Асад режими менен мамилелерди нормалдаштыруу – анын кылмыштарына шерик болуу

147
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Асад режими менен мамилелерди нормалдаштыруу анын кылмыштарына шерик болуу

Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүү Түркия тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглунун Сирия оппозициясы менен режимди жараштыруу жана Эрдогандын эки мамлекеттин разведкалары ортосундагы жолугушуулар жөнүндөгү билдирүүлөрүн камтыды.

Хизбдин билдирүүсүндө мындай делет: «Мурун разведка даражасында, азыр тышкы иштер министри даражасында алып барылган сүйлөшүүлөр жакынкы келечекте Эрдоган менен Асаддын түздөн-түз сүйлөшүүлөрүнө айланышы мүмкүн. Булардын баары Шам козголоңун жок кылууну жана өзүнүн миллиондогон калкын башбанексиз калтырып, жырткыч кыргын кылган Асад режимине мыйзамдуулук жана суверендик берүүнү түшүндүрөт… Америка колдогон жана жок болуу алдында турганда өмүр берген Сирия режиминин аман калышында регион мамлекеттери, өзгөчө, Астана үчтүгү чоң роль ойношту. Түркиянын бул карышкырлар үйүрүндөгү ролуна келсек, ал качкындарга башбанек берүү, ансарлар жана мухажирлер жөнүндөгү жалындуу билдирүүлөрү менен жүрөктөрдү багындыруу жана «күзөтүү пункттары» деген шылтоо менен режимге каршы күрөштөн чалгытуу аркылуу оппозициячыл жамааттардын арасына жылжып кирүү болду. О.э. Түркия Күрдстан Жумушчулар Партиясына (PKK) каршы күрөштү шылтоолоп оппозициячыл топторду өзү тарапка чакырып, Халаб сыяктуу азат кылынган аймактарды режимге тапшырды. Булардын баары канкор режимди сактап калуудан башка нерсе эмес».

Билдирүүнүн акырында мындай делет: «Айрыкча, акыркы кездерде күчсүздүк жана начарлоодон азап тартып жаткан Түркия бийлиги Сирия калкынын өз элине душман режим менен жарашуусу жөнүндө келжиреп жатат, бул абдан кооптуу оюн жана шерменде тил бириктирүү. Бул нерсени ишке ашырмакчы болуп жаткандар мурун да ийгиликке жетишпеген, мындан кийин да таптакыр ийгиликке жетишпейт».

 

Роя гезити, №405, 2022жыл, 22август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here