Алжир калкы Макронду кууп жиберди

209
0

Алжир калкы Макронду кууп жиберди

 Франциянын президенти Эммануел Макрон Алжирге сапары учурунда мамлекеттин түндүк-батышындагы Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан Оран шаарындагы “Disco Maghreb” тарыхий музыка дүкөнүн зыярат кылды жана ал жерде уюштурулган кичи майрамга катышты. Алжир өкмөтүнүн өкүлдөрү жандоосунда майрамдык иш-чарадан чыкканда адамдар менен сүйлөшмөкчү болгон Макрон күтүүсүздөн мусулмандардын катуу нааразылыгына дуушар болду.

“Жашасын Алжир”, “Франция мамлекетибизди жутуп барууда”, “Бул жерден жогол”, – деген ураандардан дүрбөлөңгө түшүп калган коопсуздук күчтөрү Макронду шашылыш түрдө машинага отургузушту. Француз маалымат каражаттары кабарлагандай, Эммануел Макрон сапарын кыскартып, тез арада шаардан чыгып кеткен.

Комментарий: 1830-жылы Алжирди Усманий Халифалыктан бөлүп таштоого жетишкен Франция бул өлкөнү бир кылымдан көбүрөөк убакыт колония кылып турду. Франциянын эр жүрөк Алжир калкын моюн сундуруу үчүн ишке ашырган жырткычтык кылмыштарын санап отурсак сөз жетпейт. Француздар баскынчылыктын алгачкы жети жылында бир миллион мусулманды кыргын кылган болсо, акыркы жети жылында бир жарым миллион мусулманды өлтүргөн.

Франция армиясы 1852-жылы Алжирдин Лагуат шаарына бастырып кирген кезде бир эле түндө шаар калкынын үчтөн бирин атып өлтүргөн. О.э. 1945-жылдын 8-майында француздар бир күндө 45 миңден ашуун алжирликти кыргын кылганын тастыктоо үчүн архивдерди ачууга жана тарыхий комиссияларды түзүүгө зарылдык жок. 1960-1966-жылдары Франция Алжирде 70 килотонна (Нагасакиге ташталган бомбадан үч эсе чоң) атомдук куралын сыноодон өткөрдү, натыйжада 27 миңден 100 миңге чейин адам каза болду. Жерге көмүлгөн 3000 тонна ядролук калдыктардын көпчүлүгү азыркыга чейин кумдун арасынан сызылып чыгып, айлана-чөйрөнү булгап, адамдарды, эгиндерди жана мал-жандыктарды ууландырып келет. Франция өкмөтү болсо, ядролук калдыктар көмүлгөн жерди ачыктоодон же ал жөнндө кеңири маалымат берүүдөн баш  тартып келет. Франциялык тарыхчы Гол Горкинин айтымында, Франция Алжирде 1830-жылдан 1962-жылга чейин 10 миллион мусулманды өлтүргөн. Куфрга каршы күрөшкөн алжирдик мусулман мужахиддердин баш сөөктөрү бүгүнкү күнгө чейин Франциянын музейлеринде сакталууда.

 Мындан тышкары, Франция Исламды зээнден алыстатуу үчүн өз сакафатын тыгыштырды. Таалим-тарбияга сокку берип, бүтүндөй этибарын Исламий акыйданын ордуна жийиркеничтүү улутчулдук жана мекенчилдик фикратын орнотууга каратты. Жаштарды дайынсыз, оюн-күлкү менен убара болгон жахил адамдар кылуу үчүн аларды саясаттан алыстатып, мода кийимдер, спорт, сахна, сүрөт, музыка, бий сыяктуу оюн-күлкүнүн бардык түрлөрү менен чалгытууга өзгөчө көңүл бурду. Билим берүү министрлиги батыш сакафаты менен сугарылган, француздашкан илманий адамдарга тапшырылды.

 Бирок абал ушундай болушуна карабастан, Алжир калкынын куфр жетекчилерине каршы акыйкат сөздөрдү айтып чыгышы Ислам Үммөтү тирүү Үммөт экендигин дагы бир жолу тастыктады. Себеби, Ислам Үммөтү тирүү акыйдага ээ Үммөт, аны жашоодон шыпырып салуу же башка үммөт курамына сиңирип жиберүү мүмкүн эмес. Куфр калкын тынчысыздандырып жаткан нерсе да Ислам Үммөтүнүн мына ушул тарабы. Ооба, саясий Исламдын майданга чыгышы жана мусулмандарда кемтиксиз аң-сезимдин пайда болушу куфр калкын силкинтери табигый көрүнүш. Себеби, бул мусулмандардын азиздикке, күч-кубатка жетишүүсүн, ал эми куфр калкы кор болушун жана натыйжада кафирлердин мусулмандар өлкөлөрү үстүндөгү өкүмдарлыгы бүтүндөй жок кылынышын түшүндүрөт.

 Мына, Ислам Үммөтү учурда өздүгүн тааный баштады. Ишеним менен айта алабыз, өз перзенттери арасындагы калыс даъватчылардын тынымсыз аракеттери себептүү, бул Үммөт бүгүнкү күндө ойгонуу жана биригүгө мурункудан да көбүрөөк жакындап калды. Ошондуктан да Ислам Үммөтү Алжирде эле эмес, бүтүндөй Ислам дүйнөсүндө душмандарынын бетине тик карап “жогол” деп кыйкырууда.

 Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here