Тони Блэр: Ислам системасы Батыш үчүн эң чоң коркунуч

216
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тони Блэр: Ислам системасы Батыш үчүн эң чоң коркунуч

«RT арабик» веб-сайты хижрий 1443-жылы 29-мухаррам, миладий 2021-жылы 6-сентябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Британиянын мурунку премьер-министри Тони Блэрдин айтымында, Ислам идеологиясы Батыш мамлекеттери жана жалпысынан эл аралык коомчулук үчүн негизги коркунуч.

Дүйшөмбү күнү Блэр «RUSI» (Британия Коопсуздук жана Коргонуу) институтунда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөнү «фундаменталисттик идеологияга каршы күрөштө бир программа иштеп чыгууга» чакырды.

Блэр дагы мындай деди: «Исламизм – идеологиялык көрүнүштө бололобу, күч колдонуу көрүнүшүндө болобу – биздин коопсуздугубуз үчүн биринчи даражадагы коркунуч. Бул коркунуч бизден алыста болсо да, эгер ал тизгинделбесе, бизге албетте жетип келет. Муну 2001-жылы 11-сентябрь чабуулдары тастыктап турат».

Роя:

Тони Блэр Ислам Умматында болуп жаткан реакцияларды түшүнүп жетти. Бул реакциялардын акыркысы Батыш жана АКШ баскынчылардын көрүстөнү болгон Афганистанда жеңилгенин, өз кезегинде, бул нерсе улуу Ислам Умматы тирүү уммат экендигине, Уммат Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу өзүнүн хазарий долбоорун бекем кармаганына далалат кылып жатканын да түшүнүп жетти.

Ошондуктан, Блэр колонизатор кафир Батыш жетекчилерин исламий идеологиядан эскертүүдө. О.э. жеңилүү аларга да жакындашып жатканынан, Уммат аларды мусулман өлкөлөрүнөн кууп чыгарып, мусулмандар арасында кеңири жайылтууга урунуп жатышкан пикирлери менен бирге баарын кыйратышынан эскертүүдө.

 

Роя гезити, №356, 2021-жыл, 15-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here