Россия кыргыз-тажик чек ара жаңжалын чечүүдө жардам берүүгө даяр

262
0

Россия кыргыз-тажик чек ара жаңжалын чечүүдө жардам берүүгө даяр

Кабар: РФ тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Мария Захарова Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин чечүүдө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

“Тараптардын чек ара маселесин Россиянын чек араны бөлүү боюнча, өзгөчө коңшу Борбор Азия мамлекеттери жаатында бай тажрыйбасын колдонуп, өз ара алгылыктуу, узак мөөнөттүү чечим кабыл алуусуна көмөктөшүүгө даяр экендигибизди билдиребиз”, – деди Захарова.

Бул сунуш боюнча Бишкек жана Душанбе азырынча ачык билдирүү бере элек.

 Комментарий: Бир бүтүн Түркстан калкын улуттарга бөлүп, ортосуна жасалма чек араларды тарткан мурдагы СССРдин мураскору болгон Россия өкмөтү былтыр апрель айынын аягында жүз берген куралдуу кагышуудан кийин да эки мамлекет ортосундагы чек ара көйгөйүн чечүүгө жардамын сунуштаган эле. Ал кагышууда эки тараптан элүүдөн ашык адам каза болгон. Ошол окуядан кийин май айынын аягында Сочидеги жолугушууда Путин Жапаровго кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүүдө жардам берүү үчүн бардык чараларды көрө турганын билдирди. Бул жолку куралдуу кагышууларда да элүүдөн ашык адам жараат алып, жүз миңден ашык адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Дал ушул кезде орус өкмөтүнүн дагы бир расмий өкүлү ушундай сунуш менен чыгууда. Негизи, дал ушул Россия кошуна жана боордош мусулмандар ортосунда чек ара көйгөйү чечилбешине жана бул проблема керек болгон убакта басым өткөрүү куралы болуп калышына кызыкдар. Биздин малай акимдерибиздин болсо ушул колонизаторлордун ыраазылыгын алуудан жана ушул аркылуу өз бийлигин сактап калуудан башка кайгысы жок. Алар өз бийлигин сактап калуу үчүн калкынан, өлкө байлыктарынан, керек болсо ооз көбүртүп мактанып  жүргөн “эегемендүүлүктөн” да баш тартууга даяр турушат.

 Өкүнүчтүүсү, дини, кыбыласы, базары жана мазары бир болгон, бири-бири менен куда-сөөк болуп келген мусулмандар дагы деле колонизатор кафирлер зээнине сиңирип койгон улутчулдук жана мекенчилдик пикирлеринен кутула алышпай, алардын армиялары бири-бирине каршы курал курал көтөрүүгө чейин жетип барышууда. Мында аларга Рамазан айынын урматы, же мусулмандар үчүн мубарак болгон Айт майрамдары тоскоолдук кыла албай жатат. Мына  бүгүн мубарак жума күнү да бири-бирине карата ок чыгарышты. Негизи, мусулман кишинин каны жана жаны Аллахтын алдында аябай урматтуу. Ошондуктан, бүт дүйнөнүн кыйрашы Аллахтын назарында бир мусулмандын өлтүрүлүшүнөн жеңилирээк. Ким бир жанды өлтүрсө, бардык адамдарды өлтүргөндөй болот.

 Абдуллах ибн Амр розияллоху анхудан риваят кылынат: Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам: “Мусулман адамды өлтүрүүгө караганда, дүйнөнүн кулап түшкөнү Аллахка жеңилирээк”, – деген. (Насаи жана Термизи риваяттары).

 Ушундай болгон соң, биз мусулмандар президентти, министрлерди, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин, офицерлерди жана акимдерди мухасаба кылып, карапайым калктын каны төгүлүшүнө каршы турушубуз, алардан боордоштор ортосундагы согушту дароо токтотууну талап кылышыбыз о.э. акыретте мунун эсеби катуу болушунан эскертишибиз керек. Анткени, амру маъруф жана нахий мункар сыяктуу эле, аким жана жетекчилерди мухасаба кылуу да фарз.

Аллах Таала айтат:

«وَمَن يَقْتُلْ مُؤْمِنًا مُّتَعَمِّدًا فَجَزَآؤُهُ جَهَنَّمُ خَالِدًا فِيهَا وَغَضِبَ اللّهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُ وَأَعَدَّ لَهُ عَذَابًا عَظِيم

 “Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анын жазасы тозок, ошол жайда түбөлүк калат жана ал Аллахтын казабына жана каргышына дуушар болот, (Аллах ага) чоң азапты даярдап койгон” [4:93]

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here