ПАЛЕСТИНА САЛАХИДДИНДИ КҮТӨТ
Түркия президентинин администрациясы кабарлагандай, Түркия президенти Тайип Эрдоган менен «Израиль» башчысы Ицхак Герцог ортосунда телефон сүйлөшүүсү болуп өттү. «Сүйлөшүү учурунда Түркия-«Израиль» мамилелери жана регионалдык маселелер талкууланды. Президент Эрдоган баса белгилегендей, Түркия-«Израиль» мамилелери Жакынкы Чыгыштын коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн маанилүү, эгер өз ара түшүнүшүү алкагында эки тараптуу жана регионалдык маселелер боюнча аракеттер жасалса, келишпестиктер минимум даражага жеткирелет», – делет билдирүүдө.
Бирок, кыянатчылардын мындай билдирүүлөрүнө карабастан, так ушул яхудий вужуду себептүү Жакынкы Чыгыш кооптуулук жана туруксуздук иримине чөгүп келет. Анын ичинде Палестина Ислам Уммасынын эң орчундуу маселеси бойдон калууда. Бул маселе 20-кылымда пайда болду. Батыш мамлекеттери ал учурда Усманий Халифалыктын күчсүз абалынан пайдаланып, яхудийлерге Палестинада мамлекет куруп берүү планын түзүштү. Бул үчүн сионисттик уюмдар түзүлүп, планды иш жүзүндө аткарууга киришилди. Ал тургай, сионисттер Палестинада яхудийлерге жер бөлүп берүү үчүн Усманий Халифалыктын башчысы Абдулхамидге II акча да сунуштап көрүштү. Абдулхамид II алардын сунушун кантип четке какканы бүткүл мусулмандарга белгилүү. Ошондогу халифа Абдулхамиддин II сөздөрү башараттай эле болду. Ал «… бир күн келип Халифалык ыдырап куласа Палестинаны бекерге алышат» деген эле. Халифалык 1924-жылы кулагандай кийин негизинен Британия менен Франция Усманий Халифалыктын жерлерин басып алышты. Жана илгертен даярдык көрүп келген пландарын иш жүзүндө аткарууга киришип, 1948-жылы Палестинада яхудийлерге мамлекет куруп беришти. «Израиль» мамлекетин куруунун башкы максаты – мусулмандарды бириктирбестен, бөлүнгөн жарылган абалда сактап туруу болгон!
Яхудийлер ошондон тартып бүгүнкү күнгө чейин Палестина мусулмандарын кыргын кылып, жерлерин тартып алып келет. АКШнын эркеси «Израиль» кандай гана кылмыштарды жасабасын уруксат берилген. Ал эми, мусулман өлкөлөрүнүн башчылары жогорудагы пландын алкагында «Израилдин» коопсуздугун сактоо вазыйпасын алышкан. Кээ бир учурларда гана, жана «Израилдин» мусулмандарга каршы ырайымсыз кылмыштарына а түгүл Батыштын элдери нааразы боло баштаганда, же өзүнүн аброюн көтөрүү максатында мусулман башчылары «Израилди» сындаган, каралаган «жалындуу» сөздөрдү гана айтышат. А бирок, түпкүлүгүндө жогоруда Түркия президентинин администрациясынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй, мусулман башчылары «Израиль» менен жакшы мамиле түзүүгө кызыкдар. Себеби Батыш, өзгөчө АКШ мусулман башчыларын «Израилдин» коопсуздугун сактоо жана жакшы мамиле түзүү вазыйпасын жүктөгөн.
Өзгөчө акыркы учурларда АКШ талабы күч болууда. Ошондуктан мусулман өлкөлөрү «Израиль» менен мамилелерди нормалдаштыруу аракеттерин күчөтүштү. Перс булуңундагы мамлекеттер «Израиль» менен мамилелерди ачык эле нормалдаштыра башташты. Алардын артынан Египет, Судан, Марокко ээрчип бара жатышат. Саудия режими өз элинен «уялгандыктан» «Израиль» менен тымызын мамиле кылып жатат, бирок элин «бышырып» алгандан кийин яхудийлер менен ачык эле мамиле кылууну баштайт, бул убакыт маселеси гана.
Мусулман башчыларынын бул позициясы яхудийлерге жакшы маалым. Ошондуктан яхудий саясатчылар «мусулман башчылары эмес, мусулман көчөлөрү (катардагы мусулмандар) биз үчүн кооптуу» дешет. Ошондуктан, мусулман башчыларынан «Израилди» каралаган элге жаккан сөздөрдү угушубуз мүмкүн, мисалы «Израиль террорист мамлекет» деп Эрдоган айткандай. Бирок алар курулай сөздөн ары өтүшпөйт, тескерисинче иш жүзүндө «Израилди» коргоп, алар менен мамилелерди нормалдаштырууга аракет кылышат.
Ал эми, Палестина, Куддус жана Аль-Акса качан азат болот деген суроого келсек, азыркы мусулман башчылары турган доордо эч качан азат болбойт! Палестинаны Абдулхамид, Салахиддин, Кутуз, Умар сыяктуу мусулман башчылары азат кылат!
Харун Абдулхак