11-сентябрь окуясы Исламга каршы күрөштүн жаңы баскычы болгон

412
0
11-сентябрь окуясы Исламга каршы күрөштүн жаңы баскычы болгон
11-сентябрда АКШда 2001-жылдагы окуянын курмандыктары жыл сайын эскерилет. Бул күнү Нью-Йорктогу эгиздер мунарасы жарылып, 3 миңге жакын адам курман болгону айтылат. Жарылуунун жоопкерчилиги “Аль каида” жамаатына тагылган. Америка бул окуянын шылтоосу менен Ооганстанга карата согуш жарыялады. Натыйжада жүз миңдеген мусулман өлтүрүлдү, бүгүн да уланууда. Бул иш ошол убактагы кичи Буш админстрациясындагы республикачылар тарабынан жүргүзүлгөн. Андан кийин 2003-жылы Иракка бастырып кирип аны басып алды. Ирактагы согушта 4 миллион мусулман кырылды. Бирок, маалымат каражаттары куфр өкүмдарлыгы астында болгондуктан, 11-сентябрдагы окуялар эскериле турган Американын жырткычтыгы мактала турган болуп калды.
Түпкүлүгүндө, эгиздер мунарасы Ирак менен Афганистанды басып алуу үчүн, мусулман өлкөлөрдүн байлыгын тоноп кетүү максатында түзүлгөн долбоор эле. Мына ушул кылмыштарды актоо үчүн АКШ дүйнөгө жаңы термин “Ислам терроризми” деген терминди ойлоп тапты. Муну менен эле калып калбастан, ар кайсы аймакта күч органдарынын колу менен теракттарды уюштурушту. Натыйжада, колонизаторлук саясатын жүргүзүүгө жана алардын капиталисттик системасына коркунуч алып келе турган мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Бүгүнкү күндө да күбө болуп турганыбыздай, “терроризм” коркунучун шылтоо кылып ар кайсы өлкө өз кызыкчылыгын ишке ашырууда. Маселен, АКШ баштаган коалиция кайрадан “терроризм” шылтоосу менен Сирияга кирип, миллионго жакын адам курман болду. Алты миллиону чет жерде качкынга айланды. Сегиз миллиону өлкө ичинде орун алмаштырууга мажбур болду! Европа мамлекеттери “терроризм” термининен мигранттарга каршы күрөштө пайдаланып жатат. Кытай Шинжаңдагы мусулмандарды кыргын кылууда “терроризм”ди шылтоо катары колдонууда. Орусия дагы Орто Азиядагы таасирин сактап калуу үчүн өз өлкөсүндө теракттарды уюштуруп, мигранттарды бутага алууда. Ал эми Кыргызстанга окшогон 3-дүйнө бийликтери каапыр кожоюндарына кызмат кылуу жолунда терроризм-экстремизм шылтоосу менен калыс мусулмандарды камакка алып, коомдун пикирин булгаганга урунуп келет.
Жыйынтыктап айтканда, “терроризм” термини бир тараптан Исламды идеология катары көтөрүп чыккан мусулмандарга каршы күрөшүү, экинчи тараптан мусулман өлкөлөрүн басып алуу менен байлыктарын ташып кетүү максатында Америка тарабынан ойлоп табылган. Бүгүнкү күндө Американын бул ыплас максаты ойрон болуу алдында турат. Анткени, ал Ооганстандан шерменде абалда жеңилүү менен чыгып кетүү астында. Ирак кумунда да болуп көрбөгөндөй жоготууларга учурады. Бул аймактардагы байлыктарды албетте мусулман акимдеринин саткындыгы болбогондо ташып да кете албайт эле. Ал эми мабдаий Исламга карата кылган чабуулу өзүнүн т.а капитализмдин гана ажалын жакындатууда.
Аллах Таала айтат: “Билип койгула, албетте Алланын жардамы жакын”. (2/214)
Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here