بسم الله الرحمن الرحيم
СУРОО-ЖООП: АМЕРИКА КОНГРЕССИНЕ ШАЙЛОО ТУУРАЛУУ
Суроо: Республикалык партия 435 мүчөдөн турган АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында бираз гана айырма менен жеңип чыкты. CBS Newsтун (Би-Би-Синин АКШдагы өнөктөшү) маалыматында, ал кеминде 218 мандатка ээ болмок. (Би-Би-Си, 17.11.2022). Ал эми, “Демократтар жекшемби күнү АКШ Сенатында көпчүлүктү сактап калгандыгын майрамдашты” (“Аль-Жазира” 14.11.2022).
Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөгү массалык маалымат каражаттары АКШ Конгрессиндеги (Өкүлдөр палатасы жана Сенат) шайлоону чагылдырышты. Эмне үчүн дүйнө Америкадагы жергиликтүү окуяларга мынчалык көңүл бурулууда. Ал эми башка өлкөлөрдөгү ушуга окшош шайлоого аз көңүл бурулат? Балким, Америка өлкөсүндөгү ички окуяларга эл аралык маани берүү үчүн бүткүл дүйнөдөгү малай акимдерден көбүрөөк көңүл бурууну талап кылып жатабы? Кудум Британияга ыктаган өлкөлөрдөгү маалымат каражаттары эч кимге кереги жок падышалар, алардын аялдары, балдары ж.б.у.с маалыматтарды чагылдырган сыяктуу.
Жооп: Чындыгында Англия өзүндөгү улуулук сезими жана «күнү батпай турган империя» сыяктуу өзүнүн малайларынан Британиянын ичинде болуп жаткан окуяларга көңүл бурууну талап кылат. Мунун себеби Британия өчүп бараткан улуулук сезимин жандандыруу аракетине байланыштуу. Бирок Американыкы мындан башкача. Муну аныктоо үчүн төмөнкүлөргө токтолобуз:
1- АКШда болуп жаткан ички окуялардын эл аралык кырдаалга тийгизген таасирин түшүнүү үчүн бир нече мисал келтиребиз:
а) АКШ президенти Байден Орусия Херсондон чыгуу чечимин жарыялаганга чейин АКШдагы орто мөөнөттүү Конгресс шайлоосунун жыйынтыгын күткөнүн айтты. (Аль-Жазира 11/11/2022).
б) Сауд Арабиясы ОПЕК+ ичинде дүйнө жүзү боюнча бааны көтөрүү үчүн мунай өндүрүүнү күнүнө эки миллион баррелге кыскартты. Муну менен Америкалык шайлоочулар жергиликтүү деңгээлде күйүүчү майдын баасына нааразылыгын билдирип, демократтар үчүн добуш берүүдөн баш тартып, анын ордуна республикачыларга добуш беришти.
в) Азырынча, Кытай коронавирустун айынан бүт шаарларды жаап жатабы же президент Байдендин партиясын колдоо каалоосуна байланыштуу экени белгисиз. Балким, жакынкы күндөрү мунун акыйкаты белгилүү болуп калат. Ошондуктан, АКШдагы 2022-жылдын 8-ноябрындагы орто мөөнөттүү шайлоолор маанилүү эл аралык окуя болуп калды. Анын үстүнө, Америкадагы ар кандай окуялар дүйнөнүн башка аймактарына да таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, АКШдагы бул шайлоолордун эл аралык чөйрөгө тийгизген таасирин эске албай коюуга болбойт. Мындан тышкары, мурдагы президент Трамптын мөөнөтүндө Американын ичинде терең бөлүнүүнү пайда кылгандыктан, бул шайлоо өтө маанилүү болуп калды. Мындай бөлүнүүлөр адамдардын арасында, өкмөттө, партиялар жана компанияларда ачык көрүндү. Ошондуктан, бүткүл дүйнө АКШ Конгрессине болгон шайлоонун жыйынтыгына кылдат көз салып турду.
2- Дүйнөдөгү эң ири капиталисттик өлкө болгон Америка саясий системасында атаандаштык эки партиянын ортосунда гана жүрөт. Бул эки партия тең шайлоо учурунда капиталисттик компанияларга таянат. Тандоону эл эмес ири капиталисттик компаниялар жасайт. Быйыл Конгресстин эки палатасындагы талапкерлерди колдоо үчүн компаниялар болжол менен 17 миллиард доллар сарптаганы мунун ачык далили. «АКШ ар бир мүмкүнчүлүктө парадоксалдуу үлгүсүн көрсөтүүдө: өлкө тарыхый инфляциядан жапа чегип жаткан учурда орто мөөнөттүү шайлоолордун чыгашасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. АКШдагы 2022-жылкы орто мөөнөттүү шайлоонун чыгымы 16,7 миллиард доллардан ашты» (“Sky News Arabia” 13.11.2022). Бул сумма Африканын жана башка аймактардагы бир нече өлкөнүн бюджетине барабар. Мындан белгилүү болгондой, ири компаниялардын ээлери Америка элин тигил же бул талапкерди шайлоого багыт берип турат. Сыртынан караганда бийлик элге таандык болуп көрүнгөнү менен турмуш чындыгында бийлик кайсы бир талапкерди колдоо үчүн жүз миллиондогон долларларды сарптай ала турган ири компанияларга таандык. Айрымдар, шайлоочулар эмес Америкадагы саясатчылар өз шайлоочуларын тандашат деп айта башташты. Маселен, абортко уруксат деген ураанды көтөргөн адам аялдар тарабынан шайлангысы келет. Мигранттарды коргойбуз деген ураанды ким көтөрсө ал азчылыктар тарабынан шайлангысы келет. Ким тектик ураанды көтөрсө ак америкалыктар тарабынан шайлангысы келет ж.б.у.с.
3- Америкада дайыма акча жана корпорациялар үстөмдүк кылып келген. Бирок президент Трамптын мөөнөтү учурунда Америка ичинде болуп жаткан кескин өзгөрүүлөрдү ачыкка чыкты. Эң көрүнүктүү өзгөрүү – ири компаниялардын ортосундагы курч атаандаштык мурдагыдай “спорттук мелдеш” менен чектелбей калганынан көрүнөт. Бул күрөш ушунчалык курчуп кетти дейсиң, дээрлик кайноо абалына жетип, карама-каршылыктар айынан ач көздүк тынч жашоого мүмкүнчүлүк бербей калды. Капиталисттик компаниялардын ортосундагы айыгышкан күрөш компаниялардын кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылардын сөөгүн сындырган күрөшкө айланды. Капиталисттер эки лагерге бөлүндү: Биринчисинде Демократиялык партиянын өкүлү болгон технологиялык компаниялар үстөмдүк кылууда. Экинчисинде Республикалык партияны жактаган мунай жана энергетикалык компаниялар үстөмдүк кылат. Бул эки лагерь дагы да бөлүнүүгө даярданууда. Башкача айтканда, АКШнын штаттарындагы бөлүнүүлөрдө да, талапкерлердин артында турган ири компаниялардын кызыкчылыгында да ушул бөлүнүүлөр көрүнөт. Америка мунай жана энергетика компаниялары ондогон жылдар бою Америка капитализминин маңызын түзүп келгенин белгилей кетүү керек. Алар Американын ичинде да, сыртта да чоң таасирге ээ болгон. Мунай согуштары, өлкөлөр ортосунда мунай жана газ түтүктөрүн жана мунай танкерлерин куруу саясаты бул компаниялардын таасирин кеңейтти жана үлкөн кирешелерди алып келди. Бирок, акыркы жылдарда технологиялык компаниялардын жыйырма жылга жетпеген убакытта тапкан капиталы мунай жана энергетикалык компаниялардын айрымдарынын дээрлик бир кылымда топтогон капиталынан ашып кетти. Бул көйгөй тереңдешип, өзгөчө коронавирус мезгилинде курчуп кетти. Бөгөт коюу (карантин) саясаты мунай компанияларын ири кирешелерден ажыратып, а түгүл айрым учурда мунайдын баасы өздүк баасынан төмөн түшүп кетти. Ушул эле учурда технологиялык компаниялардын кирешеси өсүп жатты. Анткени, адамдар үйүндө отуруп эле бири-бири менен байланышып, телекоммуникация жабдуулары жана компьютерлер аркылуу өз иштерин жасай башташты. Бул компаниялар аркылуу коммерциялык жана финансылык ири операциялар жасалып жатты. Мисалы, америкалык Amazon компаниясы соода мейкиндигин негизги бөлүгүн ээлеп алды. Буга электрондук соода жана үйгө товар жеткирүү принциби аркылуу жетишти. Мындай кескин өсүү Трамп администрациясынын бийликке келген учуруна туш келди. Натыйжада чыгашага учураган компаниялар менен кирешеси өсүп жаткан компаниялардын ортосундагы чыр-чатактар күчөп кетти. Бул компаниялар өз пландарын саясатчылар аркылуу ишке ашыргандыктан, саясатчылардын арасында да кескин бөлүнүү байкалды.
4- Америка штаттарынын ортосундагы ажырым күчөдү. Демократтар көзөмөлдөгөн штаттар мунай компанияларына каршы мыйзамдарды кабыл алышты. Мисалы, Калифорнияда абанын булгануусун нөлдүк деңгээлге түшүрүү жана 2035-жылга чейин электр унааларына толук өтүү мыйзамы кабыл алынды. Ал эми, мунай компаниялары көзөмөлдөгөн Техас сыяктуу штаттар «жашыл» өнөр-жай ишканаларын, башкача айтканда, абага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу саясатын жүргүзгөндөрдү кара тизмеге киргизишти. Кийин бөлүнүүнү мыйзамдаштыруу процесси башталды. Республикачылар көзөмөлдөгөн штаттар шайлоо округдарынын чектерин өзгөртүп, келе жаткан шайлоолордо мамлекетти көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн мыйзамдарды кабыл алышты. Мисалы, Демократиялык партиянын жактоочулары колдогон почта аркылуу добуш берүүнү чектеген мыйзамдар кабыл алынды. О.э Демократиялык башкаруудагы штаттар да Конгресстин округдарын кайра түзө башташты. Республикачыларды ал штаттардан кыскартуу үчүн почта аркылуу добуш берүү мыйзамын кабыл алышты. Бул билим берүү тармагындагы бөлүнүүнү кошпогондогу абал. Республикачылар көзөмөлдөгөн штаттардагы мектептердин окуу программасына “критикалык расалар теориясын” киргизип, иммиграцияга жана иммигранттарга каршы идеялары жайылтылды. Мунун каршысында демократиялык партия көзөмөлдөгөн штаттарда аборт кылуу эркиндиги жана иммигранттарды тосуп алуу идеясы жайылууда. Себеби, бул республикачылардын консервативдүү көз карашына карама-каршы келет. Ошентип, Америка штаттары республикачылар көзөмөлдөгөн кызыл жана демократтар тарабынан көзөмөлдөнгөн, иммигранттар жана ак америкалыктар үстөмдүк кылган көк штаттарга бөлүнүштү. Башкача айтканда, бөлүнүү этникалык мүнөзгө ээ боло баштады. Абал барган сайын ушул нукта туруктуу мүнөзгө ээ болуп калды. Ошондуктан, штаттардагы саясатчылар азыр талаштуу маселелерди көтөрүүгө көбүрөөк ыкташат.
5- Америка дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен бирге АКШ Конгрессине орто мөөнөттүү шайлоонун жыйынтыгына кызуу көз салып турду. Анткени бул шайлоолор алардын кызыкчылыктары менен тыгыз байланышта. Орусия “Трамптын командасы” бул шайлоодо жеңишке жетип, Байдендин администрациясы сыяктуу Украинага көп колдоо көрсөтпөйт деп күттү. Европа өзгөчө Германия, Орусиянын экспансиялык аракетинен жана Америка-Европа мамилесиндеги Трамптын позициясынан улам республикачылардан коркууда. Кытай болсо Америка-Кытай ортосундагы чыңалуунун күчөшүнөн кооптонот. О.э. Түштүк Корея менен Японияны өзөктүк курал менен камсыз кылуусунан сактанат. Ал эми, Американын исламий аймактагы Сауд Арабия сыяктуу малайлары «Трамп тобу» алар үчүн «Байден тобуна» караганда жакшыраак деп эсептейт. Айрымдары мунун тескерисин каалайт.
Бул шайлоолор президенттик болбосо да андан кем эмес маанилүү. Анын үстүнө 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоонун көрсөткүчү болуп эсептелет. Америкада инфляциянын өсүшү жана күйүүчү майдын кымбатташынан улам республикалык партия үчүн жагымдуу жагдай түзүлдү. Ар кандай сурамжылоолор да ушуга багытталды. Бул массалык маалымат каражаттарында ушунчалык пропаганда кылынгандыктан демократтар “кызыл толкундун” жууп кетишинен коркуп калды. Кыскача айтканда, шайлоонун шарттары жалпысынан республикачылардын пайдасына болду. Бирок, биз бүгүн көрүп тургандай, социалдык сурамжылоолорду жүргүзгөн уюмдарды жана келе жаткан “кызыл толкунду” күткөн ММКларды ыңгайсыз абалга кептеп койду. Алардын арасында демократтарды колдогон маалымат каражаттары да бар эле. Мурдагы президент Трамп АКШнын штаттарын кыдырып президенттик шайлоо өнөктүгү сыяктуу Республикачыл талапкерлерди колдоо үчүн турне кылды. О.э. демократтар азыркы президент Байден жана мурдагы президенттер Обама, Клинтон аркылуу кампания уюштурду. Алар жагымсыз эсептеген “кызыл толкунду” токтотууга үмүттөнүштү. Бирок бул толкун ошол боюнча келген жок. Тескерисинче, шайлоонун натыйжасында “Республикалык партия 435 мүчөдөн турган АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында аз гана айырма менен жеңип чыкты. CBS News кеминде 218 орунга ээ болот деп эсептеген” (BBC, 17.11.2022). «Демократтар жекшемби күнүн АКШ Сенатында көпчүлүктү сактап калуусун майрамдашты. Демократтар азыркы сенатты жетектеген АКШнын вице-президенти Камала Харристин добушун кошкондо 50 орунга ээ болду. Ал эми, республикачылар 49 орунга ээ болду. Бирок, Жоржияда 6-декабрга белгиленген экинчи айлампага чейин Сенаттын шайлоосунда бир орун бөлүнбөй турат. Мындан кийин демократтар ажырымды кеңейтиши мүмкүн» («Аль-Жазира», 14.11.2022). Бул жыйынтыктар бардык күтүүлөрдөн жана сурамжылоолордон төмөн болду. Бул жыйынтыктар бардык күтүүлөрдүн жана сурамжылоолордүн үмүтүн актаган жок.
6- Жакшылап изилдеп көрсөк, республикачы губернатор жана жергиликтүү депутаттар менен сенаторлордун көпчүлүгү республикачылардан турган штаттардагы шайлоодо республикачылар жеңип келди. Бул штаттарда Демократиялык партия айрым өзгөчүлүктөрдү эске албаганда көзгө көрүнөрлүк жеңишке жетише алган жок. Мисалы, Латын Америкасынан келген иммигранттардын саны көбөйгөндүктөн, Техас штатында демократтар бир нече орунга ээ болду. А бирок, толук көзөмөл республикачылардын колунда калууда. Демократтар башкарган штаттарда да дээрлик ушундай эле көрүнүш. Демек, бул бөлүнүү кыйла олуттуу жана терең. Кээ бир штаттар эки тараптын ортосундагы чыр-чатактын объектиси болуп калууда. Джорджия, Аризона, Невада жана Пенсильвания сыяктуу аймактар олку-солку штаттар деп аталып калды. Шайлоонун натыйжалары күтүлгөндөн төмөн болуп, сурамжылоолорго жана стандарттуу шайлоо процесстерине карама-каршы болгондуктан, Вашингтонду бириктирген Колумбия аймагы мурдагыдай “Бириккен” эмес тескерисинче, алардын ажырым күчөгөн аймак болуп барууда. Башка жагынан эки партиянын бийлик үчүн о.э. алардын ири компанияларынын кызыкчылыктары себептүү олку-солку болуп турган штаттарда курөш дагы да кескин курчушу мүмкүн. Учурдагы шайлоодо бир партия штаттардын кайсынысын болбосун көзөмөлгө алып экинчи тарапка каршы жаңы мыйзамдарды кабыл алат. Каршылашынын таасирин жоюу үчүн экинчи тарапка жагымсыз маалымат согушун алып барат. Олку-солку болуп жаткан штаттарда зордук-зомбулуктун жалындары чыгышы мүмкүн. Ал бүт өлкөнү дагы зордук-зомбулукка батырат жана мамлекеттин тышкы саясатына таасир бере баштайт. Мындай окуялар тышкы саясатка азыртан эле таасирин тийгизип жатканын көрүп жатабыз. Маселен, Сауд Арабиясы мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча “Трамп тобунун” буйругун аткарды. Учурдагы шайлоо Америкада терең бөлүнүүнү ачыктады. Тараптардын күчү дээрлик бирдей жана баанын өсүшү сыяктуу жаңы жагдайлар алардын күчүнө таасир этпейт. Бул келечекте боло турган окуялардын коркунучтуу жарчысы болуп саналат. Шайлоо ачык эле чыңалуу менен коштолду. Кээ бир “Трамп тобунун” талапкерлери, а,түгүл аялдар да курал алып үгүт иштерин жүргүзүштү. Балким, жакынкы күндөр дагы көп келишпестиктерди көрсөтөт жана штаттар ортосундагы карама-каршылыктар өз позицияларын мыйзамдаштыруусуна алып келиши мүмкүн. О.э. актардын үстөмдүгү теориясын жайылткан Республикалык партия көзөмөлдөгөн аймактардан ак эместердин иммиграциясы көбөйүшү мүмкүн.
7- Конгресстеги орто мөөнөттүү шайлоолордо болуп өткөн окуяларга таянып, анын жыйынтыгы эмне болорун төмөнкүчө ачыктоого болот:
а) Америка Вашингтондо бийлик талашкан эки тараптын ортосундагы ажырымды жоюуга жөндөмдүү акыл-эстүү адамдардан куру калгандай. Америкалыктар лоялдуулук жана саясий тандоолор жөнүндө көбүрөөк тынчсызданып жатканы менен, президент Байдендин администрациясы кийинки эки жылда Республикачыл штаттар менен АКШнын Өкүлдөр палатасын түзгөн “кызылдар” тарабынан жаңы кыйынчылыктарга туш болот. Демек мамлекет тышкы саясатта зыянга учураса да, көбүрөөк ички маселелерге көңүлүн бурат. Ал эми Трампка келсек, шайлоого чейин ал Республикалык партияны толугу менен көзөмөлдөп тургандай көрүнгөн. Бирок шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин Трамп колдогон талапкерлердин айрымдары өтпөй калды. Айрымдары ийгиликке жеткени белгилүү болду. Бул Республикалык партиянын атынан экинчи мөөнөткө ат салышууну көздөп жаткан Трамп үчүн кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
б) Республикалык партиянын артында турган ири америкалык компаниялар олуттуу эл аралык таасирге ээ. Муну Сауд Арабиянын мунай өндүрүшүн кыскартуу чечиминен көрүүгө болот. Ошондуктан, АКШнын эки партиясы ортосунда эл аралык күчтү бөлүү белгилери күчөшү мүмкүн. Албетте, бул Американы мамлекет катары эл аралык деңгээлде алсыратат. Мындай көйгөйгө көңүл бурбай коюуга болбойт. Мурдагы демократ, мамлекеттик катчы Жон Керринин байланыштары Трамп администрациясынын Иранга максималдуу басым көрсөтүү саясатын кантип алсыратканын көрдүк. Буга жооп катары Республикачылар Байдендин администрациясынын тушунда Сауд Арабияны мунай өндүрүшүн кыскартууга үндөдү. Байден администрациясынын Орусияга болгон кысымын жеңилдетти. Ошондуктан, Американын эл аралык таасири экиге бөлүнүп, кээ бир эл аралык кызыкчылыктар жеке республикачылардын жана жеке демократтардын кызыкчылыгына айланды. Бирок, максатка жетүү жолдору ар түрдүү болсо да Россия жана Кытай менен күрөшүү сыяктуу бир катар жалпы стратегиялык кызыкчылыктарда алардын позициясы биригип турат.
в) Байдендин администрациясы Украина маселесинде Орусияга кысым көрсөтүүсүнө дагы толук эки жыл убактысы бар. Америка Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн эшигин ачкан менен Орусияга Украинадагы бардык жетишкендиктеринен баш тарттыруу үчүн кысым көрсөтүүнү улантат. Америка Украина маселесинен тышкары, Орусия өзөктүк куралы Америкага коркунуч туудурбашы сыяктуу ийгиликтерге жеткенге чейин Орусия катуу санкциялар астында кала берет. Мындай саясат Байдендин доору бүткөнчө улана берчүдөй. Байден максаттарына жетмейинче Орусияны Батыш дүйнөсүнөн жана анын жан-жөкөрлөрүнөн обочолонтот. Экономикасы болсо бутка тура албай төмөндөй берет.
г) Кытайды Орусияны колдоонун кесепеттери менен коркутуу аркылуу Байдендин администрациясы Кытайды Орусиядан натыйжалуу алыстата алды. Кытай менен Орусиянын мамилелери бекемдиги тууралуу билдирүүлөр куру сөз болуп калды. Башкача айтканда алардын билдирүүлөрү иш жүзүндө көрүнгөн жок. Эки күчтү бири-биринен алыстатуу процесси али бүтө элек. Ошенте да Орусия Кытай аны Американын жана Украинага чоң аскерий колдоо көрсөткөн, Орусияга оор экономикалык санкцияларды киргизген НАТО өлкөлөрүнүн каршысында жалгыз калтырганын сезип жатат. Анткени, Кытай Украина согушу башталганга чейин Орусия менен “чексиз достук” деп аталган альянсты түзсө да эч нерсе сунуш кылбай келе жатат.
Д) Батыш Европа өлкөлөрү Трамптын бийликке кайтып келишинен коркушту. Бул анын президенттикке кайтып келишинеби же анын тобунун Конгрессти көзөмөлдөөсүнө байланыштуу болобу айырмасы жок. Анткени ал НАТОго эскирген альянс катары саясат алып барган. Европанын аскердик күчү алсыз жана Орусиянын экспансиялык саясатына туруштук бере албайт. Ошондуктан, Европа өлкөлөрү Байдендин администрациясынын кайтып келишине сүйүнүштү. Кошумчалай кетсек, америкалык газ компаниялары Байдендин администрациясын ыңгайсыз абалда калтырды. Европага орус газынын ордуна Америка газын төрт эсе кымбат берди. Буга Европа өлкөлөрү нааразылык билдиришти. Президент Байден Украинадагы согуш учурунда өтө чоң киреше алып жатканын айткан компанияларды сындап кошумча салыктар менен коркутту. Байдендин өлкө ичиндеги мунайдын кымбатташын сындаганын түшүнүү керек, анткени Европадагы баанын көтөрүлүшү аны көп деле түйшөлтпөйт. Тескерисинче, Байден жүргүзгөн Америка саясаты негизинен Германияга багытталган жана Европаны кыйратууну каалайт. Мындай саясат европалыктардын биримдигине сокку уруу үчүн Brexitти колдогон экс-президент Трамптын саясатына окшош.
8- АКШ Конгрессине орто мөөнөттүү шайлоолор көптөгөн ички жана тышкы аспектилерге ээ. Американын гегемониясынан улам бул шайлоолор глобалдуу окуя болуп калды. Бул АКШнын тышкы саясатына таасирин тийгизгендиктен, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү ага кызыгышты. Демек, бул шайлоо Британия өзүнүн малайларынан улуулук сезимин сактап калуу үчүн ММКлардан Британиянын ички окуяларын чагылдырууну талап кылгандан таптакыр башкача.
Бүгүнкү күндө «улуу» деп аталган өлкөлөрдүн абалы ушундай. Алардын ички окуяларына бүт дүйнө көз салып жатат. Аллахтын нусраты менен бүткүл дүйнөгө туура жолду көрсөтө турган Ислам Халифалыгы пайда болгондо, Ислам дүйнөсүндөгү ар кандай окуя куфр өлкөлөрү үчүн саясий мааниге ээ болот. Алардын ар бири Халифалыктагы өзгөрүүлөрдү жана бул өзгөрүүлөр өз өлкөлөрүнө кандай таасирин тийгизээрин изилдешет. Куфр өлкөлөрү азыртан эле Ислам дүйнөсүндөгү ар кандай окуялар менен алек болуп, исламий кыймылдарды күзөтүп, алардын маалымат каражаттары «мээлүүн» деп аталгандарды жарнамалап жатышат. Мунун каршысында алар өз үммөтүнө ыкластуу мусулмандарды үммөтөн алыстатуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Мунун баары “Ислам мамлекети” тикеленгенге чейин гана боло турган көрүнүш. Үммөттүн күч-кубаты жана мүмкүнчүлүктөрү мусулмандарды Аллахтын ыраазылыгына алып бара турган бир жетекчиликтин астында бириккенде эмне кылышат?! Ал күнү ар бир адам Үммөттүн күчүн жана улуулугун ошондой эле азыркы «улуу» деп аталган өлкөлөрдүн алсыздыгын көрөт.
Аллах айтат:
وَسَيَعۡلَمُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ أَيَّ مُنقَلَبٖ يَنقَلِبُونَ
“Ал эми заалым (каапыр) адамдар жакында кайсы дарекке барышаарын билип алышат” (26:227).
25-Робиюль ахар 1444м.
19-ноябрь- 2022 м.
Хизб-ут-Тахрир Амири