АКШ Сириядагы кыргызстандыктарды алып келүүгө көмөктөшөт

337
0

АКШ Сириядагы кыргызстандыктарды алып келүүгө көмөктөшөт

АКШ Сириядагы лагерлерде жашап жаткан кыргызстандыктарды алып келүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, Майкл Курилла «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Сириянын түндүк-чыгышындагы “ал-Хол” лагеринде 60тан ашуун өлкөдөн чыккан 57 миңдей киши жашайт. Лагер кеңейип баратат жана ай сайын 100дөй аял көз жарат. Ал жердеги көйгөй ар бир адам өз өлкөсүнө кайтарылып, реабилитациядан өтүп, өз коомуна кошулуу менен гана чечилет.

«Биз Кыргызстандын жетекчилигине жана аскер кызматкерлерине кыргыз жарандарын “ал-Холдон” кайтаруу иштеринде жалпы эле чөлкөмдө алгылыктуу иш жасаганы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз бул багытта Кыргызстанга мындан ары дагы колдоо көрсөтүүбүз керек», деди Курилла.

Ал 2018-жылдан бери толук кандуу иштебей турган Бишкектеги элчиликтин аскердик кызматташтык бөлүмү кайрадан жанданганын, АКШ 500дөн ашык күч кызматкерлерин кесиптик даярдыктан өткөргөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, Шамда согуш башталганда эл аралык күчтөр Түркия аркылуу Сирияга коридор ачып берген эле. Жергиликтүү бийликтер өз өлкөсүнөн чыгып бара жаткан мусулмандар агымына көз жумуп, аларды эл аралык саясаттын ыктыярына тапшырып коюшту.

Бүгүнкү күндө Сириядагы кырдаал өзгөрүп т.а. бул мухажирлер Америка кызыкчылыктарына кызмат кылып бүткөндүктөн, АКШ эми ал жердеги мужахиддердин кармалгандарын өз мекенине кайтарууга аракет кылууда. Муну менен, кайрадан өз кызыкчылыктарына кызмат кылып бере турган “ячейкалар” түзүүгө кызыктар. Башкача айтканда, аларды өз өлкөлөрүнө алып келүү менен туруксуздуктарды чыгарууга аракет кылмакчы. Мунун артынан болсо, экстремизм-терроризмге каршы күрөшүүдөгү кызматташтык беткабы менен аскердик аралашуусун улантат. Айрыкча, Орусиянын Украина баткагына кирүүсү артынан Америка Борбор Азияда таасирин кеңейтүү аракетин күчөтүп барууда.

Демек, Кыргызстан мусулмандары бийликтин мусулмандарга карата аракетине дыкаттык менен көз салып, аларды колонизаторлордун тузагына түшпөөгө чакырышыбыз шарт! Анткени, бир мусулмандын каны Каабадан да ыйык экени риваят кылынат! Каапыр колонизаторлор үчүн мусулмандар каны эч кандай кыйматка ээ эмес! Алар үчүн согуш-башаламандыктардын артынан өздөрүнүн таасирин сактап калуу, мусулман калктарынын байлыктарына ээлик кылуу маанилүү!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here