Климаттын өзгөрүүсү капиталисттик дүйнө карашка байланыштуу
Шотландиянын Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча 26-конференциясы болуп өттү.
Маалыматка ылайык, дүйнөнүн алдыңкы өнүккөн жыйырма өлкөсүнө дүйнөлүк булгануунун 80 пайызы туура келет. Дүйнөдөгү 4 миллиард гектар токойдун үчтөн бир бөлүгү көмүртек газынан улам жылына жоголууда.
Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү жана анын жер шарына аянычтуу таасири түпкү чечимдерди күтүп турат. БУУнун отчётторунун биринде айтылышынча, «дүйнөлүк климаттын ысышынын кээ бир акыбеттери, алардын катарында, муздардын ээриши жана деңиз көлөмүнүн көтөрүлүшү кылымдар же миң жылдар аралыгында кайра ордуна кайткыс абал болуп калат».
Уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриштин айтымында, казып алынган күйүүчү майларды өрттөөнүн натыйжасында жүзөгө келген, жылуулук борборлорунун газдары о.э. токойлордун кесилиши планетаны муунтууда.
Бүгүнкү күндө, капиталисттик мамлекеттер көйгөйдүн натыйжалары менен убара чегишүүдө. Алар климаттын булгануусун алдын алуу аталышында бир катар келишимдерди түзүшүп, саммиттерди өткөрүшүүдө. Алардын катарында 1992-жылдагы БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо» келишими, 1997-жылдагы Киото протоколу жана 2015-жылдагы Париж келишими бар. Бирок, булардын баары деңиз сууларындагы таштандыларды азайтпады, абага бөлүнүп чыккан уулуу газдарды кемитпеди. Анткени, экологиялык өзгөрүүнүн негизги себептеринин бири – ашыкча даражада өндүрүш болуп эсептелет. Бул проблеманын түпкү себеби – Батыш дүйнө карашына байланыштуу т.а. материалдык баалуулукту негизги орунга койгон «чексиз каалоо – чектүү ресурс» көз карашына байланыштуу. Биз жашап жаткан капиталисттик түзүм мына ушул көз караштан келип чыгып, максималдуу даражада пайда алууга ашыгат. Бул жол адамзаттын жок болуп кетишине алып келсе да көңүл бурулбайт. Анткени, капиталисттик дүйнө караш мамлекеттердин саясатына, экономикасына, социалдык турмушуна жана башка тармактарына өкүм кылат. Ал эми биз башыбыздан өткөрүп жаткан экологиялык көйгөйлөр мына ушул капиталисттик системанын мөмөсү болуп эсептелет.
Аллах Таала айтат: “Адамдарга өз колдору менен кылган жамандыктарынын кай биринин жазасын таттыруу үчүн кургактыкта жана деңизде бузукулук ачыкка чыкты. Балким алар кайра тартышаар.” [Рум 41]
Капиталисттик система башыбызда өкүмдарлык кылып турган учурда мындай кризистерден кутулуу мүмкүн эмес. Алардын сунуштап жаткан чечимдери менен көйгөйдүн алдын алуу таптакыр мүмкүн эмес.
Мунун каршысында Ислам көз карашы – адамдардын иштерин камкордук менен башкарууга, алар жашаган айлана-чөйрөнү коргоого негизделген. Ислам пайдага таянбайт жана материалдык ийгиликти өлчөө кылбайт. Ар бир мусулмандын жогорку максаты – Аллах Субханаху ва Тааланы ыраазы кылуу. Ошондуктан, адамзатты анын башына түшкөн кыйроодон, төмөн пикирлөөдөн куткарууга Ислам түзүмү гана кепил. Себеби, бул түзүмдө эң биринчи вазыйпа – адамдардын иштерин камкордук менен башкаруу.
Мумтаз Маверанахрий