Путин Эрдоганды Самарканддагы ШКУ саммитине чакырды

232
0

Путин Эрдоганды Самарканддагы ШКУ саммитине чакырды

 Кабар: Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган россиялык кесиптеши Владимир Путин аны Өзбекстанда сентябрь айында боло турган ШКУ саммитине чакырганын билдирди.

“Сентябрда Шанхай бештиги Өзбекстанда жолугушат. Биздин жолугушууда (Сочиде) Путин мырза дагы суранды: мүмкүн болсо, ал жердеги жолугушууга катышабыз деп ишенем. Биз ар дайым келгиле, ошолор менен бирге бололу “Шанхай бештиги” мүчө, байкоочу же диалог боюнча өнөктөш катары деп айтып келебиз. Мисалы, Кытай келет, аркы тараптан Сауд Аравиясы, Катар келет. Биз алар менен бирге болууга аракет кылабыз. Эгерде өзгөчө эч нерсе болбосо, мен да ошол жерде болом деп үмүттөнөм”, – деди Эрдоган.

5-августта Россия менен Түркиянын президенттери Сочиде жолугушту.

ШКУ саммити 15-16-сентябрь күндөрү Самаркандда өтөт.

ШКУга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Россия, Кытай жана Индия катышат. Афганистан, Белорус, Иран жана Монголия байкоочу мамлекеттер, ал эми Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш мамлекеттер болуп эсептелишет. Быйыл Белорус ШКУга толук кандуу мүчө катары кирүүгө расмий арыз берди.

 Комментаирй: Россия Украинада баскынчылык согушун баштагандан кийин АКШ башчылыгындагы Батыш т.а. НАТОго мүчө мамлекеттер Россияга карата саясий жана экономикалык санкцияларды киргизе башташты. Бирок, Түркия – Россия баскынчылыгын каралаганы менен – ал санкциялардын бирине да кошулбады. Тескерисинче, өзү да мүчө болгон НАТОнун аракеттерин сындап, согуш башталгандан бери Москва менен Киев ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн уютурууда негизги ортомчу болууга олуттуу аракет кылып келет.

 Белгилүү болгондой, Түркия тышкы саясатындагы аракеттери АКШ кызыкчылыктарын коргоо негизинде болот. Түркиянын Россияга каршы санкциялар кербенине кошулбастан, эки мамлекет ортосунда ортомчу ролун ойноп жатышы да АКШнын көрсөтмөсү негизинде болуп жаткандыгы анык. Европа мамлекеттери өз коопсуздугун ойлогон абалда, кааласа-каалабаса Россияга каршы санкцияларга кошулууга мажбур болушту жана Украинаны куралдандыруу жолунда аракет кылып жатышат. Британия, Франция, Германия мамлекеттери бул кербенде жетекчилик кылышууда. Ушул орунда Россия менен сүйлөшүүлөр үчүн аянтча калтыруу зарыл болчу жана ушул милдет Эрдоганга жүктөлдү.

 “The Washington Post” басылмасынын кабарына таянсак, 5-августта Сочи шаарында өткөн жолугушууда Владимир Путин Режеп Эрдогандан Түркиядагы мунайды кайра иштетүү заводдору, нефть терминалдары жана суу кампаларындагы акцияларды сатып алууга уруксат берүүнү суранган. О.э. Россия тарап Түркиядан өнөржай компанияларынын эркин экономикалык зоналардан тышкарыда ишмердүүлүк жүргүзүшүнө уруксат берүүнү жана Түркиянын бир нече мамлекеттик банктарынан Россиянын банктары үчүн өкүлдүк эсеп ачууну суранган. Эгер Түркия ушул сунуштарга ыраазы болсо, Россия санкцияларды айланып өтүшү мүмкүн болот о.э. согуш себептүү тартып жаткан экономикалык зыянды азайтуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болот.

Ал эми Түркия Америка менен кеңешпей туруп буга ыраазы болбойт. 

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here