БУУ азык-түлүк кризиси жөнүндө эскертти

284
0

БУУ азык-түлүк кризиси жөнүндө эскертти

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба боюнча уюму (ФАО) о.э. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) кеңири жайылган азык-түлүк кризиси жөнүндө эскертти. Алардын билдиришинче, ачарчылык ондогон мамлекеттерде туруктуулукка коркунуч туудурууда. WFPнын аткаруучу директору Дэвид Бисли азыркы шарт 2007-2008-жылдардагы азык-түлүк кризиси жана 2011-жылдагы араб жазы доорунан жаманыраак экенин о.э. ыкчам аракет кылуу зарылдыгын билдирди.

О.э. WFPнын отчётунда келишинче, 56 мамлекетте 533 миллион киши тойгончо тамактанбайт. 84,34 миллион калкы бар Түркияда болсо, 14,8 миллион адам жетиштүү деңгээлде тамак-аш сатып ала албастыгы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда Оксфам уюмунун отчётунда келишинче, бүгүнкү күндө миллиардерлердин саны 2020-жылга салыштырганда 573кө көбөйгөн. Бул болсо, ар бир 30 саатта жаңы бир миллиардер пайда болуп жатканын билдирет.

Комментарий: Дүйнө жүзүндө изилдөөлөрдү жүргүзүүчү көптөгөн таасирдүү изилдөө борборлору жыл сайын түрдүү тармактарда отчётторун жарыялашат. Көңүл бурган болсоңуз, бул изилдөө борборлорунун отчёттору жалаң гана терс натыйжаларды көрсөтүп жатканына күбө болосуз. Мисалы, дүйнөдөгү качкындардын саны күндөн-күнгө өсүп жатканы, канчалаган адамдардын ачарчылыктан улам өлүм алдында турганы жана ошол эле убакта тонналаган тамак-аш таштандыга кетип жатканы, азык-түлүк тургай, ичүүчү таза сууга зар болгон калктын көбөйүп жатканы, үй-жайсыз көчөдө калгандардын саны жылдан-жылга көбөйүп бара жатканы, он миңдеген, балким жүз миңдеген адамдардын кадимки медициналык кызматтан пайдалана албай жатканы ж.б.у.с… Айтып отурсак мындай мисалдардын аягы көрүнбөйт. Бир жолу болсо да “Америка же Европа мамлекеттери сыяктуу өнүккөн мамлекеттердин биринде баланча убакытка барып жакырчылык бүтүндөй жоюлушу же баланча өнүккөн мамлекетте үй-жайсыз көчөдө калган бирер адам табылбай калышы” жөнүндө отчёт уккансызбы, андайды укпайсыз. Мунун себеби, дүйнө жүзүндө капитализм өкүмдарлык кылып жатканына барып такалат. Анткени, мындай абалдар жалаң гана материалдык кызыкчылык үстүнө курулган капитализмдин табиятында бар. Ошондуктан, бүгүнкү күндө дүйнөнүн эң бай мамлекеттеринде да көчөлөрдө, таштандыларда ач-жылаңач жашагандардын саны миллиондоп саналышы табигый көрүнүшкө айланган.

Дүйнөнүн 90дон ашык мамлекетинде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Оксфам уюмунун акыркы отчётунан да капитализмдин чыныгы жүзү көрүнүп турат. Анын отчётунда келишинче, быйыл азык-түлүктүн баасы дээрлик 30 пайызга көтөрүлгөнү себептүү 263 миллион адамдын жакырчылыктын эң төмөнкү чегинен да төмөн түшүп кетери күтүлүүдө. Ал отчётто айтылышынча, акыркы эки жылда азык-түлүк жана энергиянын баасы көтөрүлүшү себептүү байлыгынын үстүнө байлык кошкон 62 жаңы миллиардер пайда болгон. Өкүнүчтүүсү мындай отчёттордун чеги жок. Капитализмдин табияты жеп тойбос ач көздүк болсо, анан кантип андан “баланча убакытка барып жакырчылык бүтүндөй жоюлушу же баланча өнүккөн мамлекетте үй-жайсыз көчөдө калган бир да адам табылбашы” жөнүндө отчётту күтүүгө болсун?!

Мындай отчёт болсо, Исламда гана болот. Ооба, зекет жүктөлгөн кербендери өлкөнү кезип, зекет ала турган бир да жакырды таба албаган о.э. жарчылары: “Ким үйлөнүүнү кааласа, келиндин махрын биз беребиз”, “Кимдин мойнунда карызы болсо, аны биз төлөп беребиз”, ал тургай “яхудий жана насронийлерден болгон адамдардын карызы болсо аны да төлөйбүз”, “Ким ажылыкка бармакчы болсо, чыгымын көтөрөбүз”, – деп көчөлөрдү айланып, жар салып жүргөн Халифалык мамлекетинде гана болот.

Ислам түзүмү жакырчылыкты жоюу,  азык-түлүк, турак жай жана медицина сыяктуу негизги муктаждык маселелерин чечүү жаатында теңдеши жок түзүм экендигин далилдей алды. Халифалык мамлекети көлөкөсүндө жашаган адамдар бир тараптан тонналаган тамак-аш таштандыга ыргытылып, экинчи тараптан адамдардын бир үзүм нанга зар болуп ачарчылыктан өлүшүн элестете алышпайт эле. Европалык бир саякатчы Ислам мамлекетинин эң алсыз маалында да көчөлөрдө бир да кайырчы көрбөгөнүн таңдануу менен айтып берген. Халифалык мамлекети көлөкөсүндө жашоо кандай гүлдөгөнүн дос да, душман да өтө жакшы билет, буга көптөгөн далил-фактыларды келтирип отуруунун зарылдыгы жок. Демек, бул дүйнө капитализм паскечтигинен кутулуп, анын ордун Ислам тзүмү ээлебесе, мындан да аянычтуураак отчёттор жарыялана берет. Себеби, дүйнө жүзүндөгү адилетсиздиктерди Ислам түзүмү гана жоё алат. Анткени, Аллах Таала мындай дейт:

وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى

«Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз» [20:124]

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here