Кыргызстан Кытайдан 59 миллион доллар грант алууну пландаштырууда
Кабар: Кыргызстан Кытайдан 59 миллион доллар грант алууну пландап жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 20-декабрдагы жыйынында билдирди.
Министр Текебаев бул каражат Түндүк – Түштүк жолунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн беш объектинин курулушуна жумшаларын айтты. Анын айтымында, жол жээгине таш кулашы мүмкүн болгондуктан бул система керек.
Ал: “Түндүк – Түштүк жолунда беш объекти каралган. Жалпы баасы 59 млн доллар. Кытай Эл республикасы менен гранттык келишим даярдалып жатат. Алар макулдугун берди”, – деди.
Маалым болгондой, таш кулашы мүмкүн болгон кичирээк тилкелер да бар — ал жердин коопсуздугу мамлекеттик бюджеттин эсебинен камсыз кылынат.
Комментарий: 2014-жылы Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министрлиги Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун куруу долбоорун ишке ашырып баштаган. Жаңы курула турган жолдун жалпы узундугу 433 км. Жолдун курулушу алгач башталган кезде долбоордун жалпы баасы 850 миллион долларга бааланган болсо, 2021-жылга келип долбоордун баасы 937 миллион 500 миң долларга көтөрүлдү. Долбоордун негизги инвестору адаттагыдай эле Кытайдын “Эксимбанкы” болуп, бул долбоорго 700 миллион доллар каражат бөлгөн. Долбоорду ишке ашыруу болсо Кытайдын “China Road & Bridge Corporation” компаниясына тапшырылган. Көнүл бурушубуз керек болгон нерсе, долбоор иштелип чыгып жатканда жана кийинчерээк дээрлик 90 миллион долларга кайрадан бааланып жатканда эмне үчүн таш кулашы эсепке алынган эмес? Эгер Кытайдан дагы 59 миллион доллар қарыз алынса, анда “Түндүк-Түштүк” унаа жолунун баасы 1 миллиард долларга жетет. Кыргызстан учурдагы экономикалык абалында бул карызды жана анын үстөк пайыздарын төлөй албайт. Демек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров элдин кулагын көндүрүү үчүн 2022-жылдын июнь айынан баштап айтып келе жаткандай, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолун башкарууну Кытай өткөрүп берүүгө чөйрө даярдалууда. Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБин, Датка-Кемин линиясын башкаруу да Кытайга өтүп кетиши мүмкүн.
О.э. Кыргызстандын “ унаа жолдору туурасындагы” мыйзамга ылайык жаңы курулган жолдордун кепилдик мөөнөтү 5 жыл, ремонттолгон жолдор үчүн кеминде 3 жыл болушу белгиленген. Жаңы курулуп жаткан жолдун сапаты да ушуга ылайык болот. Демек, келишим боюнча Кыргызстан жаңы курулган жол толук пайдаланууга берилбей туруп, жакынкы келечекте ар бир километри үчүн 700 миңден 1,5 миллион долларга чейин каражат жумшап капиталдык ремонт башташы керек болот. Өкмөттө мынча каражат жок, демек ремонт үчүн дагы карыз алууга мажбур болот. Ошентип, карыз айлампасы тынымсыз айлана берет. 2022-жылдын июнь айына карата Кыргызстандын Кытайдан карызы 1 миллиард 794,1 миллион долларга жеткен жана карыз тынымсыз өсүп жатат.
Абдурахман Адилов