بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Түркияда улутчулдар тарабынан сириялыктарга кол салынышы мусулмандардын боордоштугуна зыян жеткире албайт!
Жакында Анкаранын Алтындаг районунда сириялыктардын үйлөрү ташбараңга алынып, дүкөндөрү талап-тонолду. Бул үрөй учурган чабуулдар жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилатынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Бул – бир ууч бузукулардын кабыл алгыс чабуулдары. Албетте, бул окуялар жумушсуздуктун көбөйүшүн жана түрк лирасынын куну түшкөнүн сириялыктардын жана афган боордошторубуздун Түркияга келишине байланыштырган саясатчылардын билдирүүлөрү себептүү жаралганы ачык-айкын көрүнүп турат».
Билдирүүдө мындай жагдайдын себептери капиталисттик түзүмдүн колдонулуп жатканына, капитализм бир кылымдан бери сакафий жемирилүүгө бет алганына о.э. илманий идеологияга ыйман келтирип, улутчулдук сөздөргө алданып жаткан коомдогу батышчыл тайпага байланыштырылды. Түрк өкмөтү бул сыяктуу окуялардын бетин алуу үчүн керектүү чараларды көрүүгө, ошол эле убакта, мына ушундай улутчулдукка тукурган саясатчыларды жазалоого чакырды. Билдирүүнүн соңунда мындай деп айтылат: «Шек-күмөнсүз, рошид Халифалык мамлекети гана улутчулдук илдетин жок кылып, мусулмандар бөлгөн жасалма чегараларды талкалайт о.э. аларды бир дене, бир жан болгон боордошторго айлантат».
Роя гезити, 2021-жыл, 25-август.