“Коопсуз шаар-2” долбоорун 2022-жылдын жаз айында ишке киргизүү пландалууда

246
0

“Коопсуз шаар-2” долбоорун 2022-жылдын жаз айында ишке киргизүү пландалууда

Кабар: “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруудагы негизги жумуштарды ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Ал эми толугу менен ишке киргизүү 2022-жылдын март айына барат.

Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев Мониторинг борборунун иши менен таанышкан учурда билдирди.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, “Коопсуз шаар-2” долбоорунун алкагында Мониторинг борбору толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, өлкөнүн түндүгүндөгү аппараттык-программалык комплекске туташтырылды. Борбор компьютер жана коммутациялык каражаттар менен жабдылат. Ал жолдогу эреже бузууларды каттап, маалыматтар мониторинг борборуна жеткирилип турат. Операторлор транспорт жана жүргүнчүлөрдүн агымын, ылдамдыгын, кызыл жарыктан өтүү, туура эмес жерге унаа токтотуу фактыларын каттайт.

“Коопсуз шаар” Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. Жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоо камералары орнотулган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык “Вега” концерни ишке ашырды.

Ал эми “Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан кытайлык компания жети облус, эки ири шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек.

Комментарий: …Дүйнө боюнча жүргүзүлүп жаткан “Акылдуу шаар”, “Интеллектуалдуу шаар” “Коопсуз шаар” ж.б.у.с. долбоорлор ООНдун “Калктуу пункттар боюнча БУУ Программасы”  (ООН-Хабитат) иш-чараларынан болуп эсептелет.

“Коопсуз шаар” долбоору Кыргызстанда 2010-жылы ички иштер органдарын реформалоо шылтоосу менен башталган. Кыргызстандын милициясын реформалоо концепциясын иштеп чыгуу үчүн ЕККУ техникалык колдоо көрсөтүү долбоорун каржылаган.

2011-жылы январда Бишкекте Ички иштер министрлиги иштеп чыккан “Коопсуз шаар” программасы ишке киргизилген. Анын ичинде көчөлөргө видео камераларды орнотуу да каралган.

2012-жылы, Бабанов премьер-министр, Рысалиев ички иштер министри болуп турганда “Коопсуз шаар” боюнча тендер жарыяланды. Жыйынтыгында, тендерге катышпаган эле Beijing Construction Engineering Group International аттуу кытайлык компания утуп алды. Компания Бишкек, Ош шаарларына жана Бишкек-Каракол жолуна видео, сүрөт тарткан аппараттарды орнотуп, мыйзам бузууну каттаган бирдиктүү электрондук борбор түзө турган болду. Бул Кытайдын Кыргызстанда ушул тармакта кирип келүүсүнүн алгачкы кадамы болуп калды.

Бирок, 2013-жылы “Ата Мекен” фракциясы бул маселени көтөрүп чыгып, натыйжа келишимдин бузулушу менен аяктады. Мында мамлекет ичиндеги иштер шылтоо кылынып алынса да, негизи, бул Американын Кытайга каршы маалымат согушу алкагында болду. (“Ата Мекен” америкачылдыгы менен таанылган партия). О.э. кытай компаниясы менен келишимди бузуу Россия кызыкчылыктарына да дал келер эле.

 Кайрадан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер 2014-жылдын август айында жарыяланды.

2015-жылы январда тендер боюнча комиссия орусиялык “Стилфост-Бишкекти” тандап алды. Бирок, 2016-жылы ошол кездеги ички иштер министри Турганбаев бул компания менен келишимге кол койбой койду. Ал дүйнөдө “Коопсуз шаар” долбоору боюнча Кытай менен Түштүк Корея алдыда экенин айтты. Муну менен бул тармакта Россиянын кирип келүүсү жокко чыкты. Ошондо муну орусиячыл саясатчы Ирина Карамушкина айыптап чыгып, долбоорду ИИМден алып коюуну сунуштады. Акыбетте Турганбаев иштен алынып,  кийин долбоорду ишке ашыруу  ички иштер министрлигинен өкмөткө өтүп кетти.

Кезинде Мелис Турганбаев жол эрежесин бузууларды каттоого карата видео байкагычтарды орнотуу эксперименти ийгиликтүү ишке ашканын айтып, мамлекет өзү долбоорду ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген эле.

2017-жылы апрелде, ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган “Таза коом” улуттук долбоорун жарыялады. 2018-жылы январда “Коопсуз шаардын” ордуна анын кеңейтилген формасы катары “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырыла турган болду. Бул кезде Сапар Исаков премьер-министр болуп калган эле.

11-январда Кыргыз өкмөтү “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык “Huawei Technologies” компаниясы менен келишимге кол койду.

Бирок марттын башында, кыргыз өкмөтү кытайлык компания менен келишимди бир тараптуу үзүүгө мажбур болду. Муну менен кытайлардын бул тармакта кирип келүүсүнүн экинчи урунушу жокко чыкты. (Эске сала кетсек, АКШ Huawei дин өз коопсуздук коргонун бузуп киришинен коркуп, азыр бул компанияга санкцияларды салып олтурат).

Ушундан кийин, Кыргыз өкмөтү кайрадан “Акылдуу шаар” долбоорун өз күчү менен ишке ашырууга белсенерин айтып чыкты. Бирок, бул да мурункусундай эле куру сөз бойдон калды.

Сапар Исаков премьерликтен кеткенден кийин, кайрадан “Коопсуз шаар” аталган долбоордун биринчи этабы боюнча тендер өткөрүлүп, 4-сентябрда орусиялык “Вега” радиокуруу концерни утуп чыкты.  Сынакка андан башка дагы эки компания: кыргызстандык “Альфа-Телеком” менен орусиялык “Маалымат  тутумунун коопсуздугу” компаниясы жөн гана санак үчүн катышып койду. Себеби, мыйзам боюнча тендерге үчтөн кем эмес катышуучу арыз бериши керек эле. О.э. эки орусиялык компания сотошумуш да болуп коюшту.

Утуп чыккан “Вега” компаниясы – маалымат согушу алкагында – АКШ санкциясына кабылган корпорациянын курамына кирет. Ал СССР учурунда аскерий изилдөө институту болгон жана 2004-жылы кайра негизделген. Соңку жылдары “Вега” радиокуруу концерни негизинен Орусиянын Коргоо министрлиги, Федералдык коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги менен көбүрөөк иштешкен.

Кыргызстанда, жалпысынан «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычынын алкагында, адамды жүзүнөн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду.

Эми болсо, 2019-жылкы “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерде кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы алдыга чыкты. Ал өзү менен атаандашкан орус компанияларына салыштырмалуу дээрлик эки эсе аз каражат сунуштай алды.

(Эскерте кетсек, мындан тышкары, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен кытайдын мамлекеттик CEIEC компаниясы макулдашкан долбоор тууралуу буйрукка Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  2019-жылдын 4-мартында кол койгону белгилүү. Ага ылайык, кытай компаниясы адамды кебетесинен тааный турган системаны киргизе турган болгон. Долбоор бир нече баскыч менен ишке ашып, 2018-2022-жылдарды камтыйт).

Эми жогоруда тендерден утуп чыккан кытайлык компания өз ишин баштай турган болсо, бул Кытайдын АКШ жана Россия тоскоолдуктарын жарып өтүп, бул тармакта Кыргызстанга кирип келгендигин түшүндүрөт.

Ошентип, “Коопсуз шаар” шылтоосу менен Кыргызстанда бир орусиялык компания иш алып барып жатса, дагы бир кытайлык компания ишин баштаганы турат. Ал эми АКШ канадалык, түркиялык, эмираттык компаниялар аркылуу кирмекчи болууда, бирок, алар тендерлерде жеңишке жетише албай келет, мындан сырткары, анын Дүйнөлүк банк аркылуу киргизип жаткан “Digital CASA” долбоору да ишке түшпөй турат.

Ушулардан белгилүү болгондой, Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору эч кандай жол коопсуздугу же жарандар коопсуздугу үчүн киргизилген эмес. Эгер чындап коопсуздугубуз көздөлсө, аны мамлекет өзү да ишке ашыра алмак, муну чиновниктерибиздин өздөрү да айтышкан. Ал тургай, буга чейин бир нече шаарларда, а түгүл кичи райондордо мындай коопсуздук долбоорлору ийгиликтүү ишке ашырылган. Бирок, аткаминерлерибиз арзыбаган акчага азгырылып, тендер жарыялоо менен, мамлекетти ири державалар күрөшүнүн майданына айландырышууда.

Өлгөндүн үстүнө көмгөндөй, бул долбоорлордо кытайлык компаниялардын утуп чыгышы “Коопсуз шаардын” коркунучун андан ары ашырат. Анткени, кытайлыктар алып чыгып кеткен маалыматтар Кытайдын бизди басып алышына кызмат кылат (бийликтин “коопсуздук корголгон” деген кептери эч суу кечпейт, анткени, биздин кадрлар коопсуздукту камсыздамак түгүл, долбоордун бузулуп калган буюмдарын оңдой алышпайт). А эртең кытай басып алгыдай болсо, бул маалыматтар биздин “лагерлерге” айдалышыбызга факт болуп берет. “Видеотасмада сен сакалчан жүргөн экенсиң”, “жума намазга чогуу бараткан экенсиңер”, “силер динден таалим алган экенсиңер” деп, экстремизм тамгасын жабыштырып, лагерлерге камаганга шылтоо табышат. Камагандан кийин болсо каалаганын кылышат. Ошентип бизден кутулуп, жерлерибизди бошотушат. Аларга эл керек эмес, жер керек. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман бир туугандар көрүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомоктой сезилип жатат. Андыктан, ага кайдыгер карап жатышат. А турмуш чындыгында болсо, Кытай баскынчылыгы бизди карай да улам илгерилеп келе жатат. Ушул “Коопсуз шаар” долбоорунда кытайлык компаниянын утуп чыгышы да мунун бир кадамы болуп саналат.

Туркистон (комментарий архивден)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here