Кыргызстан Россияга санкция салынган товарларды өткөрүшү мүмкүн болгон мамлекеттер тизмесине киргизилди
Кабар: АКШнын Финансы министрлиги санкция салынган товарлар Россия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелчилиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктады. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин алдындагы каржылык кылмыштар менен күрөшүү түйүнү менен Өнөр жай жана коопсуздук бюросу даярдаган документте айтылган.
Ага Кыргызстандан тышкары, Грузия, Армения, Кытай, Индия, Мексика, Израил, Сербия, Түштүк Африка, Тайван, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Борбор Азиядагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөр киргизилген.
Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырье катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Россия менен Беларуска экспорттолушуна тыюу салынары белгиленген.
Тизмеде «эң жогорку тынчсыздануу жаратчу» товарлардын катарына аскердик максатта колдонулчу техника: антенналар, мунай өнөр жайына керектеле турган жабдыктар, CPS системалары киргизилген.
Комментарий: Россиянын Украинада баштаган баскынчылык согушунун артынан АКШ башында турган Батыш мамлекеттеринин Россияга каршы жарыялаган санкциялары аны менен жакын экономикалык мамиледе болгон Борбор Азия мамлекеттерине да таасирин тийгизди. Алгач, рублдин артынан региондогу улуттук валюталар кескин кунсузданып, баалар көтөрүлүп кеткен болсо, кийинчерээк Россия рублдин курсун жасалма түрдө кармап турушунун натыйжасында доллардын курсу мурунку абалга кайтты, ал тургай андан да төмөн түшүп кетти. А бирок, баалар түшпөстөн, тескерисинче көтөрүлүп жатат. Калктын кирешеси болсо көндөн-күнгө өсүп бара жаткан баага ылайык көтөрүлбөгөндүктөн, адамдар кара казанын кайнатууда кыйынчылыктарга дуушар болууда. Расмий өкмөттөр, айрыкча, Кыргызстан өкмөтү да кирешени көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жөнүндө ойлонуунун ордуна ар түрдүү салыктарды киргизип, ансыз деле экономикалык кыйынычылыктар кысымында жашап жаткан адамдарды ого бетер кыйнап жатат.
Булардан айырмалуу түрдө, Россия азык-түлүк коопсуздугу шылтоосу менен региондогу мамлекеттерге зарыл болгон дан азыктары жана башка товарлар экспортуна чектөө киргизди. Сакнция салынган товарларды өз аймагына алып кирүү үчүн болсо региондогу мамлекеттерде каттоодон өткөн, бирок чыныгы ээси россиялык жарандар болгон компаниялардан пайдаланууда. Мисалы, АКШ Мамлекеттик департаменти санкцияларды бузганы үчүн Өзбекстандагы “Promcomplektlogistic” компаниясына санкция киргизди. Аталган компания Россияга электрондук бөлүктөрдү, микросхемаларды жеткирип берген. Санкциялар тизмесине киргизилген “Promcomplektlogistic” компаниясы Ташкент шаарында жеке менчик ишкана катары каттоодон өткөн. Ачык маалыматтарга ылайык, ишкананын 100 пайыз үлүшү Олег Грабилинге тийиштүү.
АКШ азырынча жеке менчик компанияларга карата санкция киргизип жатканы менен Украина согушу созулуп барган сайын региондогу мамлекеттердин Россия менен мамилесин үзүү максатында бул мамлекеттерге да санкция жарыялашы мүмкүн. Андай болсо расмий өкмөттөр эки оттун ортосунда калышат. Биринчиси, АКШ басымдарына моюн сунуп Россия менен мамилени алыстатуу. Мында регион мамлекеттери Россия тарабынан боло турган коркутуу жана басымдарга туруштук бериши керек болот. Экинчиси, Россиянын коркутуусунан кутулуу үчүн аны менен мамилени тымызын уланту. Мындай абалда АКШ жана Европа мамлекеттери жеңил санкциялар менен чектелип калышпайт.
Абдурахман Адилов