Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты

392
2

Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты
(9-бөлүк)
5. Нусрат талап кылуу

Алгач, хизб табанний кылган Ислам пикирлери негизиндеги ваъйи ъаммадан (жалпы аң-сезимден) келип чыккан раъй ъамма пайда кылынат. Т.а. калк пикирий жана саясий күрөш аркылуу Исламдын жана хизбдин таяныч негизине айланат. Ошондо бүтүндөй Үммөт өз Исламын түшүнүп жетип, анын өкүмдөрү колдонулушун ынтызарлык менен күткөн абалда хизб ишмердүүлүгүн алып барып жаткан майданда аны менен бирге болот. Мына ошондон кийин хизб даъватты жеткирүүгө жана мамлекетти курууга тоскоолдук кылып жаткан маддий (материалдык) тоскоолдуктарды алып таштоо үчүн Үммөт арасындагы борбордук күчтөрдөн нусрат талап кыла баштайт. Себеби, салтанат ээси Үммөт. Өзү кабыл алган мабдаъны колдонууда өзүнөн наиб-жардамчы болушу үчүн аким шайлоо укугу Үммөткө гана таандык. Бүгүнкү күндө Үммөт өз ишинде жеңилип турганы себептүү о.э. күч Үммөттүн бир тобунун колунда чектелип калгандыгы себептүү, хизб хукм-башкарууну колго алуу үчүн мына ошол топтон нусрат талап кылат. Бул өкүм шаръий далилдерден жана сийрати набавийядан истинбат кылынган. Расулуллах с.а.в куфр пикирлерине, куфр жетекчилерине каршы чыккандан кийин жана Расулуллах с.а.в.дын даъваты жөнүндөгү кабар Араб жарым аралына эле эмес, Хабашистан жана Рум сыяктуу башка өлкөлөргө да тарагандан кийин, Курайштын даъватчыларга азар жеткирүүсү ого бетер күчөдү. Курайш жамааттары өзүнүн куфруна текебердик менен бекем жабышып алышты. Мына ошол кезде Расулуллах с.а.в. Меккенин айланасындагы урууларга, ажылык мезгилинде Каъбаны зыярат кылганы келгендерге о.э. базарларда даъватты коргоо жана мамлекетти тикелөө үчүн нусрат жана коргоо сурап кайрыла баштады. Аларга мындай сөздөрдү айтар эле;
يا بنى فلان إني رسول الله إليكم، يأمركم أن تعبدوا الله ولا تشركوا به شيئا، وأن تخلعوا ما تعبدون من دونه من هذه الأنداد، وأن تؤمنوا بي، وتصدقوا بي، وتمنعوني، حتى أبين عند الله ما بعثني به.
“Эй баланча коом! Албетте, мен силерге жөнөтүлгөн Аллахтын элчисимин. Ал силерди Өзүнө ибадат кылууга, Ага эч нерсени шерик кылбастыкка, Анын ордуна силер ибадат кылып жаткан буттардан баш тартууга, мага ыйман келтиришиңерге жана мени тастыкташыңарга, Аллах Таала мага жөнөткөн рисалатты баяндап бергенге чейин мени коргоого алышыңарга буюрат”. Ахмаддын Жабирден кылган риваятында;
من يؤويني؟ من ينصرني؟ حتى أبلغ رسالة ربي وله الجنة
“Роббимдин рисалатын жеткиришим үчүн мени ким коргоосуна алат, мага ким жардам берет? Мунун акысына ага бейиш берилет”, – деген.
Ошентип, Расулуллах с.а.в. тафаъул баскычында даъватты жеткирүүгө жаңы амалды кошкон. Ал амал даъватты коргоо жана мамлекетти тикелөө үчүн нусрат талап кылуу амалы болчу. Расулуллах с.а.в. нусрат талап кылууда ар түрдүү машакат жана кыйынчылыктарга, азап жана кыйноолорго дуушар болгон. Бирок, жолунан кайткан эмес. Бул нерсе, даъват кылынып жаткан коом өзүнүн текебердигинде катуу туруп алган учурда нусрат талап кылуунун өкүмү важиб экендигине карина болот.
Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн чакырылып жаткан бүгүнкү коомдор Ислам пикирлерин о.э. “Халифалык”, “Жихад”, “Турмушта Исламды өкүмдар кылуу” сыяктуу негизги исламий пикирлердин кээ бирлерин кабыл алышканына карабастан, бул коомдордо Үммөт башкаруусун басып алган малай акимдер кафир мамлекеттердин жардамында ушул пикирлерди жашоодо калыптандырууга тоскоолдук кылып жатышат. Алар ушул пикирлердин жайылышына каршы күрөшүүдө. Аларга бул жаатта Үммөт ичиндеги аким менен табакташ болгон топтор да жардам беришүүдө.
Ушул вакиъ негизи Мекке коомундагы вакиъден таптакыр айырмаланбайт. Себеби, бул эки вакиъде тең даъваттка тоскоолдук кылгандар – Үммөт “жетекчилери” көрүнүшүндө болобу, Үммөттүн үстүнө минип алган зордукчул өкүмдарлар көрүнүшүндө болобу, айырмасыз – мабдаъ колдонулушуна тоскоолдук кылып жаткан болушат. Ошондуктан, абал ушундай болгон соң, өз күчү менен даъватты коргоого мүмкүнчүлүгү бар адамдардан о.э. хукм-башкарууну колго алууга жана Исламды колдонууга тоскоолдук кылып жаткан маддий тоскоолдуктарды талкалап салууга кудурети жете турган күчтөрдөн нусрат талап кылуу зарыл. Ушул нусрат талап кылуу нусратка кудуреттүү топтордун нусрат бериши үчүн ыңгайлуу мухиттерге муктаж болот. Бул мухиттер даъват пикирлери менен үндөш болгон ийжабий тафаъул мухити. Бул мухит даъватчыларга ишеним ойготот. Даъватчылар өз мабдаъсын терең аңдап жеткени жана бул жолдо бекем турганы себептүү о.э. ойготуу үчүн аракет кылып жаткан өз Үммөтүнүн мабдаъсы жолунда курмандык берүүгө даяр болгон кайраты себептүү, алар Үммөттү башкарууга жарактуу экендигине Үммөттө ишеним пайда кылат. Ошондуктан, ушундай мухитти пайда кылуу керек. Эгер ал пайда болсо, нусрат берилгенге чейин аны абайлоо жана анын туруктуулугун сактоо зарыл.
Расулуллах с.а.в. Меккеде нусрат талап кылуу менен бир катарда, эч бир экиленбестен жана оор көрбөстөн даъват ишин да улантты. Ал кишинин урууларга жөнөткөн элчилери да кудум ушундай кылышкан. Мисалы, Расулуллах с.а.в. Абу Зар Жандаб ибн Жанаданы өз коому Гифарга жөнөтүп жатып, ага мындай деген;
ارجع إلي قومك فاخبرهم حتي يأتيك أمري
“Коомуңа кайтып бар. Аларга болгон сөздү айт. Менин буйругум келгенге чеийин өз коомуңда бол”. Бухарий жана Муслим риваяты. Туфайл ибн Амрди өз коому Давска жөнөтүп жатып, ага мындай деген;
اللَّهُمَّ اهْدِ دَوْسًا ، ارجع الي قومك فادعهم وارفق بهم
“Аллахым, Давс уруусуна хидаят насип кыл. (Эй Туфайл), сен коомуңа кайтып бар, аларды даъват кыл жана аларга жумшак мамиледе бол”. Ибн Исхак риваяты. Мусъаб ибн Умайрды Исламга кирген 12 киши менен – аларга Куръан үйрөтүп, Исламдан таалим бериши үчүн – Мединага жөнөткөн. Мына ушул үч сахаба өздөрү жөнөтүлгөн коомдун Исламга киришине аябай умтулушкан. Алар ошол коомдорду Исламга даъват кылып, аларга Куръандан таалим берет эле жана алардан – Аллах буйруган нерсени баян кылып бериши үчүн – Расулуллах с.а.в. га жардам берүүнү, нусрат берүүнү талап кылышат эле.
Авс жана Хазраж уруусунан болгон мусулмандар Расулуллах с.а.в.га нусрат берүүгө кудуреттүү экендигин сезишкен соң, Мусъаб(р.а.)дан Расулуллах с.а.в. менен жолуктурууну талап кылышты. Ибн Исхак айтат: “Ошондон кийин Мусъаб ибн Умайр Меккеге кайтты. Мушрик болгон коомдордун ажылары менен биргеликте айрым ансарий мусулмандар да жолго чыгып, алар да Меккеге келишти. Натыйжада, алар Расулуллах с.а.в. менен ташрик күндөрүнүн ортосунда Акабада жолугушууга убада кылышты”. Ахмад Жабирден чыгарган риваятта айтылат: “Биз кеңешип, чогулдук да: “Аллахтын элчиси качанкыга чейин Мекке тоолорунда сарсанаа болуп, кооп-коркунучта жашайт”, – дедик. Ошондон кийин биз жолго чыктык жана ажылык мавсумунда Меккеге келип, Расулуллах с.а.в. менен Акабада жолугушууга убадалаштык”.
Бул жана мындан башка насстар Мединада Мусъаб ибн Умайрдын жана ал жердеги мусулмандардын аракети менен жүзөгө чыккан тафаъул (Үммөт менен иштөө) чындыгында умумий аң-сезимден келип чыккан раъй ъамманы пайда кыла алганына ишара кылат. Мединадагы мусулмандар даъватты коргоого кудуреттүү экендигин о.э. Аллах буйруган нерсени баян кылып бериши үчүн т.а. Ислам менен өкүм жүргүзүшү үчүн келсе, Расулуллах с.а.в.ды коргоо үчүн жанын да аябастыкка даяр экендигин хис кылышкан. Төмөндө алардын экинчи Акаба байъатында айткан сөздөрү: “Я Расулуллах, биздин диярыбызга келмейинче биз сизди коргой албайбыз. Эгер биздин өлкөгө жетип барсаңыз, сизди коргоо биздин мойнубузда болот. Биз сизди, балдарыбызды жана аялдарыбызды коргогон нерседен коргоп алабыз”. Расулуллах с.а.в.дын аларга айткан сөздөрү;
ابايعكم على ان تمنعوني مما تمنعون منه نساءكم و أبنائكم
“Аялдарыңар жана балдарыңарды коргой турган нерседен мени да коргошуңар боюнча силер менен байъат кылам”. Ахмад риваяты. Мына ошондон кийин Расулуллах с.а.в. Меккедеги мусулмандардан Мединага хижрат кылууну талап кылды. Расулуллах с.а.в. аларга;
أُرِيتُ دَارَ هِجْرَتِكُمْ ذَاتَ نَخْلٍ بَيْنَ لَابَتَيْنِ وَهُمَا الْحَرَّتَانِ ، فَهَاجَرَ مَنْ هَاجَرَ قِبَلَ الْمَدِينَةِ ، وَرَجَعَ عَامَّةُ مَنْ كَانَ هَاجَرَ بِأَرْضِ الْحَبَشَةِ إِلَى الْمَدِينَةِ
“Мага силер хижрат кыла турган жерлер көрсөтүлдү. Ал эки лаабайн ортосундагы курмазар өлкө экен”, – деди. Ошондо хижрат кылгандар Медина тарапка хижрат кылышты. Хабашистанга хижрат кылгандардын бардыгы Мединага кайтышты. Бухарий риваяты.
Ошондуктан, Исламий жашоону кайрадан баштоого аракет кылып жаткан хизб тафаъул баскычында муракказ сакафат берүүдө, Абу Бакр жана Саъд ибн Муаз сыяктуу жетекчи адамдарды пайда кылууда, жамаий сакафат берүүдө, умумий аң-сезимден келип чыккан раъй ъамманы пайда кылуу үчүн пикирий жана саясий күрөш аркылуу Үммөт кызыкчылыктарын табанний кылууда о.э. куфр пландарын ашкере кылууда Расулуллах с.а.в. Меккеде жүргөн жолдор менен жана Мусьаб ибн Умайр Мединада жүргөн жолдор менен барышы керек. “Ваъй ъаммадан келип чыккан раъй ъамманы жаратуу” дегени – бул бүтүндөй Үммөттүн Исламды жашоо түзүмү катары колдонуу зарыл экендигин түшүнүп жетиши. Бул зарылдыкка аларды өткүнчү туйгу-сезимдери же убактылуу шыктануулары эмес, балким, алардын өмүрү жана садакаттары Ислам менен гана байланыштуу экендигин аңдап жеткен идиреги үндөйт. Ушул раъй ъамма аларды массалык түрдө өздөрү ишке ашыруусун ифада кылбайт. Т.а. адамдар шаръий өкүмдөрдү өздөрүндө колдонушун түшүндүрбөйт. Тескерисинче, мунун мааниси, Ислам үчүн садакаттуу болууну түшүндүрөт. Раъй ъамманы пайда кылуу амалий эмес, пикирий ынкылаб болуп эсептелет. Ушул раъйдын таасири амалий жашоодо колдонулган убакта гана көрүнөт. Хукм-башкарууну колго алуу үчүн болсо ушул раъй ъамманы жана хизб пикирлерин колдоп-кубаттоонун өзү жетиштүү болбойт. Тескерисинче, хукм-башкарууну колго алууга жеткире турган күч Исламды колдонуу жолунда тоскоол болуп жаткан маддий тоскоолдуктарды талкалап таштоого кудуреттүү болгон – ансорийлер сыяктуу – хизб же жамаатты хукм-башкарууга жеткирүү жолунда жандарын курман кылууга даяр болгон топ. Бирок, мындай топту пайда кылып, аны өзүн курмандыкка чала турган деңгээлге жеткирүү үчүн хосс тарбия жана хосс мухит керек болот. Ал мухит – өзү кабыл алган мабдаъ колдонулушу үчүн о.э. мунун артынан Аллахтын ыраазылыгына жетишүү үчүн умтулуп жаткан Үммөттүн бир бөлүгү болгондуктан, ушул топту аракетке чакыра турган раъй ъамма жана Исламды массалык түрдө колдоп-кубаттоо мухити.

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

2 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here