Россияда жол кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болду

284
0

Россияда жол кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болду

Ульяновск облусуна караштуу Николаев районунун Праскавьина жана Новоспасское айылдарынын ортосунда, “Урал” трассасында Mercedes кичи автобусу менен эки жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду.

Баштапкы маалымат боюнча жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Бул маалыматты Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Россиялык маалымат каражаттары Кыргызстандын дагы үч жараны оор абалда ооруканага жаткырылгандыгын кабарлашты. Алардын өздүгү такталууда.

Ульяновск облустук полициясы жол кырсыгы тууралуу: “DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Mercedes 22360С кичи автобусту артынан келип сүзгөн. Мындай кагышуудан алдында токтоп турган DAF машинасына кадалып калган…” – деген маалымат таратты.

 Кыргызстанда терең тамыр жайган коррупция, күндөн-күнгө өсүп бара жаткан жумушсуздук жана кыргыз сомунун күндөн-күнгө кунсузданып жатышы – миллиондогон мекендештерибиздин жумуш издеп чет өлкөлөргө кетишине себеп болууда. Расмий өкмөт адамдарды өз өлкөсүндө жумуш менен камсыздай албаганы аздык кылгансып, чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарына укуктук жардам көрсөтүү ажана алардын иштешине ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн олуттуу аракет кылбайт. Белгилүү болгондой, Кыргызстан Россия башчылыгындагы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө. ЕАЭБдин негизги принциптери “төрт эркиндик”  т.а. товарлар, кызматтар, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин аракеттениши экендигине карабастан, орус бийлиги уюмга мүчө болбогон мамлекеттер эле эмес, Кыргызстандын жарандары үчүн да ар түрдүү жасалма тоскоолдуктарды жаратып келет. Ал тоскоолдуктардын бири, кайрадан каттоодон өтүү үчүн “кирди-чыкты” кылуу проблемасы. Кечээ жол кырсыгында каза болгон 14 кыргызстандык да “кирди-чыкты” кылуу үчүн Казакстанга кирип, кайтып келе жаткан эмгек мигранттары болушкан.

 Расмий өкмөт болсо жарандарын өз мекенинде жетиштүү жумушчу орун жана жетиштүү айлык акы менен камсыздоо тууралуу ойлонгондун ордуна, жалаң гана байлар сатып алып жашашы мүмкүн болгон “Асман” шаарын жана стадион куруу менен алек.

 Биз, Туркистон сайтынын кызматкерлери Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүрүгүзүп жаткан Хизб ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрүнүн атынан Рохман жана Рохим Аллахтан адал ырыскы табуу үмүтүндө мигранттыкка мажбур болгон жана жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин күнөөсүн магфират кылышын, аларга бейиштен орун беришин сурап калабыз.

 Алардын жакындарына терең кайгыруу менен таъзия билдиребиз. Аллах Таала сиздерге көркөм сабыр берсин жана бул сабырдын артынан жакшылыктар менен сыйласын. Ооруканада жаткандарга шыпаа берип, жакынкы күндөрдө соо-саламат балдарынын алдына кайтып келишин насип кылсын.

إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз [2:156]

 Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here