Швецияда мусулмандардын балдары педофилдерге берилди

287
0

Швецияда мусулмандардын балдары педофилдерге берилди

Европада жашаган мусулман үй-бүлөлөрдүн балдары ар түрдүү шылтоолор менен тартып алынып, педофил үй-бүлөлөргө берилүүдө. Швецияда бул зулумга дуушар болгон мусулман үй-бүлөлөр борбор шаар Стокгольмдо нааразылык акциясын өткөрүштү. Түркияда чыгуучу “Yeni Şafak” гезитинин кабарына таянсак, нааразылык акциясына чыккан мусулман үй-бүлөлөр балдарынын кээ бирлери педофил үй-бүлөлөргө берилгендигине жана сексуалдык ыдыкка кабылгандыгына о.э. карамагына алган үй-бүлө балдардын жылаңач сүрөттөрүн социалдык тармактарда жарыялаганына нааразылыгын билдиришкен. Гезиттин жазышынча, чарасыз калган мусулман үй-бүлөлөр “балдарыбызды өзүбүзгө бербесеңер, жок дегенде жакшыраак үй-бүлөлөргө бергиле” деген талапты коюуга мажбур болушкан.

Комментарий: Европада мусулман үй-бүлөлөрдүн балдарын тартып алуу көптөн бери эле уланып келе жаткан көрүнүш. Мисалы, Швеция өкмөтүнө караштуу социалдык кызматтар башкармалыгы 2017-жылы сириялык бир үй-бүлөнүн 4 баласын, үй-бүлөдө зомбулукка дуушар болгон деген шылтоо менен тартып алган эле. Көптөгөн жылдар балдарын алыстан гана көрүүгө мажбур болгон Диаб Талал жана жубайы Амал Шайха 2020-жылы дагы бир балалуу болушкан. Бирок, Швеция өкмөтү бешинчи баласын да төрөлгөндөн беш мүнөттөн кийин тартып алды. Германиянын Дормаген шаарында жашаган үй-бүлө болсо, үйүндө жыгылып түшкөн 1,5 жаштагы баласын ооруканага алып барышканда, “балага жакшы карабаган” деген шылтоо менен ал баласын жана ага кошуп ушул үй-бүлөнүн 4 жаштагы баласын да тартып алышкан. Айтып отурсак мындай мисалдарга эсеп жетпейт. Себеби, напис-каалоо баткагына батып калган Европада үй-бүлө институту бузулгандыгы себептүү мусулмандардын балдары алар үчүн даяр олжо болуп калды.

Ал эми Швецияда жүз берген акыркы жараян т.а. мусулман үй-бүлөлөрдүн балдарын зордук менен тартып алып, педофил жана гомосексуал, бузуку үй-бүлөлөрге берилиши жана ал тургай ошол ыплас үй-бүлө тарабынан сексуалдык ыдыкка учураган балдардын жылаңач сүрөттөрү социалдык тармактарда таратылышы Европанын чыныгы жүзүн мурункудан да ачыгыраак көрсөтүп койду. Ооба, бул иш адам укуктары, айрыкча аялдардын жана жаш балдардын укуктары деп ооз көбүртүп жаткан Европанын так борборунда болууда.

Мындай жийиркеничтүү окуялар Швецияда эле болуп жаткан жери жок. Мындан ашкан исламофобиялык окуялар бардык Европа мамлекеттеринде болуп жатат. Изилдөө борборлору кайра-кайра жарыялаган отчёттор жаш балдарга карата зомбулук, жырткычтык жана сексуалдык ыдык көрсөтүүлөр сыяктуу ырайымсыз мамилелерди ачыктап келүүдө. Европанын өзү жарыялаган ушундай расмий отчёттордун биринде келишинче, 2018-2020-жылдар аралыгында мамлекеттин карамагында болгон 18292 мигрант бала дайынсыз жоголгон. Чыныгы цифра болсо мындан бир нече эсеге көптүк кылат. Себеби, Европага кирген балдардын бардыгы эле каттоого алына бербейт. Мисалы, балдардын укугун коргоочу Камил Алтайдын айтымында, 2018-жылы Германияга кирген 52 миң баланын дээрлик жарымы мигрант катары каттоого алынган эмес. Европада дайынсыз жоголгон балдар жөнүндө эң жакшы күмөн “Бул балдар карамүртөз адамдардын колуна түшүп калып, оор жумуштарда иштеп жатышат” деген күмөн болууда. Бирок, алар сексуалдык максатта экспулатация кылынып жаткан болушу, же болбосо, кээ бирлеринин ички мүчөлөрү алынып, денеси жок кылынган болушу мүмкүн.

Хизб ут-Тахрир Скандинавия “заманбап Европа маданиятынын” ушул 21-кылым версиясына каршы мусулман балдарын коргоо максатында конференция уюштура тургандыгын билдирди. Бирок, конференциянын саясий акыбетинен тынчсызданган Швеция өкмөтү полиция күчтөрү менен аталган конференцияны өткөрүүгө жол бербеди жана бул аркылуу өздөрүнүн сөз эркиндиги деген урааны” жалган нерсе экендигин дагы бир жолу далилдеп койду.

Батыштын эки жүздүүлүгүн жана адамгерчиликке тескери келген кылыктарын айта берсек сөз жетпейт. Дүйнөдө кандай карамүртөздүк болбосун, анын артында Батыш цивилизациясы тургандыгы анык. Качан ислам Үммөтү биригип, Ислам мамлекетин тикелемейинче, дүйнөнүн эч бир жеринде, ал тургай Исламий өлкөлөрдө да коопсуз жашай албайт. Халифалык мамлекети мусулмандарды эле эмес, бүт дүйнөнү мындай карамүртөздүктөн куткарат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here