Бишкекте Ооганстандагы кырдаал талкууланды
Бишкекте 4-ноябрда Борбор Азиянын жана башка өлкөлөрдүн эксперттери Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кыргызстан азырынча “Талибан” өкмөтүн расмий тааныбай турганын айтып, бирок Кабул менен диалогго баруунун зарылдыгына токтолду.
“Ооганстан кошуна, биздин региондо болгондон кийин талибдердин өкмөтү менен диалогду түзүш керек. Ал жерде кризис, жарандык согуш болбошу үчүн жардам бериш керек деген пикир бар. Мен дагы колдойм. Ооганстанга тиешелүү акчалар тоңдурулган. Бизге жагабы-жакпайбы азыркы келген бийлик башкарууда. Биздин мамлекет эки жолу жардам берди. Эгер мындай позицияны колдобосок, ал жактагы абал абдан курчуп кетиши мүмкүн. Конфликт курчуса, регионго таасир этет. Борбор Азиядагы беш мамлекеттин ичинен төрт өлкөнүн позициясы бирдей, бир мамлекеттин көз карашы башкача. Биз ал позицияны сыйлайбыз. Башка көз караш болсо дагы бир үстөлгө отуруп, бир пикирге келсек деген ой бар”.
Ал өткөн аптада Кабулда беш күн жүрүп, “Талибан” өкмөтүнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолукканын да кошумчалады.
Ал эми президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскар Бешимов Региондо элдин диндешип бараткандыктан, бул абал радикал, экстремисттик топторго ыңгайлуу шарт жараткандыктан, бирдикте иштөөчү аянтчаларды түзүү зарылдыгын белгиледи.
Белгилүү болгондой, август айында талибан бийликке келгенден бери Америка баштаган эл аралык система аларды өз көзөмөлүнө алуу үчүн түрдүү басымдарды жасоодо. Акыркы учурдагы жардыруулар аркылуу АКШ Талибанды мамлекеттин коопсуздугун коргой албаган алсыз бийлик катары көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Муну менен катар өлкө ичинде мазхабдар аралык жаңжалды тутантууну жана куралдуу топтордун арасында согушту күчөтүүнү көздөп жатат. Бул максатына жетүүдө «Ислам мамлекети» уюму менен хазар азчылыгы жашаган аймактан пайдаланууда. Буларга кошумча гуманитардык жардамдар, каржылык карыздарды берүү аркылуу Талибанды өз кызыкчылыгына карай тартууну да максат кылууда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн Талибан менен диалогду жандантып, гуманитардык жардам берүүсү бир тараптан АКШнын ушул максатына кызмат кылат. Экинчи тараптан болсо Талибан эл аралык системанын басымына каршы көрө турган аракеттерине байланыштуу. Анткени, Талибандын ооган чек арасынан чыгуу коркунучу Батыштын да, Орусиянын да, Кытайдын да кызыкчылыгына каршы келет. Ошондуктан, коопсуздук кызматкерлери, эксперттер алар менен диалог түзүп, бул коркунучтун ишке ашуу ыктымалдыгын анализдөөгө мажбур болушууда.
Демек, Талибан бийлиги болуп жаткан окуяларга саясий аң сезимдүүлүк менен туура жандашып, куфрдун айла-амалдарына ээрчип кетпеши керек. Күрөштү ички куралдуу топторго, мазхабдарга эмес, колонизатор каапырларга жана анын агенттерине каршы каратуусу керек. Мына ушул позиция Талибандын Үммөт ичиндеги таасирин күчөтөт жана куфрдун коркунучтуу түнүн жакындатат. Антпесе, куфр кайрадан өлкө ичинде куралдуу жаңжалдарды чыгаруу, жарандык согуштарды тутантуу менен бир эшиктен чыгып экинчи эшиктен кирип келүүгө кызыктар.
Мумтаз Маверанахрий