каржы жана техникалык кайтарымсыз бекер жардамдарды берет. Ага кудуретсиз болуп турса, пайызсыз карыздарды берет. Жердин ижарага берилишине тыюу салат. Үч жыл катарынан иштетилбеген жерди алып, иштетүүчүлөргө берет. Булардын баары өз кезегинде кошумча жумушчу орундарын жаратат. Жайлоо жана жайыттар да жалпы элдик мүлккө киргендиктен, аларды бир ууч адамдар энчисине басып жата албайт.

         Капиталисттик коомдо көпчүлүк адамдарды пайдадан куру калтырып, бир ууч адамдар байлыкты топтоп ала турган дагы бир нече түрткүлөр бар. Мисалы, сүткордук, монополия, байлыкты казына (канз) кылып басып жатуу ж.б. Ислам булардын бардыгын арам кылат.

         О.э. жогоруда айтып өткөнүбүздөй, мамлекет алгач ишке жарамдуу жарандарын иш орундары менен камсыздайт. Кимдир бирөө ошондон кийин да нафакасын таба албаса, анын нафакасы ага мураскор болгон бай туугандарына жүктөлөт. Эгер мындай да болбосо, ага байтулмалдын зекет бөлүмүнөн берилет. Зекеттен жетпесе, мамлекет өз мойнуна алат. Мындай камкордук адамдарды жакырчылыктан коргойт.

         Мындан сырткары, азыр капитализмде мамлекет элден жыйылган салык эсебинен жашайт, салыктын түрлөрү көп жана алардын оор жүгү элдин желкесине жүктөлгөн. Исламда зарыл учурларда бай эсептелген жарандардан гана салык алынат. Кембагалдар, ал тургай ыктыярдуу түрдө берсе да кабыл алынбайт.

         Мына ушул өкүмдөрдүн колдонулушу табийгый түрдө жакырчылыкты жойот, жакырчылыктан коопсуз болгон адамдар жумушсуздуктан да коркпойт. Ошондуктан, жеке ишкерлер – капиталисттер сыяктуу – адамдарды жумушсуздук менен коркута алышпайт.

         Бул өкүмдөрдүн бардыгы Исламдын экономикалык түзүмүн колдонуу менен ишке ашат. Бирок, бул экономикалык түзүм Исламдын башка түзүмдөрүнөн айры, башка куфр системаларынын колтугунда ишке ашуусу мүмкүн эмес. Демек, бул экономика Исламды толугу менен колдонгон Ислам мамлекетинин саясында гана ишке ашат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here