Министр: «Кыргызстанда эпидемиянын төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына туура келиши ыктымал»

240
0

Министр: «Кыргызстанда эпидемиянын төртүнчү толкуну ноябрьдекабрь айларына туура келиши ыктымал»

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына туура келиши ыктымал. Бул тууралуу 24-сентябрда «Биринчи радионун» эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Ноябрь-декабрь деп жаткан себебибиз, дал ушул айларда, суук түшө баштаганда коронавирус гана эмес, башка да суук тийген, сасык тумоо оорулары башталат. Албетте, сасык тумоо менен катар коронавирус да көбөйөт. Биз даярбыз. Бардык облустарда стационарлар да, медицина кызматкерлери да даяр. Дары-дармек жана башка керектүү каражат 2-3 айга жетерлик көлөмдө бар. Башкача айтканда, төртүнчү толкундун бардык көрүнүштөрүнө жана коронавирустун жаңы формаларына каршы күрөшүүгө даярбыз», – деди министр.

Белгилүү болгондой, өткөн жылы да шайлоо астында бийликтин кызыкчылыгына ылайык пандемиялык коркунучтар көбүртүлүп көрсөтүлгөн. А түгүл, расмий аткаминерлер пандемиянын 2-толкуну боюнча сөз таркаткан.

Учурдагы бийлик да бул салтты улай, пандемиянын төртүнчү толкунун ноябрдын аягында өтө турган парламенттик шайлоого ылайыктап жатат.

Буга кошумча, Кытай Кыргызстанга өткөн аптада дагы 1 млн вакцина берүүнү убада кылды. Муну менен калкты массалык түрдө эмдөө жараяны да күтүлүп жатат. А бирок, учурда дүйнө бойлоп жайылып жаткан вирус коронавирустун мутацияланган жаңы жугуштуу түрү экени анык. Демек, мутацияланган вирустар каршысында вакциналар таасирин жоготушу да толук мүмкүн. Мисалы, бүгүн Кыргызстанда 2 жолу “синофарм” вакцинасын алган адамдын ковидден каза болгону жарыяланды.

Жыйынтыктап айтканда, капитализмдин табиятына ылайык, капиталисттер оорудан акча иштеп калуунун үстүндө баш катырууда. Алар коркууга түшүп калган калктарга вакцина жана башка дары дармектерди өткөрүү менен өздөрүнүн кирешелерин арттыруу үстүндө долбоорлорду иштеп жатат. Алардын пайдасынан жергиликтүү фарм компаниялар да үлүш алып калууга ашыгууда. Бийлик болсо пандемия коркунучун өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланууда.

Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын, аларды колдонуп жаткан колонизатор капиталисттердин жана алардын кызыкчылыгы жолунда кызмат кылган бийликтин иш-аракеттерине сактык менен мамиле кылышыбыз шарт. Муну менен катар өз Исламыбызга жүздөнүп, анын өкүмдөрүн турмушка ашырууга шашылалы. Анткени, Исламдын Саламаттыкты сактоо тармагы пайданы эмес, ооруну дабалоону максат кылгандыктан, ар кандай пандемия же жугуштуу ооруларга каршы ийгиликтүү күрөшүп келген. Андыктан, биз үммөттү жана бүткүл адамзатты бүгүнкү күндүн балээлеринен Ислам мабдасын толугу менен жашоого алып келүү менен гана азат кыла алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here