Бийлик калктын нааразылык маанайын экстремизмге каршы күрөшкө бурмакчы

155
0

Бийлик калктын нааразылык маанайын экстремизмге каршы күрөшкө бурмакчы

Бишкекте 7-июль күнү Курман айт майрамына даярдык көрүү учурунда теракттын алдын алынганын Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитети билдирди.

Комитеттин маалыматында Сириядан жасалма паспорт менен келген эл аралык террордук уюмга тиешеси бар эки чет элдик жаран, Бишкектен Кыргызстандын бир нече жараны (шериктери) кармалган. Бул адамдардын Сириядагы согуштук зонада диверсиялык жана террористтик машыгуудан өткөндүгү боюнча далилдер алынган. Алар 9-июлдагы Айт намазында бомба жардыруу максатында келген имиш. Учурда кармалгандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Бул кабардын артынан эле Чүй аймагынан “Йакын инкар” мүчөлөрү деп шектелип 29 жана 35 жаштардагы үч киши кармалды.  Алар “Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо” беренеси менен шектелип №1 тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин да Чүй облусунда “Йакынинкар” даъватчыларынын лидери жана 50 мүчөсү кармалганы кабарланган.

Бийликтин акыркы учурда экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга каршы күрөшү күчөп барууда. Анткени, казино тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы жана ККМдин мажбур түрдө киргизилүүсү калкта бийликке карата нааразылыкты күчөттү. Мындай абал оппозиция үчүн ыңгайлуу учур болуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылышты. Бирок, демократияда өлчөө пайда болгондуктан, бийлик оппозиция менен мамилесин соодалашуу аркылу чечүүгө аракет кылууда. Ал эми, чыныгы мусулмандардын позициясын жана нааразылыгын бастыруу үчүн аларды экстремизм жана терроризм шылтоолору менен айыптап, куугунтуктап жатат. Бийликтин мындай кадамында өз кызыкчылыгы бар болсо да, түпкүлүгүндө Исламга жана анын баалулуктарына дүйнөлүк куфр системасы каршы күрөшүүдө. Бул багытта атайын долбоорлор иштелип чыгып, кредиттер бөлүнүп жатат.

Түпкүлүгүндө, “радикализм”, “терроризм” же “экстремизм” терминдери Исламга каршы күрөшүү үчүн ойлоп табылган. Исламий жамааттар бир четтен бул терминдер менен айыпталууда. Каапырлардын каалоосун жана зулумдуктарын болсо тизгинделген жетекчилерибиз ишке ашырып берүүдө.

Оо мусулмандар! Мындай зулумдуктан кутулуу үчүн ар бир мусулман өз Исламына азуу тиштери менен бекем жабышуусу керек. Ал үчүн ар бир амалыбызды Ислам акыйдасынан келип чыгып аткарышыбыз шарт. Ошондо Кудайдын жолунда же каапырлар белгилеп берген жолдо жашап жаткандыгыбыз анык болот. Эгер Кудайдын жолунда болсок, ар бирибиз мусулман боордошторубуздун мазлумдугуна кайдыгер карабайлы. Бул мазлумдук көп өтпөй өзүбүздүн башыбызга жетээрин унутпайлы. Акимдерди мындай ыплас аракеттерден кайтаруу үчүн кыянаттыктарын ашкере кылалы. Анткени, биздин жетекчилер да, аларды ишке салып жаткан куфр системасы дагы бир гана коомдук пикирден жана өздөрүнүн убактылуу күрсүлөрүнөн коркушат!

Мумтаз Маверранахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here