بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Окуялар демократиянын ылайыксыздыгын, баалуулук жана идеалдары жалган экенин күндөн-күнгө ачыктоого
Британиянын Оксфорд аныверситетинин веб-сайтында жарыяланган макалада айтылышынча, жумушка орношуу үчүн характеристика менен кошо хижаб кийип түшкөн сүрөтүн тапшырганы үчүн жумушка кабыл алынбаган муслималар 65 пайызды түзөт. Жада калса, алар менен жолугушуу өткөрүлбөгөн. Испания жана Германияда да ушуга жакын көрсөткүч болгон. Макалада кошумчаланышынча, бул мамлекеттерде муслималардын жумушка алынбастыгына бир себеп – сүрөттөр болууда. Көпчүлүк аялдар жумушка орношуу үчүн сүрөтсүз да характеристика берип, бирок жумушка алынбаган. Бул жагдайга аялдардын мусулмандарга алакадар иш-чараларга аралашканы себеп болгон, маселен, диний борбордо же исламий кайрымдуулук коомунда ыңкыярдуу ишмердик алып баруу сыяктуу иштерди жасашкан.
Өз кезегинде, бул жөнүндө мухандис Бахир Салих Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу үчүн берген түшүндүрмөсүндө мындай дейт: «Бул сыяктуу окуялар илманий демократиянын ылайыксыздыгын, баалуулук жана идеалдары жалган экенин күндөн-күнгө ачыктоодо. Түпкүлүгүндө, демократиянын маңызы мына ушундай, калган бөлүктөрү да маскарапоздук жана жалгандан турат. Анткени, бул принципти белгилүү бир инсандар өз кызыкчылыктарын ойлоп жана максаттарына жетүү үчүн ойлоп табышкан, башкаларга жана алардын баалуулуктарына маани да беришпеген…».
Демократия – бул бузгунчу түзүм болуп, аны жашоодон четтетүү үчүн анын ордун ээлей турган башка түзүм келиши керек. Аны кулатууга, ал себептүү дүйнөгө жайылган зулум жана бактысыздыкты жок кылууга кудуреттүү жана ылайыктуу жалгыз түзүм – бул Ислам. Ал азап, маскарапоздук жана алдоо дини эмес, рахмат жана акыйкат дин. Жалгыз Ислам адамзатка ынсап кылып, аны адашуу жана кыйынчылыктан рахматка, бакыт жана кадыржамдыкка алып чыгат. О.э. түрдүү тил, түс жана тектеги калктарды бир казанда бышыктаган да, зиммийлик жөнүндө теңдеши жок адилеттүү түзүмдө кайрымусулмандарга адилеттик кылган да – бул Ислам».
Мухандис Бахир түшүндүрмөсүнүн акырында мындай дейт: «Батыштын чириген цивилизациясы кулашына жана бүтүндөй кыйрашына көз ачып жумганча, балким, андан да аз убакыт калды. Себеби, анын бузгунчулугунан баары жийиркенип, айыбы баарына ачыкталды. Абдан кыска убакыт ичинде Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө кайра Ислам түзүмүнүн нуру жаркырайт.
Роя гезити, №403, 2022–жыл, 10-август.