«Жаңы жыл”га жумшалган каражат – ысраф!!!
Президент тарабынан чыгарылган “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана мархумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлык азыр да күчүндө жана аздыр-көптүр ишке ашырылып жатат. Бул жарлыктын максатын президент өзү баш болуп “ысырапкерчиликке каршы” деп айткан. Негизи, шарият боюнча – айрым бир жагдайларды эле эске албаганда – жогорудагыдай той-аштарга жумшалган каражаттар ысырап (исраф) эсептелбейт. Анткени, алар шариятта жайиз болгон мубах амалдар. Ал эми, ысырафтын шарияттагы терминдик мааниси – каражатты харамга жумшоо. Демек, эгер каражаттар харамга жумшалса, демек, мына ошондо ысыраф кылынган болот.
Бийлик эл ичиндеги адамдардын айрым жеке иштерине “ысырапкерчилик” шылтоосу менен тыюу салып жатса да, бирок, мамлекет кайра өзү чыныгы ысыраф иштерин кылып жатат. Мисалы, “эгемендүүлүк” аталышындагы жасалма күнкорсуздукка арнап, Чуңкурчакта мамлекет өзү чоң “той-аш” өткөрдү. Учурда болсо, жаңы жылды майрамдоого каражаттар сапырылып жатат. Негизи, мындай “майрам”дардын белгилениши харам болуп, аларга сарфталган каражаттар ысыраф эсептелет.
Мына мисалы, бийлик төмөнкү каражаттарды ысыраф кылууда:
Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, борбор калаанын жасалгасына эле 5 миллион сом жумшалган.
Ошто борбордук аянтты жасалгалоого 3 млн сомго жакын каражат сарпталган.
Булардан тышкары, ар бир облустар, андан ары ар бир район, ар бир айыл өкмөттөрү, жада калса, ар бир ишканалар жаңы жылды белгилөөгө каражаттар сарпташып, ысырапкерчилик иштерин алып барышууда. Ушулардан улам, мамлекеттин “ысырапкерчиликке каршы күрөшү” бул популисттик аракеттерден башка нерсе эмес экени ачык-айкын эле тастыкталып турат.
Жана дагы бир көңүл бурчу жагдай бар. Мындан 15 жылдар мурун Бишкекте азыркыдай автоунаалар көп эмес эле. Жана ошондой эле, көмүр ышы да азыркыдай каптачу эмес. Бирок, ошол жылдары, 30-декабрдан тартып 5-январга чейин Бишкек күйүк жыттанып, шаарды ыш басып жатчу. Ал ыш – жаңы жылдык жардыргычтардын (салют, петардалар) ышы болчу! Ал эми бир нече жылдардан бери болсо, Бишкек “смог” жагынан дүйнөдө алдыңкы орунду ээлеп келүүдө. Бул маселе дүйнөлүк деңгээлде көтөрүлүп, чиновниктер бул маселени чечүүнүн жолдорун издемиш этип, ыйламыш болуп жаткандарын көрүүдөбүз. Эгер чындап эле алар ыштан арылуу маселесинде астейдил болушканда, анда петардаларга тыюу салышкан болор эле. Бирок, тилекке каршы, тыюу салмак түгүл, бийлик өзү шаарга ыш чачууга өзү каражат бөлүп олтурат. Мисалы, Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштешүү департаменти жаңы жылдык фейерверк үчүн 900 000 сомдук тендер жарыялаган! Бул дагы бийликтегилердин эки жүздүүлүгүн жана алардын популизмден чыга албаган аракеттерин көзгө сайып көрсөтүп турат.
Жана дагы баса белгилей кетчү жагдай, мамлекетте “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жана өлкөнүн ичиндеги улуттук коопсуздукту сактоо менен мамлекет Ханафий жана Матуридий ынанымдарынын диний-укуктук мектебинин негизиндеги сунниттик Исламдын салттуу формаларын чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт” деген саясат шардана кылынып жүрөт. Эгер мамлекет мунусунда чынчыл болсо, анда Матуридий ынанымдары жана Ханафий фикх мектеби жаңы жыл сыяктуу майрамдарды жокко чыгарып, аларды тастыктоо куфр, майрамдоо харам экендигин уктурат.
Мисалы, «Аль-Фатава ас-Сугра» китебинде мындай делген: «Нооруз күнү мурун адатка айланбаган нерсени ушул күндү улуулоо үчүн сатып алган киши чоң күнөө кылган каафир болуп эсептелет. Себеби ал каафирлердин майрамдарын улуулады» (Имам Аъзам рахимахуллахтын «аль-Фикхул-Акбар» китебине жазылган шарх: 186).
Ханафий мазхабына тиешелүү шайх мулла Аалий аль-Корий (рахимахуллах) айтат: «Нооруз күнү мажусийге бир жумуртка болсо да белек берген адам каафир болот. Себеби, ал мажусийдин каафирлигине жана залалатына жардам берди же белек берүү менен аларга окшоду. Айрымдар: «Мусулман куфр майрамында мусулманга белек берсе куфр болбойт» дешет. Бул сөзгө өтө маани берүү керек. Анткени, бул иште куфрга окшошуу бар. Ал эми куфрга окшошуу ачык харам амал болуп эсептелет. Албетте, билбей туруп куфр майрамына келип калган адамдын өкүмү башка”. (Мында “нооруз” менен “жаңы жыл”дын айырмасы жок). Мындан көрүнүп тургандай, бийлик мазхабды бетке кармап алып, мазхабпарастыкты алга сүрүү менен кайра динибизге каршы күрөшүп жатат. Мында алар каафир кожоюндарына ээрчишүүдө.
Эй мусулмандар, өзүңөр билгендей, жаңы жылды майрамдоо харам, ал үчүн каражат сарптоо – ысыраф! Ошондуктан, каафир кожоюндарына ээрчиген жана популисттик кылып бийликке тырмышкан жетекчилериңерди ээрчип, өзүңөрдү тозокко түрткөн абалды жаратып албагыла. Андыктан, мындай мункарларга – алар жоголгонго чейин – каршы тургула!
Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү
- 12. 2022