Стамбулда буудай маселеси боюнча жыйын болду

218
0

Стамбулда буудай маселеси боюнча жыйын болду

 Согуш себептүү Одесса портторунда туруп калган 20 миллион тоннага жакын Украина буудайын Кара-Деңиз аркылуу алып өтүү боюнча Стамбулда жыйын уюштурулду. БУУнун башчылыгында уюштурулган жыйында Түркия, Россия жана Украинанын аскерий делегациялары координациялык борбор түзүүгө макулдашышты.

Кабарда келишинче, согуш себептүү буудайдын Украина кампаларында туруп калышы Украина буудайынын эң ири кардары болгон Африка мамлекеттеринде олуттуу көйгөйлөрдү пайда кылган.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматтарына таянсак, Украина портторунан кетип жаткан дан азыктары дүйнө жүзү үчүн өтө маанилүү. БУУнун башкы качысы Антониу Гутерриш жолугушуунун натыйжасын “маанилүү жана салмактуу кадам” деп атады.

Гутерриш Нью-Йоркто журналисттерге интервью берип жатып: “Маанилүү бир кадам ташталганына күбө болдук. Бирок ошого карабастан, бардык тараптардын ниеттери жакшы экендигин жана мойнуна алган милдеттенмелерин аткарганын көрүшүбүз керек”, – деди.

Комментарий: Буудай – бул азык-түлүк программасындагы стратегиялык товар. Себеби, ал негизги тамак-аш булагы болуп эсептелет. Эгер буудай азайып кетсе, кыска убакыттын ичинде жөнөкөй азык-түлүк продукциясынан стратегиялык товарга айланат. Ушул жагынан алганда ал аскерий куралдарга окшойт.

 Бүгүнкү күндө колонизатор мамлекеттер дүйнөдөгү мамлекеттерди өз саясаттарына моюн сундуруу үчүн азык-түлүк маселесин саясий курал катары пайдаланып жатышат. Себеби, азык-түлүк таңкыстыгы түшүмдүн тизгинин чеңгелинде кармап турган кафир колонизатор мамлекеттерге моюн сунууга алып барат. Бул саясий көз карандылык болуп, элдерди өз каалоосунан жана күчүнөн ажыратат.

 БУУ башында туруп, үч мамлекеттин аскерий өкүлдөрү катышкан жогорудагы жолугушуу да Американын азык-түлүк саясатына тиешелүү. Бул аркылуу тим эле дүйнөдө буудай өндүрүү өтө оор проблема кылып көрсөтүп жатышат. О.э. кичинекей бир мамлекет болгон Украинанын буудайы болбосо Африка ач кала тургандай ызы-чуу көтөрүп жатышат. Негизи Нил бассейнинде жайгашкан Судандын өзүндө эле бүтүндөй Африка континентин камсыздоого жетиштүү боло турган топурактар бар. Ал жерде үлкөн суу запасы, дарыялар, жер алдындагы жана жамгыр суулары бар. Башка Исламий өлкөлөр да мындан калышпайт. Адистердин билдиришинче, Түркиянын айыл-чарба жерлери Түркия сыяктуу бир нече мамлекетти тойгузууга жетиштүү болот. Ошондой болушуна карабастан, бул өлкөлөр азык-түлүктү тышкарыдан импорт кылууга мажбур. Мисалы, Судандын жылдык буудай импорту 2.2 миллион тоннага барабар. Ал Россиядан жана башка колонизатор мамлекеттерден жыл сайын карызга  бир миллион тонна буудай сатып алат. Мисирде да абал кудум ушундай.

 Батышка малай болгон өкүмдар катмардын айыл-чарба багытындагы Исламга тескери, Батышка көз каранды саясаты себептүү Исламий өлкөлөр буудай жана ушул сыяктуу негизги азык-түлүк продукциялары чет өлкөдөн келишин күтүп отура турган өлкөлөргө айланышты. Учурда колонизатор мамлекеттерге көз каранды кылуу үчүн ар түрдүү келишимдер себептүү айыл-чарба эгиндерине чектөө киргизилген. Мисалы, пахтанын бир гана сортун өстүрүү шарт кылынганы сыяктуу. Бул аркылуу мусулмандар өз жерлеринде өздөрү буудай сыяктуу зарыл продукцияны өндүрө алышпайт. Натыйжада Исламий өлкөлөр чет өлкөгө азык-түлүк продукцияларын экспорт кылууга кудуреттүү болушуна карабастан, Батыш мамлекеттеринен алар каалаган буудайды сатып алууга мажбур болушат. Кудум ушундай саясат Мисир, Судан, Пакистан сыяктуу агрардык мамлекеттерди Американын буудайы менен күрүчүн импорт кылууга мажбур кылып койгон.

 Кээ бир өлкөлөрдөгү азык-түлүк таңкыстыгына Украина согушу же пандемия шылтоо кылып көрсөтүлүп жатканы менен, негизги себеп андай эмес. Негизги себеп, Батыштын ач көздүгү жана капитализмден келип чыккан колонизатордук саясатында. Ошондуктан, дүйнөдө капиталисттик түзүм турган соң, азык-түлүк кризиси, ачарчылык, көз карандылык улана берет.

 Демек, мусулмандар өздөрү түшүп калган оор абал, жакырчылык, таңкыстыктан жана колонизатор кафирдин зомбулугунан кутулушу үчүн ушул көз карандылык саясатына негиз болуп жаткан капитализм системасы колдонулушун четке кагышы керек. О.э. болгон күчү менен бул жийиркеничтүү идеологияга каршы күрөшүп, анын ордуна Исламий идеологияны колдонууга аракет кылышы керек. Себеби, проблеманын чечими Исламды колдонууда т.а. бизди Аллахтын шарияты менен башкара турган, түшүмдүү жерлерибизге тиешелүү шарий өкүмдөрдү ишке ашыра турган, өндүрүштү Үммөттүн пайдасы үчүн жолго коё турган, айыл-чарба, мал-чарба жана өнөржайды өнүктүрө турган Халифаны тикелөөдө. Оор абалдан кутулуунун мындан башка жолу жок.

 Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here