Индияда мусулмандарга каршы зулумдар уланууда

247
0

Индияда мусулмандарга каршы зулумдар уланууда

Индия расмийлеринин РасулуллахAды акаараттаган билдирүүлөрү себептүү башталган нааразылык акцияларына сахна болгон Уттар-Прадеш штатында полиция мусулмандарды ырайымсыздык менен сабады. Аймактагы булактардан алынган маалыматтарга ылайык, РасулуллахAды акаарат кылууга нааразылык билдирген калкка ок атылып, бир нече мусулман шейит болгон.

ББCнин кабарына таянсак, Индия өкмөтү кээ бир штаттарда, айрыкча Уттар-Прадеш штатында нааразылык акциясына катышып жаткан мусулмандардын үйлөрүн жана ишканаларын ар түрдүү шылтоолор менен бузуп салууда. Штаттын расмийлери үйлөр мыйзамсыз экендигин айтышууда. “Анадолу” агенттигинин кабарына ылайык, Уттар-Прадеш штатынын премьер-министри Яги Адитянатхтын кеңешчиси Мритюнжай Кумар “Твиттер”деги баракчасына үйлөрдү бузуп жаткан булдозерлердин сүрөтүн коюп: “Эй козголоңчулар, ар бир жумадан кийин ишемби келишин унутпагыла”, – деп коркуткан.

Комментарий: Индия мусулмандары тарыхтан өз динине берилгендиги, акыйкат үчүн күрөштө бекемдиги менен белгилүү. Халифалык мамлекети кулайын деп калганда, Индия мусулмандары акимдери сыпатында да, аалымдар сыпатында да, карапайым жарандар сыпатында да, аны сактап калуу үчүн тиш-тырмагы менен күрөшкөн. Ал кездерде Индия Англиянын колониясы болуп калган болсо да, айрым провинциялардын акимдери Халифалыкка моюн сунушун жана куфрга каршы күрөшүү үчүн бардыгына даяр экендигин билдирип турушат эле. Аалымдар болсо, Халифалыкты сактап калуу аракетинде жетекчилик ролун моюнга алышкан. Англистер бир тобун камакка алып да ал аалымдардын үнүн өчүрө албаган. Карапайым мусулман калк Халифалыкты сактап калуу үчүн малы-жанын курмандыкка чалууга даяр экендигин иш жүзүндө көрсөтүшкөн. Ал үчүн бардык тагынчак-жасалгаларын берип жиберген муслималар ичинде өзүнүн баласын сатып болсо да Халифалыкты сактап калуу үчүн салым кошууга аракет кылган муслиманын окуясы баарыбызга белгилүү.

 Ошондуктан да Индиядагы мусулмандар ар дайым куфр калкынын бутасында турат. 1947-жылы Индия өкмөтү расмий түзүлгөн күндөн бери мусулмандарга карата жырткычтыктар мамлекеттик масштабда уланып келе жатат. 1948-жылы Хайдарабадда, 1969-жылы Гужаратта, 1980-жылы Марадабадда, 1983-жылы Неллйде, 1985-жылы кайрадан Гужаратта, 1987-жылы Хошимпурда, 1989-жылы Бхагалпурда, 1992-жылы Бомбейде, 1993-жылы Пангалда, 2002-жылы кайра эле Гужаратта, 2013-жылы Музаффарнагарда, 2014-жылы Ассамда кыргындар уюштурулду. Канчалаган намыстар тебеленип, адамдар тирүүлөй өрттөлдү. Мындан тышкары 1990-1998-жылдар аралыгында Индия өкмөтү Кашмирдин өзүндө эле 63275 кишини атып өлтүрдү. 775 саясатчы, аалым жана имамдарды дайынсыз жок кылды. 3370 кишини оор кыйноолор менен азаптап өлтүрдү. Жүз миңдей мусулман эч кандай сотсуз эле камакка ташталды. Мындай кыргындар бүгүнкү күндө да токтой элек.

 Бул уйдун кулдары мусулмандарга карата кылмыштарына жараша эч кандай жаза албаганы себептүү, мындай кыргындарын бүгүнкү күндө да улантууда. Себеби, мусулмандардын акимдери жана миллиондогон аскерлери бул кыргындарга сүкүт сактап турушат. Ошондуктан, алар жырткычтыгын күндөн-күнгө күчөтүп жатышат.

 Албетте, мусулмандарга болуп жаткан чабуулдар Индия менен эле чектелип калбаган, бүгүнкү күндө куфр калкынын Ислам жана мусулмандарга карата чабуулдары дүйнөнүн бардык жеринде болуп жатат. Себеби, Ислам жана мусулмандарга каршы мындай чабуулдарга дароо жооп кайтара турган, кафирге жана залимге ордун көрсөтүп коё турган, алардын Расулуллах Aды акаарат кылган тилдерин сууруп ала турган Халифабыз – калканыбыз жок.

 Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here