Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселесин кайрадан көтөрдү

444
0

Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселесин кайрадан көтөрдү

Шанхай кызматташтык уюмунун Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан саммитинде президент Садыр Жапаров Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу маселени көтөрдү.

“Пандемия шартында жана кабыл алынган карантиндик чаралардын натыйжасында авто жүк ташуулар чектелди, андыктан эң ишенимдүү транспорт – темир жолу. Кыргызстан «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушу тездешин көздөйт. Бул темир жол аймактын транзиттик потенциалын толук кандуу ачууда өтө маанилүү жана конкреттүү кадам болуп, деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берет”, — деди Жапаров. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча маселени президент былтыр, ноябрда өткөн ШКУнун онлайн жыйынында да көтөргөн.

Эске салсак, 2002-жылы Бээжин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Ал негиздеме боюнча темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын Кыргызстандагы узундугу 268 чакырым деп эсептелген. Ага 6-6,5 млрд. доллар каражат кетери болжолдонгон. Бирок бул долбоор стратегиялык жактан Орусиянын кызыкчылыгына каршы келгендиктен, улам артка сүрүлүп келген.

Бүгүнкү күнгө келип, Орусия бул долбоорду ишке ашырууга аргасыз макул болуп турат. Анткени, долбоорду ишке ашыруу алкагында казылган кен байлыктарды колго алууга жана долбоор ишке киргенден кийин түшө турган пайдага жетүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Мындай келишим Орусия президенти Путиндин Кыргызстанга болгон расмий визитинин алкагында түзүлгөн. Ага ылайык, долбоорду орус компаниясы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен бирге түзө турган болгон. Демек, Орусия Кытайдын “Бир алкак – бир жол” стратегиялык долбооруна кошулуу менен эл аралык абалда өнөктөшүнүн кызыкчылыгына ээрчүүдө. Ошондой эле Борбор Азия кендерин ташып кетүүдө Кытайдын экономикалык кубатынан пайдаланып калмакчы. Ал эми Кытайдын дымагы Орусияныкынан да күчтүү болуп, стратегиялык долбоорун ишке ашырууда Борбор Азия өлкөлөрүн өз кызыкчылыгында пайдаланып, экономикалык жактан кишенге салып барууда.

Маселен, Жапаровдун жогорудагы Кытай кызыкчылыгындагы билдирүүсүн жакында ала турган 100 млн долларлык жардамга ыраазычылык катары да бааласак болок. Анткени, Кытай акыркы жылдары коопсуздук багытындагы ШКУ уюмун өзүнүн экономикалык кызыкчылыктары үчүн иштетип барууда. Муну Жапаровдун ШКУнун өнүктүрүү банкын жана өнүктүрүү фондун түзүү боюнча консультацияларды улантууну сунуштап, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеши да тастыктап турат. Кытай муну менен эле чектелбей, темир жол долбоорун Ооганстан аркылуу өткөрүп, Пакистанда курулуп жаткан темир жолго кошууну, андан ары Европага жетүүнү көздөп жатат. Анын талибан менен алгачкылардан болуп кызматташуусу да ушундай кызыкчылыктарга негизделген.

Түпкүлүгүндө, темир жол Орто Азия мамлекеттери үчүн пайдалуу. Себеби, темир жолу дүйнөдө деңиз аркылуу жүк ташуудан кийинки орунда турган, стратегиялык жактан өтө маанилүү жана өздүк баасы арзан багыт болуп эсептелет. А бирок, жогорудан да маалым болгондой, куфр түзүмү биздин өлкөлөргө колонизаторлук көзү менен карайт. Ошондуктан, Кытайдын Борбор Азиядагы экономикалык, саясий а түгүл, темир жолдун курулушу артынан аскерий таасири артышына жол ачып берүүдөн этият болушубуз керек. Борбор Азия мусулмандары мушрик Кытай бийлиги Чыгыш Түркистанды кандай жол менен басып алганын жана учурда алар кандай зулумдук чегип жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Андыктан, бийлик төбөлдөрүнүн ар бир аракетине дыкат көз салып, аларды саткындык иш-аракеттерден токтотуп калуу шарт. Өзгөчө бийликтин бүгүнкүдөй алсыз абалында колонизаторлордун таасири артышына жол бербешибиз керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here