АКШда бир жыныстуулардын никеси мыйзамдаштырылды

2635
0

АКШда бир жыныстуулардын никеси мыйзамдаштырылды

         АКШнын президенти Жо Байден шейшемби күнү бир жыныстуу жана расалар аралык никени мыйзамдаштырган “Никени сыйлоо мыйзамына” кол койду.

         1996-жылы Конгресс никени аял менен эркектин союзу катары аныктаган “Никени коргоо мыйзамын” кабыл алган. Жо Байден ошол кезде сенатор болуп турганда ага добуш берген. Бир нече жылдан кийин штаттар бир жыныстуулардын союздарын, кийин никени мыйзамдаштыра баштаган.

2015-жылы Жогорку сот америкалыктардын бир жыныстуу никеге туруу укугу өлкөнүн Конституциясында корголот деп чечкен. Мыйзам штаттарга бир жыныстуу никелерди каттабай коюу эркиндигин калтырат, бирок аларды башка штаттарда жасалган бир жыныстуу никелерди таанууга милдеттендирет.

         Белгилүү болгондой, АКШда демократтар партиясы сексуалдык азчылыктардын укуктарын коргоого өзгөчө басым жасайт. Байден буга чейин ЛГБТ коомчулугун коргогон жана трансгендерлердин аскерде кызмат өтөөсүнө уруксат берген буйрукка кол койгон.

         Бүгүнкү күндө демократия системасы насилди сактоонун ордуна бузукулуктарга жол ачып, аларды адам укугу деп таанытууда. Натыйжада, Батыш мамлекеттеринде жаш муун азайып, кары-картаңдардын саны өсүп баратат. Анын негизги себеби бир жыныстуу түгөйлөргө уруксат берүү, зынакорлуктун, жыныстык оорулардын кеңири жайылышы болуп саналат.

ЛГБТлар тарыхта болуп келсе да аларга 1960-90-жылдар аралыгында кеңири укуктар бериле баштады. Башкача айтканда, Лесбиянка (аял түгөйлөр), Гей (эркек түгөйлөр), Бисексуал (эркекке да аялга да түгөй боло бергендер), Трансгендерлер (ориентациясы белгисиз адамдар) 20-кылымдын акырынан тарта тең укукка ээ болушту. Мындай бузукулукту жаюу үчүн Батыш медиа тармагын кеңири колдонууда. Маселен, 2020-жылдан тарта Оскар сыйлыгына ээ боло турган фильмдер үчүн жаңы эрежелердин катарына “сөзсүз түрдө ЛГБТ өкүлдөрүн” кошуу талабы коюлду. Бүгүнкү күндө ЛГБТ өкүлдөрүнүн саны статистикалык маалыматтарда жер калкынын эки пайызына барабар экени айтылат. Алардын көбөйүп жатышын Батыштын пропагандалык саясатынын жемиши катары карасак болот. Бул бузукулуктун пропагандасы бала бакчадан эле башталат. Маселен, Калифорния штаты мамлекеттик мектептердин мугалимдери үчүн жыныстык тарбия жөнүндөгү колдонмого өзгөртүү киргизди, эми мугалимдер бала бакчаларда жаш балдарга жыныстык өзгөчөлүктөр жөнүндө талкуу өткөрөт. АКШнын чоң шаарларындагы китепканаларда «трансвестит менен бир саат китеп окуу» деген нерсе пайда болду, башкача айтканда, трансгендерлер мектепке чейинки балдарга китеп окуп беришет.

         Жогоруда, бул бузукулуктун пропагандасы бала бакчадан башталат, деп жаңылыш айтылып калгандай. Мындай пропаганда бала төрөлгөн заматта башталат. Маселен, Американын бир катар штаттарында баланын туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүккө жынысы көрсөтүлбөгөн графа берилет. Демек, алар бала төрөлөбү, же кыз төрөлөбү, айырмасыз, аны бала же кыз деп карашпайт. Алардын оюнда бала чоңойгондо кыз болобу, же лесби болобу, же гей болобу… өзү чечип алат. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн бала бакчалардагы, мектептердеги, турмуштагы пропаганда турганда соо бала чыгары күмөн.

         Батыш мына ушул бузукулуктарын өзүндө эле жайылтпастан, адам укугу маскасы артында гранттарды бөлүү аркылуу мусулман өлкөлөрүнө да жайып жатат. Маселен, Кыргызстанда Сорос фонду баштаган бир катар эл аралык каржы уюмдары ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугун коргоо, алардын коопсуздугун камсыздоо, мыйзамдарды чыгартуу максатында жыл сайын миллиондогон доллар каражат бөлүп турат. Бир эле Сорос фонду 2018-жылы бул багытта 4 млн доллар каражат бөлгөн. Алардын пропагандасынын натыйжасында ЛГБТ өкүлдөрүнүн саны өлкөдө 22 миңге жеткени айтылат.

         Мындан белгилүү болгондой, демократиядагы керт баш эркиндигинен улам бир катар көйгөйлөр келип чыгып адамзаттын насилин коркунучка салууда. Анткени, демократиялык түзүмдө аялдар сатылуучу товар, ырахат алуучу дене катары каралат. Бул түзүм аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө тукруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө.

         Түпкүлүгүндө, аял киши корголушу важиб болгон намыс жана үй бекеси катары каралышы керек эле. Мына ушундай камкордук гана аял кишиге өзүн аял катары сезүүсүн камсыздап берет. Анткени, Ислам насилди сактоо үчүн тукум улоо инстинктин кандыруу туура жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондуктан Исламда бир жыныстуу байланышка, зынакорлукка, сойкулук сыяктуу бузуку амалдарга катуу тыюу салынып, кылмышкерлер оор жазага тартылат. Аборт адам өлтүрүүгө тете иш болуп саналат.

         Жыйынтыктап айтканда, Исламда адамзат насилин сактоо үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр сарпталат. Мына ушул чектен чыккан кылмышкерлер жалпы коомдун бакубаттыгы үчүн жазаланат. Аларга берилген шарият жазасы кылган күнөөсүн моюндарынан сакыт кылып, Акыретте бул күнөөсү үчүн жооп бербей турган кылат.

Аллах Таала айтат: “Эй момундар, Алла силер үчүн адал кылып койгон таза-пакиза нерселерди арам дебегиле жана (Алла белгилеген) чектен ашпагыла! Албетте Алла чектен ашуучу адамдарды сүйбөйт”.    

Мумтаз Маверанахрий      

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here