Эй тил бириктирүүчүлөр, силердин идеологиялык кыйрооңор эч кимге сыр болбой калды

239
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эй тил бириктирүүчүлөр, силердин идеологиялык кыйрооңор эч кимге сыр болбой калды

 Хизб ут-Тахрирдин Мисирдеги

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү устаз Саид Фазл

Фатва идара жана комитеттери башкы катчылыгына караштуу экстремизмди үйрөнүү борбору «Диний экстремизм… идеологиялык негиздер жана күрөш стратегиясы» деп аталган биринчи конференциясын аяктады. 7-9-июнь күндөрү үч күнгө созулган жана Мисир министрлер мекемесинин төрагасы уюштурган бул конференцияга министрлер, муфтийлер, уламалар, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү тармагынын адистери, ойчулдар, жазуучулар жана журналисттер катышты. Мисир башкы муфтийи маалым кылышынча, конференцияда «түрдүү иш-чаралар учурунда экстремизм илдети жана интеллектуалдык замандын кечегиси жана бүгүнүнө байланыштуу бир катар маселелер жана изилдөөлөр» талкууланды. О.э. экстремисттик пикир негиздерин айгинелеген идеяларды талдоо, бул илдетти алды алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча саясатты калыптандыруу стратегиясы иштелип чыкты.

Мусулман адам аалым жана шейх деп аталып, бирок, Исламга, анын пикирлерине жана шаръий өкүмдөрүнө капитализм назарынан келип чыгып караса, капитализмдин көрсөтмөлөрү негизинде пикирлесе ушуга окшогон конференциялар уюштурулат! Туура, бул борбор жогоруда айтылган аталышта бул конференцияны биринчи жолу өткөрүүдө. Бирок, ал идея жана максаты бир негизги маселе боюнча өткөрүлгөн жана өткөрүлө турган бир катар конференциялардын биринчиси да, акыркысы да эмес. Бул конференция кантип Исламды «тарбиялоо» (колго үйрөтүү) жана Исламды саясий амалий акыйдасынан бөлүү керек деген маселеге негизделет. Андан Исламда колдонула турган башкаруу түзүмү жана шарият бар экенин мусулмандардын урпак-муунунун зээнинен өчүрүү, тескерисинче, Исламды жашоодо колдонууга урунган кишилерге каршы күрөшкөн муунду пайда кылуу көздөлгөн. Бул жана башка ушул сыяктуу саткынчыл конференциялардын максаты ушундай. Башчылар мындай конференцияларга колдоо көрсөтүү менен Исламга каршы күрөштө Батыштын куралы экенин ачык тастыкташууда. Ошондуктан, диний хитабды Батыштын буйруктарына жана кызыкчылыктарына ылайык келе турган таризде жаңылоо зарылдыгы туурасындагы сөздөргө о.э. алар Ислам жана анын түшүнүктөрүн адамдарга өздөрү түшүндүрүп берүү үчүн монополия кылып алышканына күбө болуп жатабыз. Бул, алар адамдардын мээсине мекенчилдик сыяктуу Исламда жок адаштыруучу түшүнүктөрдү куйуусуна жана Ислам түшүнүктөрүн жихад, Халифалык сыяктуу амалий саясий түшүнүктөргө тескери талдоосуна жол ачууда. Конференцияда кабыл алынган токтомдор жана сунуштардын маңызы мына ушундай. Булар конференцияга катышкан аалым жана изилдөөчүлөрдүн сунуштары менен кабыл алынып, алар бул сунуштарды Исламдын амалий идеялары менен кагылышып жаткан өздөрүнүн кезектеги күрөш баскычы жана аракеттери т.а. ичинен Исламга сокку берүү эсептелген аракеттери алкагында беришүүдө. Бул жаатта коопсуздук кызматы аларга бардык ыкма жана каражаттар менен адамдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жаратып берип, ал эми, башкалардын аларга жооп кайтаруусуна же адамдарга башка пикирлерди баян кылышына тоскоолдук кылып келет.

Бирок, социалдык тармактардагы үлкөн өзгөрүү жүзөгө келе электе ушундай кылуу мүмкүн эле. Социалдык тармактардагы чоң өзгөрүү ушундай бир жаңы маалымат каражаттарын жаратты, бүгүн ар кандай идея ээси өз пикирин адамдарга жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Адамдардын аң-сезими улам жогорулоодо жана алар ишеним-канааттануу негизинде бул пикирлерди кабыл алуу же кабыл албоого чечим кылышууда. Адамдарга сунушталып жаткан пикирлердин эң күчтүүсү жана жүрөккө эң жакыны – Ислам. Анткени, саясий акыйда жана амалий идеялар бир гана Исламда бар. Бунун натыйжасында адамдар гана эмес, жада калса аларды адаштырмакчы болуп жаткандар да Ислам менен тазалып жатат. Ал эми, тигил конференцияга катышкандардын жана уюштуруп жаткандардын шерменделиги баарына ачыкталды.

Азыр Мисир режими жана анын артында турган Ак үйдөгү кожоюндары мусулмандар үчүн бир диний мекеме түзүү үстүндө астейдил аракет кылышууда. Тизгини Батыштын колунда болгон бул мекеменин ролу – чиркөөдөгү христиандарга эмне көрсөтмөлөрдү берип жаткан болсо, дал ошондой иштер менен алектенүү. Ислам жана анын өкүмдөрүн түшүнүү жана адамдарга түшүндүрүү укугуна ушул мекеме гана ээ болот. Алар адамдарда капитализмдин өкүм жүргүзүп жатканына жана байлыктары талап-тонолуп жатканына нааразылык пайда болбостугу үчүн алар Батыштын көз караштары негизиндеги Исламды үйрөтүүнү көздөшүүдө. Себеби, мындай планды түзгөн Мисир режими жана анын артында турган Ак үйдөгүлөрдү кабатырлантып жаткан биринчи нерсе Ислам болуп турат. Аларды Ислам жана Халифалык түзүмү аркылуу Исламды колдонууга чакырып жаткан инсандар тынсыздантууда. Негизи, Америка менен Сисий режими экстремизм жана терроризмдин артында тургандар, андан пайдаланып жаткандар жана аны тыгыштырууга кызыкдар болгондор терроризмди пайда кылышканын жакшы билишет. Терроризм Америка жана анын малайларына гана кызмат кылат. О.э. Америка каякка өкүмдарлыгын орнотууну кааласа, ошол жайда терроризм пайда болот. Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшкө чакырган бул сыяктуу конференцияларга келсек, табигый түрдө алардын максаты экстремизм жана терроризмди жок кылуу эмес, жада калса алар идеологияга каршы идеология менен да күрөшпөйт. Бул сыяктуу конференцияларды өткөрүүнүн артындагы максат бир нерсеге каршы каратылган. Америка коркуп жаткан жана RAND сыяктуу стратегиялык изилдөө борборлору эскертип жаткан бул нерсе – Уммат. Уммат бүгүн идеология ээлери бар экенин жана алар бул идеология менен Америкага каршы турууга кудуреттүү экенин аң-сезимдүү түрдө аңдап калды. Ал тургай, RAND стратегиялык изилдөө борбору идеологияга каршы күрөштө кагылышып жаткан башкы согушкер Хизб ут-Тахрир экенин баса белгиледи. Бул борбор Хизб жана анын пикирлери Американын келечеги үчүн кооптуу экенин, Хизб Америкага жетип, капитализмди өз жеринде жеңүүгө бирден-бир кудуреттүү күч болуп жатканын эскертти.

Шек-күмөнсүз, чыныгы күрөш – Ислам менен капитализм ортосундагы күрөш. Ар кандай идеологиялык каршылык капитализмдин кызыкчылыгына кызмат кылбайт. Батыш муну абдан жакшы билип, аны миң жолу эсепке алууда. Батыш Исламдагы амалий пикирлерден, бул пикирлер бир мамлекетте колдонулуп, бул мамлекет ушул амалий пикирлерди коргошунан, армиясы бул пикирлерге нусрат-жардам берип, аларды бүткүл дүйнөгө даъват жана жихад аркылуу жеткиришинен коркууда… Коркуп жатканына мына ушул саткындардын конференциясы жаркын далил.

Эй мусулмандар!

Силер, диниңер, жериңер жана байлыгыңар күрөштүн орду болуп турат. Батыш силерди кул кылууга, диниңерди жок кылууга, бөлүнгөн Умматыңарды дагы да ыдыратууга урунууда. О.э. Аллах силерге тартуу кылган байлыктарды талап-тоногон жана силер ага итаат кылган башчы болууга аракет кылып жатат. Аллах Таала:

﴿يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لاَ تَتَّخِذُوا بِطَانَةً مِنْ دُونِكُمْ لاَ يَأْلُونَكُمْ خَبَالاً﴾

«Эй момундар, өзүңөрдү коюп, (мунафыктарды) дос тутпагыла! Алар силерге зыян жеткирүүдө күчтөрүн аяшпайт                                                                                                    [3:118]

деп кафирлерге кулак салууну харам кылган соң, алар өлкөңөрдүн саясатына жана чечимдерине өкүмдар болуп алышы кандай болот?! Ошондуктан, Уммат армияларындагы калыс инсандардын важиб вазыйпасы – бул малай башчыларды тамыры менен жок кылып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат берүү. Мына ошондо Батыш жана анын кошууну кор, Ислам жана мусулмандар азиз-күчтүү болот, Уммат кайра өз күч-кубатын жана улуулугун колго алат.

Аллахым, Халифалыкты тездетип, Мисирди анын борборуна айланткын. Аллахым, бизди Халифалыктын аскерлеринен жана ошол доорго күбө болгондордон кылгын.

 

Роя гезити, №396, 2022-жыл, 22июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here