Капиталисттик Батыш мамлекеттеринин максаты – Африканы колония кылуу

247
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Капиталисттик Батыш мамлекеттеринин максаты Африканы колония кылуу

Аларда өнүктүрүү жана инсандардын проблемаларын чечүү камы жок

Ооба, капиталисттик Батыш мамлекеттеринин максаты – Африканы колония кылуу, аларда өнүктүрүү жана инсандардын проблемаларын чечүү камы жок. Батыш ал жердеги бийлик, жетекчилер жана армия командачыларынан өзүнүн колонизаторлугу үчүн пайдаланышууда. Бул малай жетекчилер – кудум мурункулардай – колонизаторлордун армиясы менен баскынчылык кылышына жана таасирин жайышына мүмкүнчүлүктөрдү жаратып беришүүдө. Батыш бул өлкөлөрдөгү саясий жана аскерий чөйрөлөрдөгү адамдарды сатып алууда. Ал режимди, жетекчилерди же офицерлерди үйрөтүп алган соң, алар Батыш каалагандай аскерий төңкөрүштөрдү уюштуруп, кийин анын колониясына жана таасирин жайышына өлкө дарбазаларын ачып беришүүдө. Ушундайча колонизатор мамлекеттердин кичине мамлекеттер, өзгөчө Африка мамлекеттери үстүндө өз ара күрөшү токтобой улана берет. Балээси чар тарапка жайылган мындай карамүртөздүктөн адамдарды куткаруунун жалгыз жолу – мусулман өлкөлөрүнүн биринде же бир канчасында рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу Исламга, исламий башкарууга кайтуу. Халифалык мамлекети гана колонизаторлорду өлкөлөрүбүздөн кууп чыгарып, бүткүл исламий өлкөлөрдү алардын колониясынан куткарат о.э. байлыктарды өз элине кайтарып, алардан түшкөн кирешелерди элге бөлүштүрүп берет жана элдин өнүгүүсү үчүн сарптайт.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалган кишиге нусрат берет. Ал кудурет жана ырайым Ээси»                                                               [30:4-5]

 

Роя гезити, №403, 2022жыл, 10август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here