Түркия баскынчы яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууну баштады

206
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түркия баскынчы яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууну баштады

Түркия тышкы иштер министри Мавлуд Чавушуглунун баскынчы яхудийлер Газа секторуна чабуул кылышкандан бир нече күндөн кийинки билдирүүсү бир катар кыянаттык жана далынан бычак саюудан башка нерсе эмес. Чавушуглу (Ал-Жазира веб-сайтында хижрий 1444-жылы 14 мухаррам, миладий 2022-жылы 12-август күнү жарыялаган кабарда) өз билдирүүсүндө анын мамлекети яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууну баштаганын баса белгиледи. Анын: «Бул нерсе Анкаранын өзгөчө Фалестин жана Куддус маселесинде өз принциптеринен баш тартканын түшүндүрбөйт», – деп кошумчалашы бир-бирине тескери сөз оюну болуп, Түркиянын тарапкерлерин жана жарчы журналисттерин маскаралоодон башка нерсе эмес. Түркия борбору Анкарада түркиялык элчилердин 13-конференциясынын соңунда Чавушуглу бул нормалдашуу жараяны алкагында Түркия менен яхудий вужуду ортосунда тилектеш кадамдар жана диалогдор бар экенин баса белгилеп мындай деди: «(Израиль) премьер-министри Яир Лапид Түркияга сапар кылганда биз элчилерди кайра дайындоого чечим кылдык. Бүгүн (Израиль) шайлоолор алдында турат, алардын дайындалышы шайлоолордон мурун болобу же кийинби, билбейм. Анткени, бул кадам эки тараптан бир маалда ташталышы керек». Чавушуглу анын мамлекетинин Мисир менен алакалары Бириккен Араб Амирлиги жана Сауд Арабия менен болгон алакалары сыяктуу көрүнүшкө ээ болорун каалап жатканын билдирди…

Табигый суроо жаралат: эгер Фалестин жана Куддустун баскынчылары менен мамилелерди нормалдаштыруу Түркия принциптеринен баш тартууну түшүндүрбөсө, анда эмнени түшүндүрөт?!

 

Роя гезити, №04, 2022жыл, 17август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here