بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ирак парламентин таратуу чечимби же жамак салуубу?!
Устаз Мазин Даббаг
2019-жылы ноябрда Ирак борбору Багдадда жана өлкөнүн борбордук жана түштүк вилаяттарында «Ноябрь козголоңу» деп аталган нааразылык демонстрациялары кырдаалдын начарлаганына жана бардык секторлордо коррупциянын кеңири жайылганына каршы реакция катары башталып, дагы эле токтогон жок. Ошол күндөн тартып Ирак күчтүү саясий башаламандык баткагына батып барууда, инсандардын кыйынчылыктары улам оорлошууда. Буга себеп өзгөрүүгө чакырып жаткандарда саясий аң-сезимдин, анык саясий көз караштын, альтернатива саясий пландын жоктугу. Баары ооруну дабалоонун ордуна анын симптомдору менен алек экенин көрөсүң. Биз өзгөрүүнүн тарапкерлери канчалык пайдасыз жана адашууда жашап жатышканын көрсөтүү максатында алардын ноябрь козголоңунан тартып ушул күнгө чейин койгон талаптарын үйрөнүп чыктык.
Ноябрь демонстранттары Адил Абдулмахдийдин өкмөтү кетишин жана убактылуу өкмөт түзүлүп, мөөнөтүнөн мурун шайлоолор өткөрүлүшүн талап кылышты. Андан тышкары, чет элдик жана Иран аралашуусу болду. Демонстранттар болсо демонстрациянын төлөмүн жүздөйүнүн набыт болушу, миңдегенинин жараат алышы жана Ирак күчтөрү менен болгон кагылышууларда жүзөдөгөнүнүн камакка алынышы менен төлөшүүдө. Нааразылык демонстрацияларынын натыйжасы катары Адил Абдулмахдий премьер-министрликтен кетти жана Мустафа Казимий убактылуу өкмөт түзүү жана мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү сунушун киргизди.
2021-жылы 10-октябрда мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо өткөрүлүп, натыйжада Садрийлер кыймылы 73 пайыз орунду ээлеши, башка шиа күчтөрүнүн чегиниши менен бүттү. Бул уттурган күчтөр шайлоо бурмаланды деп шайлоонун натыйжаларын түрдүү жолдор менен өзгөртүүгө урунушту. Бирок, бардык аракеттери пайдасыз болду. Ко-ош, бул эмне натыйжа берди, эмнеге алигече өкмөт түзүлбөдү?! Бардык нерсе ушунда. Анткени, баскынчы АКШ конституцияны убакыт өткөндө жарылуучу мина кылып түзүп берди, ар кандай окуяда бир минаны жардырып, баланча беренеге, түкүнчө беренеге ылайык деп тура берет. Маселен, мындай ыплас демократиялык түзүмдө шайлоодо жеңген партия өкмөт түзөт. 2010-жылдагы шайлоодо Ияд Алавий жеңип чыкканда Нурий Маликий ага каршылык билдирип, «өкмөттү жеңишке жеткен партия эмес, эч чоң фракция түзөт» деген башкача түшүндүрмө менен чыккан. Ошондо баары фракцияга кирди, жада калса атаандаштар да… Ушул жол менен Маликий эч чоң фракцияны түптөп, өкмөт түзүлгөнүн жарыялады. Ал эми, кийинки шайлоодо Садрийлер жеңип чыгып, эч чоң фракцияны түзүшкөндө конституциядагы башкача түшүндүрмө ачыкка чыкты. Т.а. кворумдун үчтөн эки бөлүгү болбосо (т.а. 329 депутаттын 220сы болбосо) парламент республика президенти боюнча добуш берүү үчүн сессия өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбойт. Ошентип, шайлоолордон бери жаңжал-тартышуулар менен тогуз айдан ашык убакыт өттү, дагы эле өкмөт түзүлгөн жок. Муктада Садр анын депутаттарынын парламенттен чыкканын жарыялады жана өкмөт түзүү менен режимди коркутууну баштады. Бул учурда маалыматтар ашкере болушу артынан Маликий чегинүүгө жана өзүнүн ордуна анын адамы Мухаммад Шиа Суданийдин талапкерлигин көрсөтүүгө мажбур болду. Ал эми, Муктада Садр демонстрацияларды уюштуруу жана өкмөттүн түзүлүшүнө каршылык көрсөтүүдөн башка чарасы калбады. Анын тарапкерлери Хазра районуна кирип, парламентте ачык пикет өткөрүштү. Садрдын акыркы сөзү парламентти таратуу жана мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүү болду. Жума күнү Багдаддын борборундагы Фирдавс аянтында да жарандардын демонстрациясы башталып, парламентти таратууга чакырышты жана аны «кудуретсиз» деп аташты. О.э. демонстрацияда мөөнөтүнөн мурун шарттуу шайлоо өткөрүүгө чакырылды. Бул шарттар «адилеттүү шайлоо мыйзамы менен көз карандысыз комиссия түзүү жана партиялар жөнүндөгү мыйзамды аткаруу» болду. Бул «Шафак» маалымат агенттиги тарабынан кабыл алынган жана 10 партия кол койгон корутунду билдирүүдө айтылды. Бул партияларга Ирак Социалисттик партиясы, Ирак Улуттук Алянсы, Файл Фронту, Байтул Ирак кыймылы жана Күрд Демократтар партиясы да кирет.
Мунун тушунда, Координациялык бирикме коалициясы өз тарапкерлеринин Багдаддын борборундагы Хазра районунун дарбазаларынын бири алдында Садрийлер кыймылынын тарапкерлери уюштурган пикетке параллель түрдө пикет башташканын билдирди. Бул, эки тарап ортосунда кызыкчылык жана талаптар кагылышып жатканда кырдаалда болуп өттү.
Бу нерсе бүткүл өлкөнү кескин элдик каршылык толкунуна кептеши мүмкүн болгон кооптуу акыбеттерден эскертүүдө. Анткени, көчө нааразылыгынын кооп-коркунучун дагы да күчөтүп жаткан нерселердин бири – Координациялык бирикме бул нааразылыктарды өзү үчүн үчүн акыркы мүмкүнчүлүк деп эсептөөдө жана ушуга негизделип жаңы өкмөт түзүүдөгү укугун кайра тикелемекчи. Анткени, ал Садрийлер фракциясынын депутаттары парламенттен кетиши артынан эч чоң фракцияга айланган. Ушундан улам, Садрийлер кыймылы Ирак парламентине бастырып кирип, ал жерде ачык пикет өткөрүшү күтүлбөгөн окуя эмес. О.э. Координациялык бирикменин абдан кескиндешип, өз ара кагылышуу даражасына жетейин деп калышы да капыстык эмес. Анткени, алардын өз ара кызыкчылыктары жана талаптары башка-башка.
Эй мусулмандар!
Жогорудагылардан ушул нерсе айкын болууда, өз ара союздаштардын колунда да, өз ара атаандаштардын колунда да мамлекет башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды чечүү планы жок. Жогоруда айтканыбыздай, ооруга диагноз коюшпаган жана ишке ашырып жаткан чечимдери симптомдорго гана каршы багытталган. Алар Иракты мындай оор башаламандыктан куткаруу үчүн анык бир саясий планга да ээ эмес. Андыктан, өкмөт түзүүдөн эмне пайда, парламентти таратып, жаңыдан шайлоо өткөрүүнүн кимге кереги бар?! Акыры, муну менен саясий режим жана анын конституциясынан турган оорунун тамыры жана коррупция четте калып жатат го?! Негизи, конституция Америка тарабынан аны мамлекетте өкүмдар кылы турган таризде түзүлгөн.
Алдыбызда баскынчы Американын ыплас планы турат… Бул коррупцияны режимдин эмес, жеке адамдардын проблемасы катары көрсөтүү аркылуу түпкү проблеманы жашыруу жана адамдарды адаштыруу планы.
Ооба, баары коррупционер жана муну өздөрү спутникалык телеканалдар аркылуу ачык айтып жатышат. Маселен, Маликий: «Иракта ийгиликсиздикке учураган азыркы расмий элитанын колунда келечекте саясий жараян планы болушу мүмкүн эмес», – деп анык билдирүү берген. О.э. Мишъан Жабурий менен Ханнан Фатлавий да «баары коррупционер» дешкен.
Бирок, таза адам бузгунчу, коррупциячыл режимде эмне кылат?! Таза адамды бузгунчу режимге шайлоо менен режим тазаланбайт, тескерисинче ошол адам да бузулат. Парламентти таратууга жана учурдагы түзүмдүн пайдубалы үстүнө дагы башка шайлоо өткөрүүгө үндөгөн чакыруу адашуудан жана адашууга жетектөөдөн башка нерсе эмес.
Эй мусулмандар!
Аллах инсанды жаратып, жерге халифа кылды. Ал каалаганын кылып, эгинди уулашы жана урпак-муунду бузушу үчүн адашып жүрүшүнө таштабады. Жок. Тескерисинче, инсанга пайгамбарларды жиберип, Мухаммад ﷺды акыркы пайгамбар кылды жана ага бүткүл жашоону тартипке салган жетик түзүмдү назил кылды. Бул түзүм менен тынч-бейпил турмуш, жыргал жашоо таризи жана туруктуу кадыржамдык ниъматын берди. Демек, ар кандай бузгунчу абал бир гана, бир гана Халик Азза ва Жалла инсаният үчүн ыраазы болуп берген түзүм менен оңдолот. Бүгүнкү күндө бүткүл адамзат бактысыздыкта, бул жагдайга ушул Халиктин кожоюндугунан алыстоо жана инсан Аллахтын ордуна мыйзам чыгара турган тогутту шайлап алышы себеп болду. Аллах ыраазы болуп берген чечимден башка ар кандай чечим дарт үстүнө дарт болгон, бактысыздыкты дагы да бактысыздыкка айланткан жамак салуу болуп эсептелет. Аллах Таала айтат:
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكاً …﴾
«Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот» [20:124]
Силердин жана бүткүл адамзаттын нажаты мына ушул… Т.а. ыплас капитализмди жок кылып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетинде Аллахтын шариятын өкүмдар кылуу.
Роя гезити, №404, 2022–жыл, 17–август.