Александр Башкин: Түркмөнстандан Азербайжанга газ кууру курулушуна уруксат бербейбиз

2309
0

Александр Башкин: Түркмөнстандан Азербайжанга газ кууру курулушуна уруксат бербейбиз

 Кабар: Россия Федерациялык Кеңешинин мүчөсү Александр Башкин Түркмөнстан-Азербайжан транскаспий газ кууру курулушуна уруксат берилбешин билдирди .

Анын айтымында, Батыш эксперттери түркмөн газын Баку аркылуу Түркияга, ал жактан болсо Европага экспорт кылынышынан, бул аркылуу Россия газына көз карандылыктан кутулуудан куру эле үмүттөнүп жатышат.

 “Билип коюш керек болгон нерсе, беш Каспий мамлекети тарабынан кол коюлган Каспий деңизинин макамы жөнүндөгү документке ылайык, бардык мамлекеттер өз ара алакада ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга ыраазылык бериши керек, айрыкча экологиялык коопсуздук тармагында. Суу алдынан өткөрүлө турган газ кууру Каспий деңизинин экологиялык коопсуздугуна коркунуч туудурушу себептүү Россия анын курулушуна ыраазы болбойт”, – деди сенатор.

 “Учурда Түркмөнстандын экономикалык кызыкчылыгынан тынчсызданууга зарылдык жок. Бизге дос болгон ал мамлекет газынын ар кандай көлөмүн Кытай, Индия жана Россия кабыл алууга кудуреттүү”, – деп тыянактады Башкин.

13-14-декабрь күндөрү Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагында Азербайжан, Түркия жана Түркмөнстан башчыларынын саммити өтүп, анда Транскаспий газ кууру долбоору талкууланган болушу мүмкүн. Түркмөнстандын маалымат каражаттарында газ кууру темасы дээрлик айтылбады. Ошол эле убакта, Россиянын “Коммерсант” гезити саммиттин негизги максаты түркмөн газын Азербайжан аркылуу Европага жеткирүү болгонун жазды.

Комментарий: Быйыл 1-июлда Түркмөнстандын борбору Ашхабадга сапар кылган Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Түркмөнстан президенти Сердар Бердимухамедов менен жолугушкан. Жолугушуунун аягында Фуат Октай түркмөн газын Түркияга ташуунун үч варианты каралып жатканын билдирген.

“Булар төмөнкү альтернатитвдүү үч вариант: Каспий бойлоп TANAP линиясынан пайдалануу, SWAP келишими же деңиз аркылуу куур линиясына өтүү. Даярдык иштерин аяктоого өтө жакын экендигибизди жарыялоодон кубанычтамын”, – деген эле вице-президент.

TANAP газ кууру Европа комиссиясынын демилгеси менен түзүлгөн Түштүк газ транспорт коридорунун негизги курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Түштүк газ транспорт коридоруна Транс-Анадолу линиясынан (TANAP) тышкары, Түштүк Кавказ газ кууру жана Транс-Адриатик газ кууру (ТАP) кирет. Түркмөнстандан Транскаспий газ кууру долбоору ишке ашырылса, ал Трансанадолу линиясына уланышы мүмкүн.

TANAP газ кууру Азербайжан газын Грецияга жеткирип берет. Грециядан болсо бул линия TAP газ кууруна уланат, ошентип Азербайжан газы Албания, Болгария, Италия жана башка Европа базарларына жеткирилет. TANAP газ куурунун жылына 15 миллиард кубометр газ өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар, TAP болсо 10 миллиард кубометр газ өткөрүүгө кудуреттүү.

Түркиянын  вице-президенти TANAPтан тышкары түркмөн газын сатып алуунун дагы эки вариантын айтып өттү.

Алардын бири SWAP. Бул Түркия менен Түркмөнстан ортосундагы алмаштыруу схемасы боюнча газ жеткирип берүү планына Иран жана Азербайжан кирет. Бул схема боюнча Түркмөнстан Түркияга деген газды Иранга жөнөтөт жана алар өз кезегинде кудум ушундай көлөмдөгү газды Азербайжанга жөнөтөт жана ал жерден Түркияга багытталат.

Түркмөнстандан газ жеткирип берүүнүн үчүнчү варианты болсо аны суюлтулган абалда Каспий деңизи аркылуу Азербайжанга, ал жерден куурлар аркылуу Түркияга өткөрүү идеясы.

 Түркмөнстан бугунку күндө газын Россия менен Кытайга гана сатууга мажбур. Башка кардар болбогону себептүү Кытай менен Россия андан газды арзан сатып алат. АКШ Түркмөнстандын газ экспорту боюнча Россияга көз карандылыгын жоюу жана түркмөн газын көзөмөлгө алуу максатында 1800 километрдик Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия (ТАПИ) газ кууру долбоорун ишке ашырууга киришти. Аталган долбоор жылына дээрлик 33 миллиард кубометр түркмөн газын экспорт кылууга болжонгон. Эгер бул долбоор ишке ашса, аймактагы эң арзан газ болуп эсептелген түркмөн газына дагы үч кардар пайда болот. Азыркы бөлүштүрүү менен Афганистан жылына 5 миллиард кубометр, Пакистан 14 миллиард кубометр, Индия 14 миллиард кубометр газ алат. Бул нерсе өз кезегинде Россияны газдын баасы жаатында Түркмөнстанга басым өткөрүү рычагынан ажыратса, башка тараптан Түркмөнстандын жыл сайын 35 миллиард кубометр газ алып жаткан Кытайга көз карандылыгын азайтат. 

Эгер түркмөн газын Азербайжан аркылуу Европага жеткирип берүү да ишке аша турган болсо, бүгүнкү күндө энергетика жаатында Россияга көз каранды болгон Европага Россиянын басымынан кутулуу мүмкүнчүлүгүн берет жана аймактын АКШга болгон көз карандылыгын күчөтөт. Ал эми Россиянын буга колунан келген бардык каражаттар аркылуу каршылык көрсөтөрү анык. Бирок, күндөн-күнгө алсырап бара жаткан Россиянын буга канчага чейин каршылык көрсөтөрү убакыт маселеси болуп калды.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here