Пенде Аллах Тааланын ордуна өзүн мыйзам чыгаруучу кылып алуудан жийиркеничтүү нерсе жок!

161
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пенде Аллах Тааланын ордуна өзүн мыйзам чыгаруучу кылып алуудан жийиркеничтүү нерсе жок!

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы устаз Абдурауф Амирий “Тахрир” журналынын биринчи бетинде ушул аят менен «Улуттук сүйлөшүү жалганы» деген макаласын жарыялады:

﴿أتَسْتَبْدِلُونَ الَّذِي هُوَ أَدْنَى بِالَّذِي هُوَ خَيْر﴾

«Жакшыны жаман нерселерге алмаштыргыңар келип жатабы?»                                    [2:62]

Макалада мындай делет: «Өлкөдөгү абалдан пайдаланып учурда тышкы таасирдүү күчтөр кооптуу фитнага тил бириктиришкени, аны ар кандай топтор аткарып жатышканы ачык-айкын көрүнүп турат. Алар муну  өлкө кабылган коркунучтан чыгуунун жалгыз жолу топтор ортосундагы сүйлөшүүлөр деген нерсеге коомчулукту ишендирип, моюн сундуруу аркылуу ишке ашырмакчы. Бул тил бириктирүү жана андагы манёврлардан эртеңки бериле турган чечимдерге моюн сундуруп, чөгөлөтүү көздөлгөн. Бул чечимдерден исламий акыйданы акыл менен түшүнүп, жүрөктүн төрүнө жайгаштырууну баштаган адамдарды шаръий өкүмдөрдүн чечимдеринен адаштыруу көздөлгөн».

Устаз Амирий сөзүнүн аягында ушул суроону ортого салат: «Адамдардын тагдырын кайра «улуттук уюмдардын» колуна тапшыруунун кандай мааниси бар?! Акыры, дүйнө колонизаторлору бул уюмдарга Нобель сыйлыгын Исламды элдин жашоосунан четтетишкени үчүн гана беришкен го?! Пенде Аллах Таала ордуна өзүн эл үчүн мыйзам чыгаруучу кылып алгандан өткөн жийиркеничтүү нерсе барбы?! Силер мыйзам чыгаруучу топтор Аллахтын пенделерине – нафсиңерге берилип, ал тургай, Аллахтын, Расулунун жана момундардын душмандарына моюн сунуп – өкүмдарлык кылууга кандай акыңар бар?!”.

 Роя гезити, №391, 2022-жыл, 18-май.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here