بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Фалестин жетекчилиги бузукулуктарды Фалестинде кеңири жаюуга өч экенин ырастоодо
Фалестин жетекчилигинин коопсуздук кызматынын иш-аракеттери жетекчиликтин мектептер жана университеттерде перзенттерибиз жана аялдарыбыз арасында бузукулук жаюуга өч экенин дагы бир ирет ырастады. Анткени, коопсуздук кызматы Салфит шаарынын сотунун урматтуу устаз Шакир Ассафты камактан чыгаруу жөнүндөгү токтомун четке какты. Белгилүү болгондой, устаз Шакир бийлик жана таълим министрлиги астында мусулман балдары арасында гомосексуализмге үндөгөн бузуку иш-чаралар уюштурулуп жатканына нааразылык билдиргени үчүн ушул айдын башында профилактикалык полиция тарабынан камакка алынган. Полиция аны азат кылуунун ордуна Салфит коопсуздук кызматына тапшырган.
Бул кылмышы менен Фалестин жетекчилиги баскынчылардын рычагы катары өз вазыйпасына дагы бир миссияны кошту. Анын бул миссиясы колонизатор Батыш жана анын уюмдары тарабынан каржыланган бузукулук программаны аткаруу миссиясы болуп, ал мусулман перзенттери арасында бузукулук, уятсыздыкты жаюуга, ушул аркылуу Фалестин калкын баскынчы яхудийлерге чөгөлөтүүгө каратылган.
Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–мубарак Фалестиндин маалымат бөлүмү ушуларды баса белгиледи: «Албетте, Фалестин жетекчилигинин бул иш-аракеттери жана кылмыштары жаңылык эмес. Балким, булар анын кылмыштарын ачып, карамүртөз пландарын улам кайра-кайра ачыктап, мыйзам үстөмдүгүн жана соттордун көз карандысыздыгын сактоо туурасындагы сөздөрү жалган экенин көрсөтүүдө.
Аллахка, Анын Расулуна жана маъруфка буйруп, мункардан кайтарып жаткан даъватчыларга каршы мындай согуш жана зомбулук алдында адамдарды режимге, анын текеберлигине, бузуку долбоорлоруна жана Исламга каршы согушуна каршы турууга чакырабыз. Антпесе, бул режим болбогур доллар үчүн, анын жетекчилери жана аткаминерлеринин кызматы үчүн бардык нерседен баш тартып сатып жиберет».
Роя гезити, №404, 2022–жыл, 17–август.