Өкмөт көзөмөлдү күчөтүүгө умтулууда
Кабар: Кыргызстанда мобилдик телефондорду идентификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жатат. Бул тууралуу 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтылды.
Маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дастан Догоевдин айтымында, өзгөртүүлөр жөнүндөгү мыйзам кабыл алынса, Интернетке туташтырылуучу телефон же модем сыяктуу техникалык каражаттар өлкөнүн аймагына импорттолуп киргенде милдеттүү түрдө идентификациядан өтөт.
Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Догоев жеке маалымат ачыкталып кетерине коркунуч жок экенин айтты:
“Жеке маалыматка тиешеси болбойт. Анткени ал телефон менен жаран колдоно элек болот”.
Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште быйыл 22-июлда кабыл алынган. Президент каршы пикирин билдирип, аны кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке жөнөткөн. Догоев долбоор президенттин сунуштарын эске алуу менен кайра иштелип чыкканын айтты.
Комментарий: “Вертикалдык” өкмөт жана парламент диктатурасын орнотууга аракет кылган Сооробай Жээнбеков бийлиги да былтыр “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, талкууга койгон эле. Ал расмий Кремль тарабынан иштелип чыккан “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү” мыйзам долбоорун ээрчий иштелип чыккан мыйзам болчу. А бирок, эл аралык уюмдардын басымы себептүү Жээнбеков “макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн” мыйзамды парламентке кайтарган. Октябрь айындагы төңкөрүштөн кийин ал мыйзам долбоору убактылуу маанисин жоготту. Бирок, Жапаров бийлигинин “кол тийбестигин” жана туруктуулугун кепилдөө максатында мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыкты.
Садыр Жапаров 23-августта “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбооруна кол койду. Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирди. Кабарда: “Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салары”, айтылды. Мыйзам күчүнө киргенден кийин, Жапаров жана анын бийлигин сындаган бир нече жаран кармалып, суракка алынды. Ушул мыйзам аркылуу Жапаров өкмөттү каралап-сындагандардан кутулууга аракет кылууда.
Эми болсо телефон жана модемдерди идентификациялоону милдеттүү кылуу менен мусулмандарды коркутуу аркылуу социалдык тармакта күчөп жана кеңейип бара жаткан исламий даъватка тоскоолдук кылмакчы болууда. Себеби, исламий даъваттын күчөшү Ислам душмандарынын тынчын алууда. Бул орунда аларды өздөрү айтып жүргөн “адам укуктары”, “сөз эркиндиги” сыяктуу “демократиялык баалуулуктар” кызыктырбай калат. Алар бул иштерин “терроризм” жана “экстремизм”ге каршы күрөш маскасы артына жашырууга аракет кылышат. А бирок, Аллахтын казасына ыйман келтирген мусулманды мындай тоскоолдуктар токтото албайт. Мусулмандар Аллах тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жашоодо да, интернетте да исламий даъватты күчөтө беришет.
Абдурахман Адилов