Сребреница кыргынына 27 жыл өттү

23
0

Сребреница кыргынына 27 жыл өттү

11-июлда Босния жана Герцеговинада Сребреница кыргынынын 27 жылдыгы белгиленди. Бул датага арналган тынчтык жүрүшүнө жалпы 3 миңдей адам катышты. Бул күнү аты-жөнү аныкталган 50 адамдын сөөктөрү кайрадан жерге берилди.

1995-жылдын июль айында Босния сербдери Сребреница шаарында 8 миңдей мусулман эркек менен балдарды кырып салган. Ушул убакка чейин 6671 адамдын өздүгү аныкталган жана кайрадан көмүлгөн. Бул окуя Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.

Түпкүлүгүндө, Балкан кичинекей географиялык аймак болгону менен тарыхтын ар кандай мезгилинде согуштар, революциялар, империялардын көтөрүлүшү жана түшүшү ушул аймакта жүз берген. Жүздөгөн жылдар бою улутчулдук дартынан айыкпаган аймак Исламдын келиши менен чыныгы бейпилдик жана адилеттик астында 600 жыл жашады. Ислам бул жерлерде түрдүү тил, дин, улут, урууларды бириктирип чыныгы маданиятты калыптандырды. Качан гана Балкандагы өлкөлөр Батыштын тукуруусу менен улутчулдукка кайткандан кийин согуш оту кайрадан тутанды. Мындай көрүнүш 25 жыл мурунку Сребреницадагы кыргынга алып келди. Бирок, мусулмандарга карата мындай мыкаачылык аймакта биринчи жолу жасалган эмес. Тарыхка көз чаптырсак, Халифалык кулагандан кийин 1944-1989-жылдар арасында мажбур түрдө ассимиляциялоо кампанияларына, мусулмандарды топ-тобу менен кыргынга салган окуяларга күбө болобуз. Аймактагы мындай кыргындан сабак алсак, Исламдын түрдүү улуттарды бир коомго айлантуусунан ибрат алсак болот.

Балкан аймагына Ислам Аббасийлер доорунда султан Орхандын колу менен 1352-жылы келген. Аймактагы башка дин өкүлдөрү эркин ибадат кылышты, салык жагынан мусулмандарга караганда көптөгөн жеңилдиктер берилди жана сырттан келе турган коркунучтан толук коопсуз болушту. Кийин Усманийлер да ушул саясатты улантты. Жергиликтүү калкка карата мындай жылуу мамиле миллиондогон жарандардын Ислам динине агылып кирүүсүнө себеп болду. Мындай саясаттын жүргүзүлүшү мамлекеттин Куран жана Сүннөттүн негизинде башкарылуусуна байланыштуу экени талашсыз.

17-кылымдын аягына келип Усманий мамлекетте идеологиялык кризис пайда болду жана бул экономикалык маселелерди жаратты. Буга 1683-жылдагы Венаны 2-жолу курчоо аракети ийгиликсиз аякташы кошумча болду. Анткени, Ислам мамлекетинин кошуунунун «жеңилгис» деген атына көлөкө түштү. Бул абал крестүүлөрдүн душмандыгын дагы да арттырды. Көп өтпөй 1699-жылы Усманий мамлекет Венгрияны колдон чыгарды жана бул окуя Ислам мамлекетинде артка кетүү тепкичин баштады.

Крестүүлөр Исламий мамлекетти күч менен эмес уулуу пикирлер менен гана жеңүү мүмкүн экенин түшүнүп жетти. Ошентип, Ислам көлөкөсүндөгү христиандарда улутчулдук туйгусун ойготушту жана көтөрүлүштөрдү уюштурду. Максат, Усманий мамлекетти «реформа» жасоого мажбурлоо жана анын аркасынан улуттук христиан мамлекеттерди пайда кылуу эле. Алардын максаттары 1839-1876-жылдары ишке аша баштады. Кийин 1877-78-жылдагы Усманийлер менен Орусиянын ортосундагы согушта Балкандагы көпчүлүк аймак колдон чыкты. 1878-жылы орустардын славянчылык саясаты натыйжасында Сербия, 1908-жылы Болгария бөлүнүп чыкты. Ушул эле жылы Берлин конгрессинде Босния жана Герцоговина аймагы Австро-Венгрия империясынын курамына кошулду. Биринчи дүйнөлүк согуштун артынан Усманий мамлекет Балкандан толугу менен кол жууду. Мындан ары аймак, 14-кылымдан мурунку феодализм зулумдугун кайрадан баштан өткөрө баштады. Империялар менен падышалыктардын арасындагы кызыкчылык талаштын курмандыгына айланышты. Бир жагынан социалисттердин зулумдугу астында калса, экинчи тараптан ар түрдүү ишенимдер кирип келип, кыргындар, сүргүндөр, кыйноо жана зынданга камоо кеңири жайылды. Батыш канчалык өзүн маданияттуу, аял жана балдардын коргоочусу катары көрсөтсө да, анын көз алдында 1995-жылы жырткычтарча кыргын уюштурулду.

Ооба, бул окуяда мусулмандар кыргынга алынды, дүйнөнүн ар башка жеринде дагы да кырылууда. Бирок, жогоруда айтылгандай, Балкан окуясы биз үчүн сабак да, ибрат да болуп калды. Анткени, Ислам жетип барган аймакта негизги милдет адамдарды бактылуулукка алып чыгуу. Башкача айтканда, аларда дайымий кадыржамдыкты камсыздоо. Андан кийин болсо ыктыярдуу түрдө аклий ыйман келтирип, түбөлүктүү бактылуулукка көчүп өтүүлөрүнө шарт түзүү. Бул убада мусулмандардын эле эмес, Аллах Тааланын жана Расулуллах с.а.в.дын убадасы. Аллах убадасынан эч качан кайтпайт жана ал орундалат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here