Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Ислам назарында ден соолук жана саламаттыкты сактоо
Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо негиздери
Заманбап маданий өнүгүү жана саламаттыкты сактоо фандарынын өнүгүшү доорундагы капиталисттик медицинанын бузуктугу менен өндүрүштүк революциядан мурунку кылымдардагы исламий саламаттыкты сактоону салыштыруу менен көзүбүз анык жеткен нерсе ушул: Ислам өзүнүн аклий акыйдасы жана шарияты менен эътикад кылуучулардын дилине рухий саламаттык жана бактылуулукту жүзөгө чыгарып койду. Аллах Таала айтат:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَتۡكُم مَّوۡعِظَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَشِفَآءٞ لِّمَا فِي ٱلصُّدُورِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٞ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ
“Эй инсандар, силерге Роббиңер тарабынан насаат, дилиңердеги бузук ишеним-этикадыңарга шыпаа (дабаа) жана ыйман келтирген заттар үчүн хидаят жана рахмат келди” .[10:57].
Дагы айтат:
فَمَنِ ٱتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشۡقَىٰ
وَمَنۡ أَعۡرَضَ عَن ذِكۡرِي فَإِنَّ لَهُۥ مَعِيشَةٗ ضَنكٗا
“Ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот”.[20:123-124].
Төмөндө Халифалык мамлекетиндеги саламаттыкты сактоо курула турган эң маанилүү негиздерге токтолуп өтөбүз.
Ислам фалсафасы – мадданы (материяны) рухка аралаштыруу
Ислам адамдын амалдарын шаръий өкүмдөр менен тартиптештирип жатканда, адамды Аллахтын махлуку деген назар менен карайт. Т.а. ал мадда болгон адамдын амалдарын анын Аллахка болгон алакасын идирек кылышына т.а. рухка байлайт. Башкача айтканда, адам амалды аткарып жаткан учурда ал өз Холикине болгон алаканы идирек кылат. Мына ушул нерсе мадданы рухка аралаштыруу деп аталат. Саламаттыкты сактоо да ушуга кирет. Анткени, имам-мамлекет башчысы тарабынан саламаттыкты сактоо иштерин башкаруу шаръий өкүм болуп, имам бул иштерди Аллах Таалага болгон алакасын идирек кылган абалда аткарат. Имамдын бул иштен көздөгөн гоясы Аллахтын ыраазылыгы болот. Ошондуктан, халифа жана бул тармактын адистери бар болгон күч-кубат, мүмкүнчүлүктөрүн аябастан ишке салышат жана бул үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөн толук пайдаланууга аракет кылышат.
Исламдын проблемаларды чечүүдөгү көз карашы
Ислам өзү чечмекчи болгон проблемага – ал экономикалык, саламаттыкты сактоо, саясий, таалим тармагындагы же дагы башка ар кандай тармактагы проблема болобу айырмасыз – эң алгач бул проблемага: кандырылышы зарыл абалдагы узвий муктаждыктары жана гарыйзалары бар болгон инсандын проблемасы деп карайт. Демек, Ислам проблеманын адамдын муалажага муктаж проблемасы экендигине көңүл бурат. Мисалы, Ислам бейтаптын саламаттыкты сактоого болгон муктаждыгына белгилүү бир жашоо таризинде жашап жаткан коомдогу инсаний проблема деп карайт. Ошондуктан, Ислам саламаттыкты сактоо тармагын да, экономикалык тармакты да этибарсыз калтырбайт. Ошол себептен, Ислам дарылоо жана реабилитация үчүн зарыл болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен камсыздоого чакырат. Оору жайылбастыгы үчүн бейтаптарга жана коомдук иштерге камкордук кылуу үчүн каражат жумшоону важиб кылат. Ар кандай чыгымдарга карабастан жаратылыш кырсыктары сыяктуу кыйынычылыктарды жеңүү үчүн жетиштүү медициналык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууну талап кылат. Ошондуктан, Ислам өзүнүн көз карашын саламаттыкты сактоо же экономикалык тармак менен чектебейт.
Саламаттыкты сактоо жараянында калктын бардык катмарына бирдей кароо
Ислам калктын бардык катмарына бирдей кароону важиб кылды. Ошондуктан халифалык мамлекети иш жүргүзүп жаткан убакта жарандыкка ээ болгон адамдардын арасын эч качан ажыратпайт. Ошол себептен, иш жүргүзүлүп жатканда жарандын дини, жынысы, расасы, жашы же турак жайы этибарга алынбайт. Буга Расулуллах саллоллоху алайхи ва салламдын:
“Имам башчы жана ал өз калкынан жоопкер”, – деген сөзү далил болот.
Хадисте “өз калкынан” деген сөз келди. Бул сөз умумийликке далалат кылат. Бул жерде аны хостой турган эч бир ишара жок. Ошондуктан, ал умумий бойдон калат. Кудум ушундай кылып, Ислам мамлекети – Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам Мединада тикелегенден баштап, өткөн кылымдын башында кулатылганга чейин – бүтүндөй калктын иштерин алардын жарандыгынан башка эч бир жагына көңүл бурбаган абалда жүргүзгөн. Аллахтын изни менен тез арада тикелене турган келечектеги Халифалык мамлекети да кудум ушул ишти кылат, иштерди ушундай көрүнүштө башкарат.
Өкүм борборлошкон, идара борборлошпогон болот
Өкүм – бул шарият өкүмдөрүн аткаруу. Өкүм жүргүзүүдөгү салахият Үммөт өз салтанатын колуна тапшырган адамдын колунда болот. Бул адам Халифа. Ал эми идара болсо, ижрада колдонула турган васита жана услубдар болуп эсептелет. Ушул услуб жана васиталарды халифа, наиб, аларга жардам бере турган мүдүрлөр жана кызматкерлер иштетишет. Мамлекет иштерди идараларга, башкармалыктарга бөлүштүрүп берет. Ушул бөлүштүрүүгө ылайык жооптуу идара саламаттыкты сактоо иштерин борборго кайрылууга муктаждык сезбеген абалда түздөн-түз, автоматтык түрдө өзү башкарат. Аныгыраагы, ар бир башкармалык адамдардын муктаждыктарын эсептеп, ошол аймакта – ваба оорусу жайылган абалдагы сыяктуу – мүмкүн болушунча тезирээк адамдардын муктаждыктарын кандырууга аракет кылат.
Масолих идаралары жөнөкөйлүк, тездик жана кифая-жетиштүүлүк негизине курулат
Халифалык мамлекетинде масолих (кызыкчылыктарды, адамдын жашоосун ыңгайлаштырууну башкаруу), башкармалык жана идаралар саясаты түзүмдөгү жөнөкөйлүк, иштерди аткаруудагы тездик жана идара жүргүзүүчүлөрдөгү (илим, тажрыйба, кубаттардын) жетиштүүлүгүнө курулат. Чындыгында, шарият мыйзамдары ар бир ишти чырайлуу аткарууга, жеңилдетүүгө буюрат, оорлоштуруудан кайтарат. Адамдардын муктаждыктарын чечүүнү артка сүрүүнү каралайт. Бүгүнкү күндө идара кызматкерлери адамдардын иштерин чечүүнү создуктурушат, адамдар да сарсанаа болуп, үйлөрүнө, иштерине кете албай жүрө беришет. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:
مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ الْمُسْلِمِينَ شَيْئًا ، فَاحْتَجَبَ دُونَ خَلَّتِهِمْ ، وَحَاجَتِهِمْ ، وَفَقْرِهِمْ ، وَفَاقَتِهِمْ ، احْتَجَبَ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ دُونَ خَلَّتِهِ ، وَفَاقَتِهِ ، وَحَاجَتِهِ ، وَفَقْرِهِ
“Ким мусулмандардын иштеринен бирине жоопкер болсо, кийин алардын кемчиликтерин, жетишпестик, жакырчылык жана муктаждыктарын чечүүдөн качып, жашынып алса, Кыямат күнүндө Аллах Азза ва Жалла анын да кемчилик, жетишпестик, муктаждык жана жакырчылыгы алдында жүз үйрүп коёт” т.а. Аллахка илтижа кыламын дегенде Аллах да жүз үйрүп коёт. Хаким Абу Мураймдан риваят кылган жана иснады сахих деген.
Демек, Ислам адамдардын иштерин башкара турган кишилерди ошол адамдар арасында, алар менен бирге жашоого, алардын муктаждыктарынан, проблемаларынан кабардар болууга буюрду. Алардын проблемаларын оңойлук, жеңилдик, жөнөкөйлүк жана тездик менен чечип берүүнү важиб кылды. Алардын проблемаларын чечип, муктаждыктарын кандыра турган адистерди жетиштүү даражада дайындап коюуга буюрду.
Халифалык мамлекети бардык жарандардын негизги муктаждыктарын кепилдейт жана алардын камалий муктаждыктары жүзөгө чыгарылышына шарт түзөт
Ислам калкы адамдардын ар бири үчүн шахсий жана жамаий болгон негизги муктаждыктарын кепилдеген. “Негизги шахсий муктаждык” деп айтылганда жеп-ичүү, үй-жай жана кийим-кече этибарга алынса, “негизги жамаий муктаждык” дегенде коопсуздук, таалим, медицина тармактары көздөлөт. Негизги шахсий муктаждыктарды эмгекке жөндөмдүү адамдардын өздөрү жүзөгө чыгарышат. Ал эми феълан же хукман эмгектенүүгө кудуреттүү болбогондордун жана шаръан багуучусу болбогон адамдардын муктаждыктарын кандыруу болсо – Расулуллах саллоллоху алайхи ва салламдын төмөнкү сөздөрү далили менен – мамлекеттин мойнуна жүктөлөт:
من ترك مالا فلورثته، ومن ترك كلا فإلينا
“Ким мал-дүйнө калтырып кеткен болсо, ал мүлктөр мураскорлоруна берилет. Ким жетим-жесир калтырып кеткен болсо, ал жетимдер биздин мойнубузда”. Бухарий өз сахихинде риваят кылган.
Феълан алсыз адам – иштөөгө, эмгектенүүгө жарабай турган киши. Хукман алсыз болсо, эмгектенүүгө, иштөөгө кудуреттүү болуп туруп, бирок жумуш таба албаган киши. Мындай абалда мамлекеттин ал кишини жумуш менен камсыздашы важиб болот. Жумуш табылганга чейин ага феълан алсыз болгон кишидей мамиле кылынат. Ошондуктан мамлекет мындай кишинин негизги муктаждыктарын кепилдикке алат.
Ал эми умумий негизги муктаждыктарды болсо, мамлекет калкынын арасын ажыратпаган абалда бардыгына бирдей камсыздайт. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:
مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ آمِنًا فِي سِرْبِهِ مُعَافًى فِي جَسَدِهِ عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا بِحَذَافِيرِهَا
“Силерден кимдин көңүлү кадыржам болсо, дени соо болсо, күнүмдүк жей турган азыгы болсо, ал бүт дүйнөгө ээлик кылгандай болуптур”. Термизий риваят кылган жана аны хасан, гариб хадис деген. Бул хадисти Ибн Хаббан да өз сахихинде чыгарган. Демек, таалимге кошумча тынчтык-кадыржамдык да бардык адамдардын муктаждыгы болуп, бул экөөнү мамлекет кепилдеши керек. Ал эми адамдарды өлүмгө алып бара турган пандемияга карата болсо, мамлекет адамдардын саламаттыгын сактоо иштерин ошол пандемиялардын көлөмүнө ылайык болгон усулдар менен башкарышы керек болот.
Экономикалык проблемага болгон көз караш
Ислам “экономикалык проблема”ны “Ресурстарды адамдарга бөлүштүрүү” деп билет жана ресурстар жер жүзүндө жашап жаткан бардык адамдарга жетишин, кифая кылышын баса белгилейт. Аллах Таала айтат:
وَقَدَّرَ فِيهَا أَقْوَاتَهَا
“Аллах жерде анын жемиштерин (Жер калкынын ырыскы-насиптерин) толук төрт күндө белгилеп бөлүштүрдү”.[41:10].
Ошондуктан, Исламдын экономикалык проблемаларды чечиши байлыктарды табууга эмес, аларды бөлүштүрүүгө каратылат. Байлыктарды бөлүштүрүү үчүн болсо, Ислам өзүнө хос түзүм иштеп чыккан. Ал түзүмгө ылайык, Ислам кудуреттүү адамдын эмгектенишин важиб кылган. Аялдар жана жаш балдардын нафакасын эркекке важиб кылган. Жакындарынын нафакасын мурас алуучу жакын туугандарына важиб кылган. Факир жана мискиндер үчүн зекеттен акы ажыраткан. Умумий мүлктө калк үчүн акы белгилеген. Багуучусу жок, жумушка жарабай турган адамдарды багууну мамлекеттин мойнуна жүктөгөн… Ошону менен Ислам бардык адамдардын негизги муктаждыгын толук камсыздоону кепилдеген. Мына ошентип, Ислам жисманий жана рухий саламаттыкка ээ болуу үчүн эң туура негизди пайда кылды. Бүгүнкү күндө болсо, капитализм колдонулушунун натыйжасында мунун тескерисине күбө болуп жатабыз. Жакырчылык, жокчулук, жумушсуздук, сүткордук, депрессия, жалгыздык, үй-бүлө бузулушу, уурулук, карызды өз убагында төлөй албастык, дагы буларга кошумча түрдө тамактануунун начардыгы жана анын акыбеттери, адамдын ден соолугуна туура келе турган турак жайлардын жетишпестиги жана мындан келип чыгуучу оорулар – мына ушулардын бардыгы ден соолуктун бузуллушуна алып баруучу факторлор болуп эсептелет.