Коронавирустун Omicron түрүнөн алгачкы адам өлүмү катталды
Британияда коронавирустун Omicron түрүнөн алгачкы адам өлүмү катталды. Вирус укмуштуудай тездик менен жайылары байкалганы айтылууда. Учурда бир нече киши вирустун бул түрүн жугузуп алып, ооруканага жатканы белгиленди.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жаңы вирустан коргой турган эң жакшы нерсе – бул эмдөөнүн кошумча дозасын алуу экенин белгиледи.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөсүнө ылайык, “омикрон” коронавирустун башка штаммдарына караганда тез тарайт жана адам эмделгенине карабай жугууда.
АКШнын “Модерна” компаниясынын аткаруучу директору азыркы вакциналар коронавирустун “Омикрон” вариантына каршы анча эффективдүү болбошун моюнга алды.
Бишкектин Биринчи май районуна караштуу Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова да “Омикрон” — вирустун жаңы тиби болсо да профилактика үчүн эмдөөдөн өтүү керектигин айтты.
Жогорудагылардан маалым болгондой, коронавирустун жаңы түрлөрүнүн чыгышы фарм компаниялардын гана кирешесин эселеп көбөйтүүдө. Бул капиталисттердин кызыкчылыгын эл аралык уюмдардан тарта мамлекет жетекчилер да коргоп берүүдө. Мисалы, бир эле Pfizer компаниясынын 2021-жылдагы кирешеси 36 млрд долларга жетери айтылууда. Мындай кирешелерге шилекейи тамган фармкомпаниялар пандемия бүтүп кала электе же болбосо алардын вакцинасына карата адамдардын ишеними жоголо электе дагы да көбүрөөк киреше табууга ашыгууда. Ошондуктан мурун вакцина жалаң гана чоңдорго колдонулуп жатса, эми болсо вакциналар өспүрүмдөр, ал тургай жаш балдар үчүн эффективдүү экени айтылууда. Ал эми, Кытай жана “Израилде” 5 жаштан жогору балдарга вакцина колдонула баштады. Британия баштаган өлкө жетекчилер болсо вакцинанын үчүнчү дозасын алууга чакырууда. Бирок фармкомпаниялардын сүрөөнү менен колдонулуп жаткан бул вакциналар канчалык эффективдүү экенине жооп берген киши жок. Себеби анын эффективдүүлүгү жөнүндө илимий изилдөөлөр өткөрүлө элек. Ошондой эле реалдуулук вакциналардын эффективдүүлүгүнө каршы элести берүүдө. Мисалы жогоруда айтылган “Израилдеги” абалды алып карасак, өлкө калкынын 67%дан ашууну вакцина алышкан, жада калса вакцинанын үчүнчү дозасы берилип жатат. Ага карабастан коронавирусту жуктуруу учурлары басаңдаган жок. Европада да абал ушундай. Ошондой болсо да вирустун жайылышы басаңдабай, ал тургай күчөп жатат.
Капитализм адамзатка жалаң гана кырсыктарды, кризистерди, адилетсиздикти алып келди. Бул чындык жаш-кары, эркек-аял баарына белгилүү. Капитализмде эмнеге суроо-талап болсо, ошол нерсе дароо бизнеске айланат, бул учурда адамдардын шартына, азап тартышына маани берилбейт. Байлар адамдардын азап-кыйынчылыгынан акча табышат. Бул проблемалар капитализмдин, капиталисттик экономиканын колдонулуп жатканына байланыштуу. Ислам мунун тескериси. Исламда коомдун салматчылыгы биринчи орунда турган маселелердин бири. Анткени, Ислам адамдын кадыр-баркын өз ордуна коюп, көйгөйдү чечүүдө пайда негизинде эмес, арам-адал негизинде жандашат. Ушундай болгон соң, мусулмандарды эле адамзатты капитализм зулумдугунан куткара турган Ислам мабдасын колдонууга шашылалы!
Туркистон