Фарс булуңундагы өкүмдарлар яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууда өз ара жарышууда

305
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фарс булуңундагы өкүмдарлар яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууда өз ара жарышууда

 

Мухандис Бахир Салих

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестиндеги

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Мусулман өлкөлөрүнүн өкүмдарлары, алардын катарында, Фарс булуңундагы жетекчилер Фалестин маселесин яхудийлердин пайдасына жок кылууда негизги каражат деп айтуу аздык кылып калды. Себеби, алар бул иште бири-бири менен жарышууда… Ыктымал, Вашингтон же Лондондон келе турган буйруктарды аткарууда, кээ бир өзгөрүүлөргө амал кылууда жай аракет кылып жатышкандыр. Бирок, алар Фалестин маселесин баскынчынын пайдасы үчүн жок кылууда бири-бири менен келишип, тил бириптирип алышкан.

Мындан улам, Фарс булуңундагы мамлекеттердин шериктештиги кеңешинин шаршемби күндөгү жыйынында алардын позициясы «Фалестин маселесине биринчи кезекте aраб жана мусулмандар маселеси катары жандашууда катъий экени о.э. 1967-жылы 4-июндагы чегараларда жана борбору Чыгыш Куддус болгон эгемендүү Фалестин мамлекетин тикелөөнү колдоо» жөнүндө айтылды.

Бу билдирүү яхудийлердин Акса мечитине кол салууларына жооп катары айтылып, Фалестин маселеси үчүн жакшы жана колдоочу билдирүү болуп көрүнүп жаткан болсо да, бирок, Булуң мамлекеттеринин өкүмдарларынын шерменде позицияларын ачыкка чыгарууда. Бул билдирүү борбору Чыгыш Куддус болгон 1967-жылдагы чегараларга ылайык Фалестин мамлекетин курууну өкүмдарлар колдоп жатканын көрсөтүп турат. Башкача айтканда, бул өкүмдарлар Фалестиндин азат кылынышын да, яхудийлердин ал жерден чыгарылышын да колдоп-кубаттабай, тескерисинче, яхудийлердин бул мубарек жердин 80 пайызынан ашыгын ээлешине, Куддусту Чыгыш жана Батыш Куддуска бөлүүгө, яхудийлерге чыгыш эмес, батыш майдан тартуу кылынышына мүмкүнчүүк беришүүдө. Т.а. бул Фалестиндин төрттөн бир бөлүгүндө «фалестин» деген күчсүз мамлекетче курулушунун акысына бул жердин төрттөн үч бөлүгүнөн жана Куддустан баш тартууну түшүндүрөт. 1959-жылы АКШ администрациясы тастыктаган Американын эски долбоору мына ушул. Ошондо АКШ администрациясы чыр-чатакты яхудийлер Фалестинде жеңип чыга турган о.э. яхудийлердин коопсуздугу жана туруктуулугу Ислам Умматы тарабынан камсыздала турган түрдө чечкен.

Мусулман өкүмдарларынын Фалестин маселеси арабдар жана мусулмандардын биринчи кезектеги маселеси деген сөздөрүнө келсек, эгер бул калктар жана адамдар жөнүндө айтылып жаткан болсо, ооба, ушундай. Андай болушу табигый, себеби, Фалестин, Куддус жана Акса мусулмандардын жүрөгүнөн орун алган жана бул сүйүү Ислам, Мухаммад ﷺ жана Исра сүрөсү менен болгон алакаларынан келип чыккан. Колонизаторлор, яхудийлер жана мусулман башчыларынын тамагына сайылган сөөк да мына ушул. Ал эми, алардын бул биздин биринчи кезектеги маселебиз деп жатышканы – анык жалган. Себеби, алардын эски-жаңы жана өзгөрүүчү позициялары колонизатордун кызыкчылыгын камсыздоого жана Фалестин маселесине жардам бербестен, аны жок кылууга гана алып келүүдө.

Анын эң ачык-айкын далили: жакында яхудийлер менен ачыктан-ачык нормалдашуу кампаниясы алып барылды жана Булуң өкүмдарлары яхудийлердин Фалестин калкына тынымсыз чабуул кылып жатышканына көңүл да бурбай, бетпактык жана арамзалык менен кампанияга активдүү катышышты. Акыйкатта болсо, яхудийлердин бул кылмыштары чар тарапка, асманга жетип, эч кимге сыр болбой калган.

Ооба, бул өкүмдарлар жана Булуң өкүмдарлары Фалестин маселесине каршы акыркы жылдарда канчалык тил бириктирип жатышканы ачык-айкын белгилүү болуп калды. Мисалы, алар Фалестин маселесин жок кылууга салым кошуу үчүн өз алакаларын жана Умматтан тартып алган акчаларын сарпташты. Т.а. бир тараптан, баскынчы вужуд менен жашыруун жана ашкере алакаларды орнотуп, муну менен соода жана техника жагынан алардын мусулман өлкөлөрүнө кирип баруусуна жол ачып берип жатышкан болсо, экинчи тараптан, Газа жана Фалестин администрациясындагы айрым фракциялар менен алака кылып, мубарек жердин калкын моюн сундуруу жана каршылык кыймылдарын «тарбиялоо» үстүндө иштешүүдө.

АКШнын бүгүнкү жана кечеги администрациялары таппай жүргөн нерселерин мына ушул Булуң өкүмдарларынан табышты. Айрыкча, бул өкүмдарлар Американын ыраазылыгын алуу үчүн алдастап жүгүрүп жүрүшөт. Муну Америкага малай экендиктеринен келип чыгып же Америкага бир нерсе үмүтүндө жана корккон абалда ээрчип жаткан англис кожоюндарынын буйругуна баш ийип ишке ашырышууда. Трамп бийликте болгон убакта Булуң мамлекеттеринин өкүмдарларынан жийиркеничтүү түрдө пайдаланып, мал-мүлктөрүн талап-тоногон о.э. миллиарддаган акчаларын курман кылууга мажбурлаган. Ошондон кийин алар менен «Абрахам» деген келишимдин алкагында яхудийлер менен алакаларды ашкере нормалдаштыруу кампаниясын баштады о.э. аларды нормалдаштырууга жана Жакынкы Чыгыштагы пландарын ишке ашырууга карай сүйрөдү. Байден келген соң, Эмираттарга яхудийлер менен алакаларды нормалдаштыруу ролун, Катарга Газа, каршылык кыймылдары жана алардын жетекчилерин көзөмөлдөө ролун тапшырды. Яхудийлерге жагынуу, аларды зыярат кылуу, алар менен жарым жартылай нормалдашуу Саудия өкүмдарларына, ачык-ашкере нормалдашуу Бахрейн өкүмдарларына тапшырылды. Тез-тез алакалар жана зыяраттар болуп жатканынын кабары Оман султандыгынан да жылжып чыгууда… Буларды санап бүтпөйбүз. Булуң өкүмдарлары нормалдашууда да, Америка жана яхудийлердин региондогу долбоорлорун аткарууда да адыңкылардан болушту.

Кыскасы, Фарс булуңунун өкүмдарлары Мисир, Иордания, Түркия, Марокко жана Тунис өкүмдарлары сыяктуу колонизатор Батыштын шахмат тактасындагы пешкалар. Америка жетектеген Батыш мындан он жылдай мурун мубарек жерде яхудийлерди өкүмдар кылуу зарылдыгы боюнча о.э. Ислам Умматынын жүрөгүндө анын коопсуздугу жана таасири болушун кепилдөө үчүн чөйрө жана мамилелерди даярдоо керектиги туурасында чечим кабыл алган. Ушул себептен улам, Батыш талап кылган убакта өкүмдарлар берилип итаат көрсөтүү үчүн бири-бири менен жарышып жатканына күбө болуп жатабыз. О.э. яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырып, алака орнотуп жатышканына, жерден баш тартуу о.э. бөлүп салуу жана ыдыратуу долбоорлорун алга сүрүп жатышканына, колонизатор жана яхудий вужудуна бир аз ыңгайсыздык жана тынчсызданууну пайда кыла турган позициядан да өздөрүн тыйып жатышканына күбө болуп жатабыз. Ошондуктан, жакында алардын яхудийлердин чабуулдарын каралоосу эң жумшак формада болду… Себеби, алардын жүрөгү да, тышкы көрүнүшү да яхудийлер жана Батыш менен бирдей.

Ал эми, Фалестин Куддус жана Акса менен азаттыкка, нусратка, азиздик жана күч-кубатка ынтызар. Бул иш Умматтын армияларысыз жана калыс кошуундарысыз эч качан ишке ашпайт. Айта кетчү нерсе, Фалестин калкы Умматка жана армияларга күнү-түнү кайрылып, азаттыкка чакырып жаткандыгы яхудийлердин да, колонизаторлордун да тынчын бузуп жатат, бул Аллахтын уруксаты менен, албетте ишке ашат.

 

Роя гезити, №395, 2022-жыл, 15-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here