Кытай карызды кайтаруу мөөнөтүн 6 жылга кечиктирди

231
0

Кытай карызды кайтаруу мөөнөтүн 6 жылга кечиктирди

 Кабар: Кытай Кыргызстандын карызын кайтаруу мөөнөтүн алты жылга жылдырууга макул болду. 24.kg сайтынын кабарына таянсак, бул жаатта Кытай менен түзүлгөн келишимдин долбоору Кыргызстан парламентинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде каралган.

Экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, Кытай төлөмдөрдү алты жылга кечиктирет, анын биринчи жылы жеңилдетилген болот.

 Руслан Татиков: “Биз быйыл кредиттер боюнча 88 миллион доллар үстөк пайызын төлөшүбүз керек эле. Пандемия себептүү Кытайга Париж клубу аркылуу кайрылдык. Кытай 51,1 миллион долларды кийинкиге жылдырууга макул болду. Пайыздык ставкалары белгиленген, биз алты жылда 3,8 миллион доллар төлөйбүз”, – деди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан Кытайдын Экспорт-импорт банкына 1,7 миллиард доллар карыз.

 Комментарий: Кыргызстан өкмөтү былтыр жаз мезигиленен баштап Кытайдан карызды кайтаруу мөөнөтүн жылдырууну суранып келет. Апрель айында ошол кездеги президент Жээнбеков, май айында ошол кездеги тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, кийинчерээк бийлик алмашкан соң тышкы иштер министри болгон Руслан Казакбаев Кытайдан карыз жүгүн жеңилдетүүнү суранышты. А бирок, Кытай өкмөтү Кыргызстан расмийлеринин кайрылуусуна жооп беришпеди.

 Ноябрь айынын башында Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар боюнча башкармалыктын жетекчиси Руслан Татиков Кытай карыз мөөнөтүн жылдыруу үчүн шарт коюп жатканын билдирген.

Ошондо Татиков: “Сүйлөшүү процесстери жүрүп жаткандыктан ар бир жагдайын айтпай турайын. ЖМКлар кытай тарап карыздын мөөнөтүн узартууга макул болгон жок деп жазууда, бирок андай эмес. Кытай төлөө мөөнөтүн жылдырды, бирок өзүнчө бир шарт койду, учурда аны талкуулап жатабыз. Сүйлөшүү соңуна чыкса, 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрга чейинки төлөө убактысы жылдырылат”, – деген эле.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков 2020-жылдын 25-ноябрында парламентте сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттин тышкы карызы маселесинде Кытай менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирип: “Кытай карызды кайтаруу мөөнөтүн транштарга бөлүп төрт жылга узартууну сунуштап жатат. Мындай мөөнөттү узартуу үчүн пайыздык ставка 2 пайыз болуп белгиленди. Сунуш өкмөт тарабынан жеңилдиктер боюнча белгиленген параметрлерден ашпайт. Бул сумманын ашыкча төлөмү 2,9 миллиард сом (34 миллион 118 миң доллар) болот”, – деген эле. 

Кыргызстан расмийлери карыздын акысына Кытай эмнени талап кылып жатканын расмий жарыялабаганы менен, Садыр Жапаров президенттик шайлоонун алдында Нарын облусуна сапары учурунда Жетим-Тоо темир кени чет элдиктерге берилбестигин айткан… Азырынча Кытай өкмөтү буга чейинки келишимдерди аткарууну олуттуу талап кылбай жатканы менен, убакыт өтүп элдин Кытайга каршы маанайы өзгөрүп барган сайын ошол келишимдерди ишке ашырууга киришет. Мисалы, “Коопсуз шаар -2” долбоору ишке ашырыла башташы да ушуга ишара кылат.

Колонизатор мамлекеттер Кыргызстан сыяктуу үчүнчү дүйнө мамлекеттерине өнөр жайды өнүктүрүү үчүн карыз беришпейт. Алар карыз берип жатканда ал каражат көрктөндүрүү, маданият же спорт комплекстери сыяктуу мамлекетке киреше алып келбей турган тармактарга жумшоо шарты менен берет. Натыйжада карызды кайтаруу убагы келгенде алынган карызды эле эмес, үстөк пайызын төлөөгө да алсыз болуп калган мамлекет колонизаторго көз каранды болуп, анын жаңы шарттарын аткарууга мажбур болот.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here